Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

"Өзбек форуму": Психиатриялык ооруканада жаткан активисттер бар


Германияда жашаган айрым өзбекстандык укук коргоочулар өлкөдө кысымга кабылып, диспансерге мажбурлап жаткырылган жарандар тууралуу баяндама чыгарышты.
Германияда жашаган айрым өзбекстандык укук коргоочулар өлкөдө кысымга кабылып, диспансерге мажбурлап жаткырылган жарандар тууралуу баяндама чыгарышты.

Өзбекстанда жарандык активисттердин оозун басуу үчүн аларды психиатриялык ооруканага жаап салуу президент Шавкат Мирзиёев бийлигинде да уланып жатканы байкалууда.

"Өзбек форуму" деп аталган укук коргоо уюму 21-сентябрда Германияда жарыялаган баяндамасында, бийликти сындап жүргөн активисттердин арасында бери дегенде эле жети киши психиатриялык ооруканага жаткырылганын белгилейт.

Баяндаманын авторлорунун бири “Өзбек-немис форуму” деп аталган адам укуктарын коргогон уюмдун жетекчиси Умида Ниязова мындай окуялар чындыгында эселеп көп экенин айтат.

"Биз өтө көп учурларды иликтедик. Алардын эң акыркысы ишкер Давид Багманянга тиешелүү. 2019-жылы анын үй-бүлөсүнө караштуу эки имарат жана дүкөн түрттүрүлгөндөн кийин ал президенттин Элдик кабылдамасына арызданган. Мындан соң ишкерди догдур эмес, акимдин сунушу менен психиатриялык ооруканага жаткырышкан. Сот Багмаяндын акыл-эси ордунда эмес экени жөнүндө чечим чыгарган, мындай жол менен алар анын оозун басууга аракет жасашкан. Чынында, мындай окуялар көп. Бирок ага кабылгандар атын ачык атагылары келбейт. Андыктан биз отчетко жети гана ишти киргиздик", – деди Ниязова.

Өз кезегинде ишкер Дэвид Багманян соттун анын психологиялык саламаттыгы тууралуу чечимин жокко чыгаруу талабы менен бир нече жолу жогорку инстанцияларга кайрылган.

Бирок быйыл августта Жогорку сот анын арызын четке кагып, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырганын айтты.

"Менин бир гана күнөөм - президенттин кабылдамасына арыз жазганым. Аткаминерлер кылмышын жашыруу үчүн мени психиатриялык ооруканага камап коюшту. Мен мурда эч качан психикалык жактан жабыркаган эмесмин, бирок экспертиза шизофрения менен ооруган деген тыянак чыгарды. Эми мен президенттин аппаратына кат жазсам да, нааразычылык акциясына чыксам дагы, мени эч ким укпайт, анткени мени "психикалык жактан жабыркаган адам" деп жазып коюшту. Бирок менин ден соолугум чың", - деди Багманян "Озодлик" радиосуна берген маегинде.

Дэвид Багманян.
Дэвид Багманян.

"Өзбек форумунун" отчетунда баяндалган дагы бир окуя хорезмдик блогер Нафосат Оллашукурованын окуясы. Ал эки жыл мурун хорезмдик акын жана журналист Махмуд Ражабдын Ташкенттеги жөө жүрүшүн чагылдарган эле. Бирок анда Ражаб менен Оллашукурова кармалып, он күнгө камалган.

Административдик камакка алуу мөөнөтү аяктагандан кийин сот Оллашукурованы Хорезм облустук психоневрологиялык диспансерге жөнөткөн. Ал "Озодлик" радиосуна берген маегинде учурда чет өлкөдө качкын макамында жашап жатканын, психиатриялык ооруканага мажбурлап жаткырылышы анын ден соолугуна терс таасирин тийгизгенин айткан.

"Ал жерде кыйноо колдонулганын далилдөө мүмкүн эмес. Бирок, чындыгында, психиатриялык ооруканада кыйноо оор болушу мүмкүн. Кээде ийне сайышат. Кээде болсо ал жердеги бейтаптарды сизге каршы чыгарышат. Ооруканада мени бейтаптар сабашты, балким алар атайын жалданган аялдар болчу деп ойлойм. Уйку безиме зыян келтиришти, дагы деле ушул оорудан жапа чегип келем", - деди Нафосат Оллашукурова.

Нафосат Оллашукурова.
Нафосат Оллашукурова.

Ал Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин психиатриялык клиникага мажбурлап жаткырылган биринчи активист жана блогер.

Ага чейин белгилүү укук коргоочу Елена Урлаева менен эркин журналист Жамшид Каримов Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун тушунда психиатриялык клиникага бир нече жолу күч менен жаткырылган болчу.

"Активисттерди психиатриялык клиникага мажбурлап жаткырууга байланышкан айрым иштер Каримовдун учурунда болгон. Мисалы Елена Урлаеваны 18 жолу диспансерге жаткырып тим болбой, 2006-жылы соттун чечими менен ал ишке жөндөмсүз деп табылган. Бул соттун чечими ушул күнгө чейин күчүндө. Каримовдун жээни Жамшид Каримов 2006-жылдан бери күч менен психиатриялык ооруканада жашыруун кармалып турат. Ал 2017-жылы таякеси каза болгондон кийин бошотулган эле. Бирок, бүгүнкү күндө мындай мыйзамсыз иштер жасалбай жатат деп айтууга болбойт. Жергиликтүү жана башка аткаминерлер каалаган убакта каалаган адамды психиатриялык ооруканага жөнөтө алышат”, - деди укук коргоочу Умида Ниязова.

Ташкенттеги "Эзгулик" укук коргоо коомунун башчысы Абдурахман Ташанов жазалоочу психиатрия тажрыйбасы бардык диктатордук коомдордо кездешет деп эсептейт.

Ташанов анын уюму акыркы эки жылда Өзбекстанда мындай фактыларды учуратпаганын айтат.

"Акыркы иш Оллашукурова менен байланыштуу болгон. Мен анын ишине жеке өзүм карагам. Бирок андай учурлар Өзбекстанда акыркы эки жылдан бери байкала элек”, - деди Ташанов.

Ал эми "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын Германияда жайгашкан "Өзбек форумунун" отчетунда айтылгандар тууралуу өзбек бийлигинен комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

2019-жылы БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин төрагасынын орун басары Фелис Гаер өзбек делегациясынын өкүлдөрүнөн өлкөнүн бийлиги жазалоочу психиатрия сыяктуу жазанын түрүн кайра карап чыгууну пландап жаткандыгы тууралуу суроосун узаткан. Бирок Ташкент ага кандай жооп кайтарганы белгисиз.

Белгилүү болгондой, СССРде саясий диссиденттерге каршы жазалоочу психиатрия кеңири колдонулган. Анда бийликке сын-пикир айткандардын далайына "депрессиялык психоз" же "шизофрения" деген оор диагноздор коюлуп, жабык диспансерге дарылоого жиберилчү.

XS
SM
MD
LG