Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Жадитчилер 1911–13-жылдары “Казакстан” аттуу гезит чыгарышкан


“Казакстан” гезитинин 1912-жылдын 6-мартында чыккан №8 саны.
“Казакстан” гезитинин 1912-жылдын 6-мартында чыккан №8 саны.

XX кылымдын башында айрым жадитчи казак айдыңдары мамлекеттик эгемендик жана маданий өз алдынчалык идеяларын көтөрүү менен катар эле “Казакстан” деп аталган гезит чыгарышкан. Тарыхчынын блогу.

Сөз башы

Орусиядагы падышалык режим кулатылган соң бир катар түрк элдеринин алдыңкы айдыңдары автономия маселесин көтөрө башташкан. Автономия – алгачкы кадам, андан ары – толук эгемендик үчүн күрөш жүрөт эмеспи.

Казакстанда жана ага чектеш аймактарда оболу “Алаш Ордо” өкмөтү куралгандыгы, бул автономиялык түзүлүш 1920-жылы болшевиктер тарабынан биротоло жоюлгандыгы жамы журтка маалым.

Казакстандагы советтик алгачкы автономия 1920-жылы “Кыргыз АССРи” деп аталып, 1925-жылы гана ал совет орус расмий кагаздарында “Казакстан” деп расмий атала баштаган.

Казактар өздөрүн “казак” деп аташканына карабастан, падышалык жана алгачкы советтик орус адабиятында (1925-жылга чейин) аларды “киргиз”, “киргиз-кайсак” деп атап келишкендиги тарыхнаамада таасын чагылдырылган.

Казак айдыңдары жана “Казакстан” саясий термини

Ал эми падышалык Орусиянын ар кыл чөлкөмдөрүндө байырлаган казак тектүү айдыңдар өз улуту жөнүндө жазганда ар дайым “казак” деген этнонимди колдонушкан.

Кийинчерээк Казакстан аймагына бардык эле казак журттары киргизилген эмес. Демек, “казактардын жалпы журту” түшүнүгү азыркы Казакстандын расмий аймагынын алкагынан алда канча кеңири болгон.

Ошондуктан “Омбу казагы”, “Орунбор казагы”, “Кулжа (Иле) казагы” деген сыяктуу түшүнүктөр да болгон.

1984-жылы жарык көргөн “Беш кылым ырдайт” (“Бес ғасыр жырлайды”) деген үч томдуктун жазуучу Муктар Магауиндин редактордугу астында даярдалган алгачкы тому XV кылымдан – XIX кылымдын башына чейинки казак адабиятынын өкүлдөрү болгон акындарга арналган. Алардын чыгармаларында өз улуту “казак” деп гана жазылат.

“Усул-и жадид” (“Жаңы ыкма”) агартуу мектебинин өкүлдөрү (“жадитчилер”) болгон казак мусулман айдыңдары да өз улутун “казак” деп гана аташып, “Ойгон, казак!” деп ураан чакырып, өз элинин калың катмарын билим алууга, өз тарыхын терең үйрөнүүгө чакырышкан.

Шаакерим Кудайберди уулу (Шәкәрім Құдайбердіұлы).
Шаакерим Кудайберди уулу (Шәкәрім Құдайбердіұлы).

Айтылуу казак санжырачысы жана тарыхчысы Шаакерим Қудайберди уулу (казакча - Шәкәрім Құдайбердіұлы; 1858-жылы падышалык Орусияга караштуу Семей үйөзүндө Чыңгыз-Тоо жергесинде туулган – 02.10.1931, Казак АССРинде сталинчи болшевиктер тарабынан өлтүрүлгөн) да “казак” этнонимин өз улутунун аталышын билдирүү үчүн ырааттуу колдонгон.

“Казактар да кыргыздардан таркаган” деген жоромолду колдогон бул санжырачы 1911-ж. Оренбург шаарында “Түрк, кыргыз, казак жана хандардын санжырасы” деген аталыштагы тарыхый-санжыралык эмгегин жарыялаган.

1911 -- 1913-жылдары казак тилинде арап алфавитинде жарык көрүп турган “Казакстан” гезитинин 1912-жылдын 6-мартында чыккан №8 санынын башкы бети.
1911 -- 1913-жылдары казак тилинде арап алфавитинде жарык көрүп турган “Казакстан” гезитинин 1912-жылдын 6-мартында чыккан №8 санынын башкы бети.

“Казакстан” гезити. 1911–1913.

Падышалык доордо казак айдыңдарынын саясий мүдөөсүнүн бир чагылдырылышы 1911-жылдан 1913-жылга чейин жарык көрүп турган мезгилдүү басылманын аталышынан дагы айгинеленет.

Ал гезиттин аталышы – “Казакстан” эле. 1911-жылы “Казакстан” аталышы гезитке берилген чакта бул аталыш болочокку советтик автономиялык жумурияттын расмий аталышы болуп калган учурга чейин дагы 14 жыл бар эле.

“Казакстан” гезити казак айдыңдары тарабынан оболу Астрахан шаарында, андан кийин Орол (Урал) шаарында жарыкка чыгып турган.

Гезиттин алгачкы сандарын чыгарууга каражат табылбай жатканда, анын редактору Элөсиз Буйрин (Елеусіз Бұйрин: 1874–1933) менен жазуучу, акын Гумар Караш (Ғұмар Қараш: 1875–1921) Бакы шаарына барышкан.

Зейналабдин Тагы уулу Тагиев (1821 же 1838 – 1924) даңазалуу азербайжан ишкери, агартуучусу жана демөөрчүсү болгон.
Зейналабдин Тагы уулу Тагиев (1821 же 1838 – 1924) даңазалуу азербайжан ишкери, агартуучусу жана демөөрчүсү болгон.

Мында алар ажы Зейналабдин Тагы уулу Тагиев (1821 же 1838 –1924) аттуу даңазалуу азербайжан ишкери жана демөөрчүсү менен жолугушкан.

Генерал да болгон ажы Зейналабдин Тагы уулу буга чейин эле мусулман түрк калктарынын арасында агартууну каржылык колдоого алган ишмер катары атыгып келген. Ал “Сабат жана билим жаатындагы басма” ("Nəşri-savad və maarif") аттуу кайрымдуулук корун уюштурган жана каржылап турган.

Кийинчерээк Гумар Караш өзүнүн Э.Буйрин менен чогуу 1911-жылы Азербайжанга жасаган байсалдуу сапарын эскерип, ошондо болочокку “Казакстан” гезити үчүн Зейналабдин Тагы уулу берешендик менен 1000 рубль (сом) акча каржылык көмөк көрсөткөндүгү тууралуу мындайча эскерип жазат:

“...Эми кош айтышып, ажырашаар кезеңде ал: “Казактарга менден салам айткыла; дөөлөт – меники эмес, улуттуку” («Қазақ баласына менен сәлем – дәулет менікі емес, милләттікі») деген сөзүн айтып, көзүнө жаш алды”.

Зейналабдин Тагы уулу Тагиевдин айкели. Азербайжан. 2019-ж.
Зейналабдин Тагы уулу Тагиевдин айкели. Азербайжан. 2019-ж.

Ал эми Гумар Карашка өз учурунда насыятын айтып жүргөн дагы бир ак сөөк казак айдыңы, айтылуу Жангир хандын небереси Шаңгерей Сейиткерей уулу Бөкөев (Шәңгерей Сейіткерейұлы Бөкеев; (1847–1920) мырза -- “Казакстан” гезитин негиздөөгө мүмкүндүк жараткан экинчи ири демөрчү болгон.

Ал жаңы гезитти чыгаруу үчүн 500 рубль (сом) акча берген.

Шаңгерей Сейиткерей уулу өтө урматтаган киши – америкалык ойлоп табуучу, илимпоз Томас Алва Эдисон (Thomas Alva Edison; 1847–1931) болгону тууралуу казак илимпоздорунун маалыматын маашырлана окудум.

Анткени кыргыз тарыхчысы, жадитчи Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков да ага мезгилдеш жашап, Эдисонду өзгөчө барктаган.

Демек, казак жана кыргыз жадитчилер азыркы кээ бир түркөйлөрдөй “Батыш” деп иши кылып дүңүнөн жаманатты кыла бербестен, илим менен технологияны Батыштан да үйрөнүүгө орток чакырык ташташкан экен.

XX кылымдын башында Эдисондун ысымы азыркы Стив Жобс, Билл Гейтс, Марк Цукерберг, Илон Масктын ысымдарын чогуу алгандан да кубаттуу чыккан болсо керек.

Түрк жадитчилеринин өз ара ынтымагы

Демек, Орусиянын оторчулугу доорунда түрк элдеринин жадитчи айдыңдары бири-бирин азыр биз элестеткенден да кубаттуу колдоого алышкан экен, деп тыянак кыла алабыз.

Молдо Кылычтын, Эшенаалы Арабай уулунун жана Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун чыгармаларынын кыргыз тилинде (арап арибинде) жарыкка чыгышына татар, башкыр жана казак айдыңдары кандайча колдоо көрсөтүшсө, казак айдыңдарына да татар, башкыр, азербайжан ж.б. түрк калктарынын өкүлдөрү ошондой эле моралдык колдоо көрсөтүшкөн жана каржылык демөөрчүлүк да кылышкан.

Совет доорунда ачык айтылбай келген бул сыяктуу өрнөктөр түрк элдеринин орток маданий жана тарыхый карым-катнашын таасын айгинелеп турат.

"Алаш Ордо" тууралуу илимий макалалар топтому. 2012-жыл.
"Алаш Ордо" тууралуу илимий макалалар топтому. 2012-жыл.

Бул айдыңдык жана маданий ынтымак кийинчерээк Алаш Ордо жана Түркстан автономиясы сыяктуу мамлекеттик түзүлүштөр үчүн биргелешип күрөшүүгө руханий пайдубал жарата берген.

Ал эми жадитчилердин “Казакстан” гезитинин аталышы Казакстандагы болочокку эгемен мамлекеттин расмий аталышына карай нур чачкан багытты чагылдырып калды десек жаңылышпаспыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG