Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Путин: Асадга башпаанек берилиши мүмкүн


Владимир Путин менен Башар Асад. 21-октябрь, 2015-жыл
Владимир Путин менен Башар Асад. 21-октябрь, 2015-жыл

Орусия керек болгон учурда Сириянын президенти Башар Асадга башпаанек бериши мүмкүн, - деп кыйытты орус мамлекет башчысы Владимир Путин германиялык “Билд” гезитине берген интервьюда. Жыл башында өткөрүлгөн маектин экинчи бөлүгү 12-январда жарык көрдү.

Сириядагы кырдаал боюнча суроолорго жооп берип жатып, Путин Башар Асад шайлоодон утулуп, өз өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болсо, Орусия ага баш паанек бериши ыктымал деген ишара жасады.

“Менимче, бул маселени талкуулоо азыр эртелик кылат. Биз Сноуден мырзага баш калка бергенбиз, Асадга берүү анчалык кыйын болбосо керек,” – деди президент.

АКШнын чалгындоо мекемесинин мурдагы кызматкери, мекенинде купуя документтерди жарыялап жибергендиги үчүн айыпталып жаткан Эдвард Сноуден 2013-жылы Орусиядан башпаанек алган.

Путин Асад бир топ каталарды кетиргенин моюнга алып, аны менен бирге “сырттан акча-каражат, курал-жарак, согушкерлер жөнөтүлбөсө, жаңжал мынчалык масштабдуу болбойт эле. Андай учурларда, тилекке каршы, тынч жашаган эл жабыркайт”, - деп айтты.

“Асад болсо өз элин кырууну көздөгөн жок, болгону өлкөсүнө куралчан келгендерге каршы күрөшүп жатат”, - деп улантты Путин.

Батыш жана сириялык укук коргоочулар орус согуш учактары “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун турумдарына караганда Асад режими менен тирешкен козголоңчу топторду көбүрөөк бутага алып жатканын, соккулардан карапайым эл жапа чеккенин ырасташууда.

Путин орус аскердик авиациясы жарандык объектилерге тийбегенин, соккулар радикалдардын турумдарына таамай урулуп жатканын белгиледи.

Ал тапта Сириядагы Адам укуктарына байкоо салган уюм дүйшөмбүдө орусиялык учактардын чабуулдарынан жай тургундар набыт болгону тууралуу дагы бир нече кабар таратты.

Өлкө түндүгүндө болжол менен орусиялык согуш учактары урган соккудан 12 мектеп окуучусу, 3 мугалим набыт кеткени, 20дан көп киши жарадар болгону маалымдалган. Окуя 11-январда козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Алеппо чөлкөмүнүн Аин Жара деген шаарында болгон. Укук коргоочулар Алепподо жекшембиден бери Башар Асадга баш ийген күчтөр менен козголоңчулардын айыгышкан салгылашуулары жүрүп жатканын билдиришти.

Анын алдында орус учактары таштаган бомба Идлибдеги базардын жанындагы комплекске тийгени, 80ден ашуун киши каза тапканы, алардын жарымынан көбү карапайым жашоочулар экени маалымдалган.

Уюмдун декабрда тараткан маалыматына караганда, Орусия Сириядагы операциясын баштаган 30-сентябрдан бери 2300дөн ашык киши каза тапты, алардын 800гө чукулу катардагы сириялыктар.

Кремл учактар Москванын көп жылдардан берки өнөктөшү президент Асадды колдоо иретинде жөнөтүлгөнүн билдирип келет.

Дүйшөмбү күнү Франциянын тышкы иштер министри Сирия өкмөтүн жана өнөктөшү Москваны тынч жарандарга каршы аскердик операцияны токтотууга үндөдү.

Путин интервьюсунда “Сириянын Ливия же Ирактын кейпин кийип калышын каалабайбыз” деп, Египет президенти Ал-Сисинин өз өлкөсүндө стабилдүүлүк орнотуу аракеттерин кубаттады.

Алдынкы күнү, 11-январда жарык көргөн маектин биринчи бөлүгүндө орус мамлекет башчысы Крым, Евробиримдиктин санкциялары, НАТОнун кеңейиши, Түркия менен мамилелер, качкындар кризиси өңдүү маселелерге токтолгон.

Москва Крымда эл аралык мыйзамдарды бузган эмес, Улуттар уюмунун уставына ылайык, ар бир эл өз тагдырын өзү аныктоого укуктуу, ал эми орусиялык аскерлер жарым аралга референдумга кимдир бирөөлөрдүн аралашуусун алдын алуу үчүн жөнөтүлгөн деген Путин аннексиядан көп узабай Европа биримдиги кабыл алган сакнцияларды “абсурд театры” деп атады. Ал санкциялардан Батыш өлкөлөрү өздөрү да жапа чегүүдө, - деген орус президенти:

- Бардыгы Минск келишимдерин актаруу керектигин, ошондо санкциялар маселесин кайра караса болорун айтып келатышат. Бул абсурд театрына айланып баратат. Себеби ал келишимдерди аткаруу биринчи кезекте Киев бийлигине жүктөлгөн.

Ал эми эл аралык мыйзамдар боюнча Орусия 2014-жылдын мартында Крымды аннексиялагандан кийин Украинанын жарым аралы “оккупацияланган аймак” деп каралууда.

Мамлекет башчы экономикага мунай менен газ бааларынын төмөндөшү терс таасир тийгизип жатканын, ошол эле маалда бул жагдай экономиканын “чыйралышына” салым кошоорун белгиледи.

Ал ортодо орус улуттук акчасынын куну качууда. Шейшембиде АКШнын 1 доллары 75,95 рублга, евро болсо 82,81 рублга барабар болду.

Орус валютасынын нарксызданышына биринчи кезекте негизги экпорттук товар - кара майдын арзандашы алып келди. Мунайдын бир нече маркасынын бир баррели 31 долларга чейин төмөндөп кетти. Өткөн жумада мунайдын баасы 10 процентке түшүп, 12 жылдан берки минимумга жакындады. Орусиянын бюджети болсо бир баррель 50 доллар болот деген прогнозго таянып бычылган.

XS
SM
MD
LG