2-августта “Элдик парламент” деп аталган оппозициялык кыймылдын активисттерине Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өкүм угузулду. "Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген айып менен камакка алынган Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга соттолду. Ал эми Александр Гусев менен Тойгонбек Калматовго 2 жыл шарттуу түрдө жаза мөөнөтү чегерилди.
Ушундай эле кине менен буга чейин оппозициялык кыймылдын төрт мүчөсү соттолгон. 17-апрелде Биринчи май райондук соту Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан, Дастан Сарыгуловго төрт жылга шарттуу кесим чегерилген.
Өткөн жылы 12-майда "Элдик парламент" мүчөлөрү форум өткөрүп, анда президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Эгер мамлекет башчы кетпесе, 17-майда масштабдуу митинг өтөөрүн, аларды Орусиядан айрым адамдар колдой турганын айтышкан. Ошол эле күнү интернетте кыймылдын лидерлери Колубаев, Талгарбеков жана Султановдуку делген телефон сүйлөшүүнүн аудиотасмасы интернетте тараган. Тасмада “мен аларды атам, машинасын өрттөйм, башка вариант жок, өлтүрөм. Орусиядан келе тургандар келди. Баары жайында. Президент 17синде отставкага кетет. Биздин киши премьер-министр болот” деген сөздөр айтылган. Колубаев, Талгарбеков жана Султановду Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кармап, камакка алган. Аларга мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууга аракет кылган, коомдук кырдаалды дестабилдештирүүнү көздөгөн деген айып тагылган.
Тергөө маалында булар менен чогуу "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген айып менен Тойгонбек Калматов жана Александр Гусев камалышкан. Кармалгандардын бардыгы тең былтыртан бери УКМКнын тергөө абагында отурушат. Өткөн жылы август айында башталган сот процесси жабык өтүп, дээрлик бир жылга созулду.
Айыпталуучулар жана айрым жарандык активисттер алар саясий негизде камакка алынганын, далили жок соттолгонун белгилеп келишет.
Бишкектеги “Саясий туткундарды коргоо» комитети камактагы активисттерди бошотуу талабы менен эл аралык коомчулукка кайрылган. Комитеттин төрагасы Сапар Аргымбаев бир жарым жылдан берки сотто «жөн эле күчкө салмай болуп жатканын" айтып, анын максаты "элди алаксытуу жана көз карашы башкача кишилерди тазалоо болуп жатат" деген пикирде.
Оппозициялык “Элдик парламент” кыймылы Алмазбек Атамбаевден отчет алуу жана мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү, Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков жана Тургунбек Кулмурзаев өңдүү президенттин санаалаштарын жоопко тартуу боюнча элдик комиссия түзүү, июнь коогасына күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин эл аралык сотто кароо деген үч талап менен чыккан. Улуттук илимдер академиясынын ошол кездеги президенти Абдыганы Эркебаев менен Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев өңдүү кыймылдын таасирлүү мүчөлөрү мындай талапты колдобой турганын айтып анын катарынан чыккан.
Садыр Жапаровдун соту
2-августта Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 11 жыл 6 ай эркинен ажыратты. Ишти караган сот Эмилбек Кайыпов айыпталуучуну Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча далил жок деген негизде актады. Аны менен катар эле сот экс-депутатты 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Төрт айдан бери камакта жаткан Жапаров "сот бийликтин буйругун аткарып ушундай чечим чыгарды» деди өкүм угузулгандан кийин.
Соттун алдында саясатчынын ондогон жакындары жана тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүштү. Алардын бири, оппозициялык саясатчынын аялы Айгүл Жапарова "күйөөмө чоң мөөнөттү эмне кылганы үчүн берди?" деп ыйламсырап, "мен эч нерседен коркпойм. Мен калдым, мени камагыла. Түрмөдө менин балам да отурат" - деди демин баса албай.
Сотто жабырлануучу катары көрсөтмө берген Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев 2013-жылдын 7-октябрындагы Караколдогу окуя кайрадан тергелиши керек деп, аны барымтага алганга Жапаровдун тиешеси бардыгы далилденбей калганын сотко келип айткан.
КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков “губернаторду барымтага алып, машинеге салып өрттөйбүз дегендин өзү чоң кылмыш. Анан ошол машине Жапаровдун туугандарына таандык болуп жатпайбы. Бул факт да» деп айыпталуучунун сот ишин «саясий куугунтук” деп айтканын туура көрбөйт.
Жазага тартылган саясатчылардын адвокаттары соттун чечимин жогорку инстанцияга арызданарын билдиришти.
49 жаштагы оппозициялык саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровго жана дагы 12 кишиге 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу чыккан башаламандыкка күнөөлүү деген айып тагылган. Прокурорлор 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. Ал 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга арыз жазган, анын кыргыз тил боюнча сынакка катышар-катышпасы белгисиз.
Бабанов шайлоого барат, Турсунбеков ордунда калат
31-июлда парламенттеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынын куруп, президенттикке талапкер болуу чечиминен баш тартпай турганын айтты.
Ага чейин айрым маалымат каражаттары “Бабанов бийлик талапкери менен тандем түзүп, премьер-министрлик кызмат үчүн шайлоодон баш тартышы мүмкүн” деп жазып чыгышкан.
"Мен буга ачык-айкын, так жооп бергим келет. Президенттик шайлоодо аягына чейин барам. Кудай буюрса, бул шайлоодо элдин колдоосуна ээ болуп, өлкөнүн президенти болом" - деген "Республика" партиясынын лидери ага каршы каралоо, жалган маалымат таратуу токтобосо, сотко кайрылууга аргасыз болорун да эскертти.
Президент Атамбаев көл жээгинде өткөн маалымат жыйынында журналисттерге “эгер КСДПдан талапкер көрсөтүлбөгөндө Бабановду колдомокмун» деп айтканы дагы кызуу талкууга түрткү болгон. 47 жаштагы саясатчы мамлекет башчынын сөзүн «сыймыктануу менен» кабыл алганын билдирди.
Саясий эксперт Медет Төлөгөновдун пикиринде, Бабанов бийликтин талапкери үчүн күчтүү атаандаш. "Анткени Бабановдо акча ресурсунан башка да мүмкүнчүлүктөр кенен. Башка партияларга салыштырмалуу ар бир аймакта өз өкүлчүлүктөрү бар, алар уюшкандыкта иштешет" дейт саясат таануу илимдеринин доктору.
28-июлда Бабанов кыргыз тилинен сынактан өтүп, 93,5 упай топтоду.
Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик жарышка чыгуу ниетинен кайтканын билдирди.
Алдыдагы шайлоодо спикер катары данакерлик милдетти аркалоону эп көргөнүн жарыялады. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып башкаруучу партиянын ичинде интрига бардыгын дагы жашырган жок: "Мен өзүмдүн пикиримди ачык айтып койсом эле "партиянын саясатына жана Атамбаевдин саясатына каршы кетип калды" деген болбойт. Айрым биздин партияга кирип алган депутаттар "Турсунбековду партиядан чыгарып, төрагалыктан алуу керек" деп жүрүшүптүр.
Кыргыз парламентинин төрагасы бул сөзүн непадам “куугунтук болуп, кодулап, партиядан чыгарып коюшса, кийинкисин да көрөбүз” деп жыйынтыктады.
Турсунбеков 31-июлда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында президенттик жарышка аттанууну чечкенин билдирген. Социал-демократтардын курултайы талапкерликке бир добуштан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду көрсөткөн. Андан көп узабай Атамбаев партиянын ичинде өткөн праймаризде премьер-министр жеңгенин айткан.
Узап бараткан жума ичинде президенттикке талапкер болууга арыз бергендердин жыйырмасы “Кыргызтест” системасы аркылуу тилден сынак тапшырып, бирөөнөн башкасы ийгиликтүү өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясына 30 миң кол топтоп тапшырып, мамлекеттик тил сынагынан өтүп, 1 миллион сом күрөө койгондор расмий талапкер болуп катталат. Азырынча талапкерликке арыз бергендердин арасынан “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев гана катталды.
АКШ-Орусия: санкция согушу кайра жанданды
2-августта АКШнын президенти Дональд Трамп санкциялар топтомуна кол койду. Орусияга, Түндүк Кореяга жана Иранга санкция киргизе турган бул мыйзам долбоору Конгресстин жапырт колдоосуна ээ болгон. Демилгечилер мындай чарага Орусиянын АКШдагы былтыркы шайлоого тийгизген таасири, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтиришкен.
Жаңы мыйзам америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары боюнча иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Вашингтондун жаңы санкцияларын кескин айыптап, Москвага “соода согушу” жарыяланганын айтты.
Премьер Медведев Ак үй аткаруу бийлигиндеги ыйгарым укуктарын Конгресске берди деп сындап, “алардын акыркы максаты - аны бийликтен четтетүү" деп жазды Фейсбуктагы баракчасына. Орус өкмөт башчы санциялар ата мекендик өндүрүштү «тескерисинче күчтөндүрөт» деп ишендирет.
Вашингтондогу Жон Хопкинс университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору Хал Брандс санкция маселесинде Конгресс Ак үйдү жарга такаганын айтат. "Эгер президент мыйзамга вето койсо, шектенүү күчөмөк жана анын саясий зыяны чоң болмок" дейт профессор. "Конгресс бул мыйзамды ветону ашып өтүүгө жете турган добуш менен кабыл алганын" баса белгилеп, президент ага вето койгон күндө деле "мыйзам күчүнө кирмек" деп кошумчалады Хал Брандс.
Трамп кол койгондон кийинки билдирүүдө «мыйзам ийине жетпегени» белгиленет. Ошондой эле жаңы мыйзам АКШнын кызыкчылыгына төп келген келишимдерди түзүүдө аткаруу бийлигинин ийкемдүү аракеттерин чектөө менен Кытай, Орусия жана Түндүк Кореянын жакындашуусуна түрткү болушу мүмкүн деген кооптонуу айтылат.
Бээжин бир тараптуу кандай гана санкциялар болбосун, анын ичинде Москва, Пхеньян жана Тегеранбы - ага каршы экени Кытайдын тышкы иштер министрлиги 4-августта тараткан билдирүүдө айтылат. “Ар кайсы өлкөлөр ортосунда чыккан пикир келишпестиктер өз ара сыйлашуу жана тең укуктуу диалог аркылуу чечилиши керек” деп белгиленет Бээжиндин билдирүүсүндө.
Ирандын тышкы иштер министрлиги болсо Тегеран америкалык санкцияларга “пропорционалдуу” жооп берерин билдирди.