Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 08:07

«24 саат бою атайын аппарат менен жүрөм»


Бегимай Сатаева.

Бегимай Сатаева Нидерланддарда жашайт. «Азаттык» менен болгон маегинде ал өзүнүн оорусу - өпкө гипертензиясы тууралуу айтып берди. Бегимай ошондой эле бул оору менен Кыргызстанда жабыркагандарга жардам берүүнү көздөйт.

«Ооруга кабылганымды Нидерланддардан билдим»

2014-2015-жылдары эмнегедир дем кыстыгып, эстен танып кулап калчу болдум. Үй оокаттарын жасоо, тепкич менен өйдө көтөрүлүү да кыйын болуп калды. Ушундан улам Бишкектен ооруканага кайрылдым. Ал жактан так диагноз коё алышкан жок. Жүрөктүн дарыларын жазып, үйгө жөнөтүштү. Ошону менен болду. Мен өз иштерим, окуум менен алек болуп жүрө бердим. Көп өтпөй атайын программанын алкагында Польшада жана Нидерланддарда окууга жолдомо алдым. Польшада бир жыл окудум. Ал жакта деле кыйналып жүрдүм. 2016-жылы Голландияга келдим. Бир күнү велосипед минейин деп атып эле эстен танып кулап түштүм. Мени «Тез жардам» менен дароо ооруканага жеткиришти. Бир сыйра текшерүүдөн өткөн соң дарыгерлер сейрек кездешчү өпкө илдети менен жабыркай турганымды, шашылыш дарылоо зарыл экенин айтышты. Анткени соңку 3-4 жылдан бери ал оору өтүшүп кетип, дээрлик акыркы стадиясына жетип калыптыр.

Өпкө гипертензиясы - бул негизи сейрек кездешчү оору. Анда негизинен өпкөнүн артериялары жабыркайт, тактап айтканда басым көтөрүлүп кан тамырлар ичкерип кетет экен. Ушундан улам жүрөккө да күч келет. Кан тамырлар такыр ичкерип кетсе, кан өтпөй адам өлүп калышы да мүмкүн. Бул илдет менен негизинен тоолу аймактарда жашагандар жабыркай турганын билдим. Көбүнчө Швейцария, Норвегия сыяктуу мамлекеттерде жана албетте, биздин өлкөбүздөй болгон тоолуу аймактарда оорушат экен.

«Ооруну кабыл алгым келген жок»

Оору тууралуу укканда башында нес болуп, түшүнгөн да, ишенген да жокмун. Мен дарыгерлердин сөздөрүн уккум келбей, тескерисинче аларды саламаттыгым жакшы экенине ишендирүүгө аракет кылып жаттым. Ал түгүл алардын «дарылайбыз» деген сунуштарынан адегенде баш тарттым. Анткени менин алдыга койгон толтура пландарым бар болчу. Айла жок дарыланууга макул болдум. Кийин бул илдет тууралуу Интернеттеги ар кандай сайттардан, форумдардан окуп, көбүрөөк маалымат алдым. Ал жактан Батыш мамлекеттеринде бул оору менен жабыркагандар кандай дарыланарын билдим. Андан кийин орус тилинде маалымат издедим. Ошондо тапкан маалыматтарым мени айран-таң калтырды. Анткени Орусияда, Казакстанда, Кыргызстанда тийиштүү дары-дармектин, препараттардын жоктугунан өпкө гипертензиясына кабылгандардын көбү жөн гана жашоо менен кош айтышып кете беришет экен.

«24 саат бою атайын аппарат менен жүрөм»

Өпкө гипертензиясын дарылоо бир аз башкача жүрөт. Маселен, 24 саат бою менин организмиме дары куюлуп турушу керек. Ал үчүн көкүрөгүмө ийне же катетер тагылган, ал аркылуу дары куюп туруучу аппаратты такай өзүмдүн жанымда алып жүрөм. Ал ар дайым мени менен. Уктаганда да, ишке барганда да, керек болсо жуунуп, сууга түшкөндө да эч чыкпайт. Ал менин денемдин бир бөлүгү болуп калды десем болот. Аны менен саякаттоону да үйрөндүм. Ошентип дарылоого жылына 100 миң евродой кетет. Менин дарылоомдун көп бөлүгүн бул жактагы камсыздандыруучу компания төлөйт, калганын өз чөнтөгүмдөн кошом. Өпкө гипертензиясынын да ар кандай түрлөрү бар. Кээ бир учурларда операция жасоо же өпкө менен жүрөктү алмаштыруу да зарыл болот экен. Бирок анда деле толук 100% айыгат деген кепилдик берилбесин билдим. Толук айыгып кеткендер тууралуу маалыматым жок экен. Бирок Нидерланддарда бир нече адам органын трансплантациялаганын билем. Алардыкы баары жакшы.

«Аппарат менен жашоого үйрөндүм»

Албетте, бул аппаратты жашыруу мүмкүн эмес, ал ачык эле баарына көрүнүп турат. Башында дос-тааныштарымдан эптеп жашырып жүрдүм. Көнүп кетүү чындыгында оор болду. Элге ачык көрсөтүп, жашырбай жүрүш үчүн мага бир нече жыл зарыл болду окшойт. Анын үстүнө Нидерланддардагы коом да жардам берди десем болот. Анткени бул жерде ар кандай өзгөчөлүктөрү бар адамдар коомго толук аралаша алышат. Көзү азиздер, майыптар көчөдө эч жолтоосуз, ээн-эркин жүрө беришет. Анткени ал үчүн шаарда баардык шарттар каралган. Бул жакта медицина да, инфратүзүм да бирдей өнүккөн. Мындай коомдо эч ким таң калып же сынап карабайт, тескерисинче бейтааныш адамдар да колдошот. Ошентип мен көнгөндөн кийин бул маселени ачык айтып, бул ооруга кабылгандарга жардам берейин деп чечтим. Анткени бул илдет тууралуу көп айтылбагандыктан көп адамдар билишпейт. Бул жакта атайын фармацевтикалык компаниялар мен сыяктуу бейтаптарды ар дайым дары менен камсыз кылып турушат. Кыргызстанга деле бул дарыларды алып барса болот деп ойлойм. Эгерде Саламаттык сактоо министрлиги системасын туура түзүп, дарыгерлер жаңы технологияларды үйрөнүп, аларды алып келүүгө кызыкчылыгы болсо, бул терапияны Кыргызстанга алып келүү оор деле болбосо керек. Эң башкысы - бул ооруну дарылоо жолу бар, ал эч жашыруун эмес.

«Кайрымдуулук менен алектенүүнү чечтим»

Бул оору толук изилденип бүтө элек. Ошондуктан анын пайда болушуна кандай жагдайлар таасир этери да белгисиз. Бирок албетте, жалпы себептер бар - бул экология, тоо басымы жана ар кандай дары-дармектерди чаржайыт колдонуу. Бул жактан ооруканага түшкөндө менден дарыгерлер бир нече ирет «Арыкташ үчүн дары-дармек ичкен жок белең?» деп сурап жатышты. Мен ичкен эмесмин, бирок билишимче, Кыргызстанда андай арыктатуучу дарылар базарларда, дарыканаларда кеңири эле сатылат. Эч кандай көзөмөл жок. Тилекке каршы, алар ден соолукка абдан зыян.

Нидерланддарда бул жагынан баары катуу көзөмөлгө алынган. Кандай гана дары болбосун, рецепт аркылуу гана берилет. Элге бул оору тууралуу көбүрөөк маалымат жеткириш үчүн краундфандинг аркылуу акча чогултуп бул багытта иштейин деп атам. Чет жактардагы дарылоо системасы тууралуу айтып бергим келет. Кайрымдуулук менен алектенейин дегем. Колумдан келишинче муктаж адамдарды эң керектүү деген дары-дармек, кычкылтек толтурулган баллондор менен камсыз кылсам деген оюм бар. Азырынча пландарым ушундай.

«Өзүңөрдү жакшы көргүлө»

Тилекке каршы, менин дарылануум канчага созулары белгисиз. Мен төрт жылдан бери бул аппаратты көтөрүп жүрөм. Балким башка бир жаңы технология пайда болгуча ушул жол менен дарыланууну улантам. Мындай олуттуу оорунун алдын алыш үчүн өлкөбүздө саламаттык сактоо системасынын жакшырышын каалайт элем. Анткени ал оңолмоюн эч кандай жылыш болушу мүмкүн эмес, жашоонун сапаты да өзгөрбөйт. Анан албетте, ар бир адам ден соолугуна кам көрүп, өзүн, денесин жакшы көрүп, «толукмун же арыкмын» дебей кандай болсо ошондой кабыл алып, стереотиптерге баш ийбеш керек. Ошондой эле өз учурунда адистерге кайрылып, тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүп турууга кеңеш берет элем.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG