Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 12:12

Футбол аялдын мээси үчүн кооптуу


Кабык дарактын сөңгөгүнүн тик өсүүсүнө жардамдашат. Быйыл Меркурийге илимий сапар башталат... Космостук станциядагы аяз. Топ сүзүү аялдардын баш мээси үчүн кооптуу.

Космостук станцияда ааламда жок суук “жасалды”

Биринчи жолу Бозе-Эйнштейн конденсаты же газдардын булуту космостук мейкиндикте жана гравитация дээрлик нөлгө барабар шартта түзүлдү.

Мындай жагдайда жогорку муздактагы атомдор абсолюттук тынч абалында болуп, аларга жылуулуктун өзгөрүүсү таасир этпейт жана алар түрдүү кванттык кубулуштарды изилдөө үчүн бир кыйла туруктуу платформаны камсыздап берет.

Катуу муздатылган атомдордон турган газдардын алдагыдай булуту илимде Бозе-Эйнштейн конденсаты деген ат менен белгилүү. Ал конденсат материянын абалынын бешинчи түрү болуп саналат. Материя, ошондой эле, газ, суюктук, катуу бөлүкчөлөр жана плазма түрүндө болот.

Кванттык конденсаттын бөлүкчөлөрү негизги физикалык бөлүкчө сыяктуу эмес, толкун өңдүү кыймылдап турат.

Окумуштуулар береги атомдордун абалын видеокамерадан байкап, маалымат алып турат.

Аалым-астронавттар газдардын булутун Cold Atom Laboratory (CAL) жабдуусунун жардамы менен түзгөн. Бул жабдуу Эл аралык космостук станцияга быйыл 21-майда жеткирилгенин АКШнын космостук агенттиги-НАСА кабарлады.

“Cold Atom лабораториясы адамзат колунан жаралган эң сезгич инструменттердин бири. Биз аны менен Ааламдагы эң муздак жайды түзөбүз”, - деди Cold Atom долбоорунун менеджери Роберт Шотвелл (Robert Shotwell).

Эл аралык станцияда космос мейиндегиден 10 000 эсе суук түзчү Сold Atom лабораториясы.
Эл аралык станцияда космос мейиндегиден 10 000 эсе суук түзчү Сold Atom лабораториясы.

Cold Atom лабораториясында Бозе-Эйнштейн конденсатын түзүү үчүн башка эксперименттердегидей эле рубидийдин атомдору колдонулган. Алдагы атомдор муздатылганда температура 100 нанокельвинге барабар болгон. (Абсолюттук нөл же Келвиндин нөлү минус 273 градус Цельсияга барабар). Бул мейкиндиктеги орточо температурадан минус 270 градус Цельсияга муздак.

Окумуштуулар жакынкы күндөрү атомдун конденсатын дагы катуу муздатмакчы. Андай абалга гравитацияга байланыштуу жерде жетишүү мүмкүн эмес.

Азыр Ааламдагы эң муздак жай - бул Жер планетасынан 5000 жарык жыл алыстагы Бумеранг тумандуулугу. Ал жердеги температура минус 272 градус.

(Булагы: https://www.space.com, https://www.livescience.com, https://phys.org/news)

Дарактын тик өсүүсүнө кабыгы жардамдашат

Франциялык аалымдардын изилдөөсү дарактын кабыгы коргон катары кызмат кылып, аны жерге жантайтпай тик өстүргөнүн көрсөттү. Буга чейин дарактын гравитацияны жеңүүгө көмөктөшчү күчү анын өзөгүндө топтолгон деп эсептелчү.

Франциянын илимий изилдөө боюнча Улуттук борборунун (CNRS/AgroParisTech/Cirad/Inra/Université de Guyane/Université des Antilles & LMGC laboratory (CNRS/Université de Montpellier) ботаниктери илимий эксперимент үчүн тропикалык дарактардын тогуз түрүн тандап алышкан: Cecropia palmata, Laetia procera, Pachira aquatica, Simarouba amara, Virola michelii, Cordia alliodora, Tarrietia utilis, Gossypium hirsutum, Theobroma cacao.

Бул дарактардын ар биринен изилдөө үчүн сегизден он эки түпкө чейин алынган. Алар үч айдан беш айга чейин өскөндөн кийин, береги көчөттөр чопо карапага көчүрүлүп, 45 градуска жантайтып отургузулган. Андан кийин ар дарак жөлөөчкө байлап коюлган жана ушул абалында дагы 90 күн калтырылган. Ошондон соң көчөттөрдүн жөлөөчү алып салынган. Тирегичи жок дарактар акырындап тик абалына келип, Жерге перпендикулярдуу болуп өсө баштаган. Көчөттөрдүн тирөөчкө байланып турган түп жагы жаадай ийри бойдон калган.

Cуу пахира дарагынын көчөтү (лат. Pachira aquatica)
Cуу пахира дарагынын көчөтү (лат. Pachira aquatica)

Ботаниктер дарактардын кабыгын аарчып салганда, тогуз түр дарактын бешөө ийри абалын жоготуп койгон. Мунун себебин билүү үчүн окумуштуулар ар бир дарактын кабыгынын жана шактарынын ички түзүлүшүн изилдеп чыккан.

Изилдөө дарактардын кабыктарынын буласы торго окшош структураны пайда кылганын көрсөткөн. Алар бул изилдөөнүн негизинде эксперимент катары өстүрүлгөн дарактар Ортолук Америка жана Мексика сыяктуу тропикалык өлкөлөрдө өсчү Carica papaya сыяктуу өсөт деп бүтүм жасашкан. Андай болгондо береги дарактарды кыймылга келтирип турган күч-токтобой өсүү өз кезегинде кабыкка күч берип, аны өзү менен кошо алга сүрөйт. Ал эми дарактардын өзөгү бир калыпта өспөгөн учурда кабыктин ичи жана сыртындагы торлору деформация болот. Бул аларды иймейтип, гравитацияны жеңүүсүнө жардамдашат.

(Булагы: https://www.ncbi.nlm.nih.gov, https://naked-science.ru, https://www.sciencedaily.com)

Футбол оюну аялдардын баш мээси үчүн кооптуу

Футбол ойногон аялдарда баш мээсинен травма алуу коркунучу эркек футболисттерге караганда көбүрөөк. Муну Нью-Йорктогу Йешива университетинин (Yeshiva University) окумуштуулары 2013-2016-жылдары жүргүзгөн изилдөөсү көрсөттү.

Бул изилдөөгө профессионалдык эмес футболдук командаларда, анын ичинде университеттердин командаларында ойногон орточо курагы 26 жаштагы 49 эркек жана 49 аял катышкан. Илимпоздор бир жыл ичинде бирдей убакыт арасында башы менен топ сүзгөн аял жана эркектердин баш мээсин магниттик-резонанстык томография усулу менен сканерлеп көрүшкөн. Ошондо аялдар топту бир жылда орточо 469 жолу башы менен сүзгөн, эркектер 487 жолу сүзгөн.

Изилдөө береги футболисттердин баш мээсинин структурасынын уюмдашуусун мүнөздөгөн фракциялык анизотропия нормалдуу деңгээлден ылдый экенин аныктаган. Анын себеби: оюн учурунда футболчулардын башына топ көп жолу күч менен келип тийгенине байланыштуу деп түшүндүрүштү окумуштуулар.

“Топтун тийгени салыштырмалуу окшош болгону менен, аялдарда мээнин микроструктуралык залака алуусу эркектерге салыштырмалуу беш эсе жогору болду”, - дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Майкл Липтон (Michael Lipton of Albert Einstein College of Medicine in Bronx, N.Y.).

Атап айтканда, топ тийгенге байланыштуу эркектерде мээнин үч бөлүгү потенциалдуу зыян тартышы мүмкүн экенин көрсөтсө, аялдарда мээнин сегиз бөлүгү залака тартып калышы ыктымал экенин көрсөткөн. Топтун мээге кайра-кайра катуу күч менен келип тийүүсү эс-тутумдун начарлашына жана энцефалопатиялык травманын хроникалык түрүнүн өрчүшүнө шыкак болот. Бул дарт көбүнесе травманы бат-бат алган профессионал футболисттерде, мушкерлерде, жоокерлерде кездешет.

Илимпоздор аял-футболчулардын баш мээсинин катуу соккуга туруштук бере албаганынын себебин так билишпейт. Бирок, алардын башы жана моюнунун анатомиялык өзгөчөлүгү, ошондой эле генетикалык жана гормоналдык өзгөчөлүгүнө байланыштуу болушу ыктымал деп боолгошот.

Изилдөөлөргө ылайык, спорттун эң коркунучтуу түрү болуп бокс саналат.

(Булагы: https://www.sciencenews.org, https://pubs.rsna.org)

Октябрда Меркурийге илимий сапар башталат...

Европалык-жапониялык миссия Меркурий планетасына 18-19-октябрдын тогошунда учурулат.

Француз Гвианасындагы Куру космодромунан эл аралык BepiColombo миссиясын алыскы сапарга Ariane 5 ракетасы алып барат. Ракетанын бортунда Европа космостук агенттиги менен Жапониянын аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигинин космостук көлүктөрү (Mercury Planetary Orbiter Mercury & Magnetospheric Orbiter) болот.

Кандайдыр бир күтүлбөгөн кырдаал болуп калса, миссия 29-ноябрга чейин кечиктирилиши ыктымал экени да эскертилди.

“Курудан миссияны учуруу боюнча өнөктүк абдан жакшы башталды. Биз азыр 90 күндүн арасында ракетаны учурганга бел байлап турабыз” деп билдирди BepiColombo долбоорунун менеджери Ульрих Ренингхаус (Ulrich Reininghaus).

Меркурий планетасынын биринчи фотосүрөтүю 2012-ж.
Меркурий планетасынын биринчи фотосүрөтүю 2012-ж.

Космостук кеме үч жылдан кийин же 2022-жылы биринчи жолу Меркурийдин үстүнөн учуп өтөт. Европа космостук агенттигинин билдиришинче, космостук кеме 2025-жылы декабрда мерчемделген орбитага жеткен соң Меркурийдин ички түзүлүшүн, анын бетиндеги жагдайды жана Күндүн Меркурийге кандай таасир эткенин изилдейт. Ага чейин 2020-жылдан тартып космостук кеме Жерди, Венераны жана Меркурийди көп жолу айланып учат.

“Планеталар аралык учуулар учурунда кемелердин бортундагы көптөгөн илимий шаймандар иштейт жана модулдун “вебкамерасы” Меркурийдин орбитасындагы башы илимий камера кантип ишке киргенге чейин жөнөкөй сүрөттөрдү алып турууну мүмкүн кылат" деп белгиленет расмий билдирүүдө.

Береги миссия 2027-жылы бүтүүгө тийиш. Бирок расмий маалымдалгандай, болочокто эл аралык миссия дагы бир жылга узартылып калышы ыктымал.

АКШнын космостук агенттиги - НАСА учурган MESSENGER космостук аппараты Меркурийдин орбитасында 2011-2015-жылдары болгон. Ал миссия учурунда Меркурийдин Күн тийбеген жерлеринде кратерлер бар экени аныкталган. Бул кратерлерде муз абалындагы суу болушу ытымал деп жоромолдошот окумуштуулар.

*Меркурий - Күн системасындагы Күнгө эң жакын планета. Меркурий менен Күндүн ортосундагы орточо аралык 58 млн. км (57,91 млн. км). Меркурий Күндү Жердеги эсеп менен алганда 88 күндө бир айланып турат.

(Булагы: https://www.space.com, http://www.spacetechasia.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG