Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Жыдыган чачты кайра өстүрсө болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эрендиктин аз бөлүнүшү тукумсуздукка жол ачат. Апелсиндин ширеси мөмөсүнөн пайдалуу. Жыдыган чачты өстүрүүнүн жаңы ыкмасы. Таза суутекти өндүрүүнүн арзан, жөнөкөй, коопсуз технологиясы.

Апелсинди кандай жеген пайдалуу?

Апелсиндин мөмөсүн жегенден көрө аны сыгып, ширесин ичкен пайдалуу. Күнүнө бир стакан апелсин ширесин ичүү иммунитетти чыңдап, кишиде өсмө, жүрөк-кан тамыр ооруларына бөгөт болот. Мындай ачылышты Германиянын Гогенгейм жана Кристиан Альбрехт атындагы Кил университеттеринин окумуштуулары Рейнхольд Карл менен Аня Боси-Вестфаль (Reinhold Carle, University of Hohenheim & Anja Bosy-Westphal, Christian-Albrechts-University Kiel) жасашты.

Эки диетологдун тапшырмасы боюнча ден соолугу чың 26 жигит эки жума бою өздөрүнүн энергияга болгон күнүмдүк талабын кофеини жок кола суусундугун же апелсиндин ширесин ичип канааттандырышкан.

Профессор, доктор Р. Карлдын айтымында, эксперименттин көпчүлүк катышуучулары күнүнө 1,2 литр апелсин ширесин, 1 литрге жакын кола ичишкен. Алар алгачкы 14 күндөн соң бир жума бою денесин тазалашкан. Анан апелсин ширесин ичкендер кола, ал эми кола ичкендер апелсин ширесин ичкенге өтүшкөн.

Биринчи эксперименттин 12 катышуучусу изилдөө башталганда курамында каротиноиддери бар шпинат, помидор сыяктуу жашылча өсүмдүктөрүн жегенди токтоткон; аларга нанүштөгө апелсиндин ширеси же мөмөсү берилип турган. Соңунда алардын ар биринен сегиз башка үлгүдөгү кан алынып, каротиноиди текшерилгенде апелсиндин өзүн эмес, ширесин ичкендер болжол менен каротиноидди эки эсе көп алганы аныкталган. Мындай гипотеза окумуштуулар арасында мурда эле айтылып жүргөн.

Каротиноиддин апелсиндин ширесинде көп калганы ширени өндүрүү процессине байланыштуу. Ал учурда пектин же целлюлоза сыяктуу булалар ажыратып алынат. Ошондуктан, профессор Карл түшүндүргөндөй, мөмөнүн өзүн жегенде береги заттар каротиноиддерди организмдин ыкчам өздөштүрүп кетишине кайсы бир деңгээлде жол бербейт. Экинчиден апелсинди чайнаганда анын бүртүкчөлөрү калып, тегиз майдаланбагандыктан, антиоксиданттарды жакшы сиңирбейт.

Эксперимент апелсиндин ширесин такай ичкенде заара кислотасынын деңгээлин азайтып, муундун подагра оорусун болтурбай турганын да көрсөттү. Заара кислотасынын деңгээлинин төмөндөшүн диетологдор апелсиндин ширесинде С витамини жана флавоноиддер, айрыкча, гесперидин көп болгону менен түшүндүрүштү. «Эгер заара кислотасынын муундардагы жана ткандардагы кристаллизациясы жай болуп калса, бул подагранын өнүгүшүн токтотушу мүмкүн», - деп тыянак чыгарат профессор Аня Бози-Вестфаль.

Ушундан келип, профессор Рейнхольд Карл нанүштөгө бир стакан апелсин ширесин ичкендин өзү күнүгө организмге керектүү болгон мөмө жана жашылча-жемиштин бештен бир бөлүгүн алмаштырарын айтат.

Апелсиндин ширесинде калий, фолий кислотасы, С витамини, каротиноид жана полифенол сыяктуу организмге пайдалуу активдүү заттар бар. Бирок апелсиндин ширесинде фруктоза көп болгондуктан семиз адамдарга аны ичүү зыян.

Илимпоздун айтымында, Германияда күнүнө 7,5 литр апелсин ширеси, 75 литрге жакын газдалган жана башка таттуу суусундуктар ичилет. Газдалган жана башка суусундуктар өзгөчө өсүпүрүмдөр менен жаштар арасында популярдуу.

(Булагы: https://www.uni-hohenheim.de, https://www.dietvsdisease.org)

Чачтын кыл түбүнө жан киргизген жаңы технология

Чачтын жыдып түшүшү - көпчүлүк адамдар үчүн чоң мүшкүл, жүрөк өйүгөн кыжалат. АКШдагы Висконсин университетинин (University of Wisconsin-Madison) инженерлери иштеп чыккан чачтын өсүшүнө түрткү берчү технология келечекте чачты бедедей эле жеңил өстүрүшү мүмкүн.

Бейинвазивдүү же портативдүү гаджет төмөнкү жыштыктагы электр импульстары менен баштын терисин стимуляция кылып, чачты өстүрөт. Прибор токту киши басканда бөлүп чыгарган энергиядан алгандыктан, ага бөлтөйгөн батареянын кереги жок.

Электростимуляция чачтын пассивдүү кыл түбүн (фолликула) «ойготуп» жандандырат. Ошондой эле тамырлардын өсүшүнүн эндотериалдык фактору (VEGF) менен кератиноциттеринин өсүү факторунун (FGF7) секрециясын күчөтөт. Бул эпиталияны (сүт безинин бүртүгү) калыбына келтирип, баш терисиндеги кандын жүгүрүшүн жакшыртат.

Электростимуляцияны таз болгон чычкандарга колдонгондо, фармакологиялык жол менен дарылагандан кыйла жакшы натыйжа берген.

«Биз бул стратегияны чычкандарга ийгиликтүү пайдаланып көрдүк. Алар 15 күндүк эксперимент маалында салмагынын 38% жоготту. Бул электростимуляциянын заманбап ыкмаларынан мыкты көрсөткүч. Бул чычкандардын салмагын натыйжалуу көзөмөлдөп турганга да жол ачты» деп айтылат изилдөөдө.

Инженер - ойлоп табуучулардын айтымында, гаджет эми чачы түшүп, баш териси кашкая көрүнө баштаган эркектер үчүн өзгөчө пайдалуу. «Бул өзү күчөтүүчү система абдан жөнөкөй, колдонгонго да оңой. Энергиясы өтө аз болгондуктан, денеге кыйыр таасир эте турган эффектиси жокко эсе», - деп түшүндүрөт профессор Сюйдун Ван (Xudong Wang, UW-Madison).

Чачтын жыдышын же алопецияны дарылоонун таасири менен жаралган кыйыр эффект - чоң маселелердин бири. Мисалы, Пропеция (Propecia) дарысы чачты жакшы өстүргөнү менен эркек кишилерде депрессиялык маанайды жана жыныстык дисфункцияны күчөтүшү ыктымал.

(Булагы: https://www.sciencedaily.com, https://www.nature.com)

Таза суутекти өндүрүүнүн таза, арзан технологиясы

Технион-Израил технологиялык институтунун (Technion) изилдөөчүлөрү суутек өндүрүүнүн таза, арзан жана коопсуз технологиясын иштеп чыгышты.

Изилдөөнүн жетекчилери, проф. Авнер Ротшилд менен проф. Гидеон Грейдер (Avner Rothschild & Gideon Grader) жаңы технология өндүрүштүн натыйжалуулугун 75 пайыздан 98,7 пайызга чейин жогорулатат деген ишенимде.

Дүйнө жүзү азыр суутекти өндүрүүнүн таза технологиясына өтө зар болуп турат. Себеби, өндүрүлгөн суутектин 99% көмүр, мунай, газ, чым көң сыяктуу жерден казып алынчу отундардан алынат. Эсептөөлөргө караганда, көмүр кычкыл газынын (CO2) бардык антропогендик таштандыларынын 2% табият газынан суутекти ажыратып алуу учурунда атмосферага бөлүнөт. Бул таштандылар глобалдык климаттын жылышын тездетет.

Дүйнөдө жылына 65 миллион тонна суутек өндүрүлөт. Анын баасы АКШы доллары менен эсептегенде 130 миллиардга чукул акча.

Бүгүн өндүрүлгөн суутектин 53% жакыны жер семиркичтер жана башка заттар үчүн аммиак өндүрүүдө, 20% мунайды кайра иштетүүчү заводдордо, 7% метанол өндүрүүдө, 20% башка максаттар үчүн керектелет.

Суутек негизинен мунайды кайра иштетүүчү ишканаларда жана аммиак менен метанолду өндүрүүдө колдонулат. Болочокто суутекти жылуулук элементтеринин негизинде иштеген электромобилдер (fuel cell electric vehicles - FCEV) менен орду толчу энергия булактарынын энергиясын сакташ үчүн, өнөр жай ишканаларын жана турак үйлөрдү жылытыш үчүн керектелет.

(Булагы: https://www.nature.com, http://www.hydrogenfuelnews.com, https://www.jpost.com)

Эркектердин эрендиги азайып баратат

1970-жылдардан тартып эркектердин бел суусунан бөлүнчү эрендиги 60% азайган. Иерусалимдин Хебрю университетинин (Hebrew University) аалымдары 43 миңдей адам тартылган 250 изилдөөнү талдашкан соң ушундай бүтүм чыгарышты.

1973-жылы эркектер белин суутуп жатканда орто эсеп менен 338 миллион даана сперматозоид бөлсө, бүгүн 138 миллион даана сперматозоид бөлөт. Бул, илимпоздордун айтымында, «эрендик кризиси» келе элек деген кеп эмес, бирок Батыш эркектеринин олуттуу бөлүгүндө тукум улантканга жарабай калуу коркунучу бар экенинен кабар берет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эякуляция (белин суутуу) учурунда 39 миллион даана эрендик бөлүнсө нормалдуу деп эсептейт.

Эрендиктин азайышы азыркы сыңары жылына 1,6% кемий берсе, 30 жылдан кийин көпчүлүк эркектер, өзгөчө өнүккөн Батыш мамлекеттериндеги эркектер тукум улаганга кудуретсиз болуп калышат. Эрендиктин азайышы эркектерде ташында (эркектин урук бези) өсмө (рак) болуу ыктымалдыгын күчөтөт.

Окумуштуулардын айтымында, эрендиктин өлчөмү кемип кетишине айлана-чөйрө жана адамдардын жашоо жолою таасир эткен. Андай факторлорго пластмасса, аялдардын экстроген гормонуна зыян келтирчү косметика, ашыкча салмак, ичкилик, чылым да кирет.

Мурдараак Гарвард университети (Harvard University, USA) башында турган америкалык жана даниялык окумуштуулардын изилдөөсү пицца, түрдүү таттуулар, чипси жана башка тез даярдалчу майлуу тамак-аштар кишинин тулку боюна, ошондой эле эркектердин тукум улоо, жаратуу жөндөмүнө зыян экенин тастыктаган.

Алар Даниянын улуттук армиясына аскерге чакырылган 18-20 жаш курагындагы 3 миңдей жигитти медициналык кароодон өткөрүшкөндө, мүнөздөп тамак жегендерде (жашылча жана мөмө жемиш, канаттуу эти, балык) фастфуд менен тамактангандарга салыштырмалуу эрендиктери көп экени аныкталган.

Бул маалымат, майлуу фастфуд тамактары акыркы жарым кылымга жакын убакыт ичинде Батышта башталып, кийин тереңдеп кеткен төрөт кризисинин негизги себеби болушу мүмкүн экенин да каңшаарлайт.

(Булагы: https://www.focus.de, independent.co.uk)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG