Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Окуу акысы студенттин чөнтөгүнө ыңгайлашты


Президент Садыр Жапаров 14-декабрда студенттерге президенттик стипендияларды тапшыруу аземине катышты.

Президент Садыр Жапаров 14-декабрда окууда ийгилик жараткан 80 студентке президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы жолугушууда студенттерди окуудагы жетишкендиктери менен куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Президент өз сөзүндө билим берүү тармагын реформалоо боюнча программаны ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатканын да айтты.

Президент Садыр Жапаров 14-декабрда студенттерге президенттик стипендияларды тапшырды.
Президент Садыр Жапаров 14-декабрда студенттерге президенттик стипендияларды тапшырды.

"Бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатат. Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүүлүүдө".

Окуу акысы көтөрүлбөйт

Садыр Жапаров буга чейин студенттердин окуу акысына байланыштуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык үч жылга чейин жогорку жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу акысы кымбаттабайт.

Жаңы жарлыкта келишимдик негиздеги акчаны бир жылда он айга бөлүп төлөө да каралган.

Урмат 20 жашта. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын биринде келишимдик негизде жылына 50 миң сом төлөп билим алат. Буга чейин эки жыл катары менен окуу акысын экиге бөлүп төлөп келген. Жарлыкка ылайык, бул акчаны ай сайын бөлүп төлөсө болот .

Ата-энесинен акча сурабай, өзү иштеп жаткан студент үчүн окуу акысын бөлүп төлөө ыңгайлуу.

"Ата-энем айылда турат. Чек арага жакын турабыз. Менден кичүү дагы ини-карындаштарым бар. Айылда жумуш жок. Ошондуктан мен контрагымды ата-энемден сурабай өзүм иштеп төлөйм. Биринчи жарым жылдыкта 50 пайызын, жыл аягына чейин 50 пайызын эки бөлүп төлөйм. Эми контракт көтөрүлбөйт экен, анан майдалап утур-утур бөлүп төксө да болот экен деп жатышат. Бул жакшы. Контракт окуу жайдын чыгашасына карап эмес, калктын орточо кирешесин эске алуу менен эсептелсе жакшы болмок".

"Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө" жарлыкта социалдык жактан колдоого муктаж катмардагылар үчүн да мамлекеттик билим берүү гранттарынын жалпы санынын 5 пайызы - жыл сайын берилип турууга тийиш.

Кыргызстанда учурда жетимиштен ашуун жогорку окуу жайы бар. Алардын чыгашасынын 75% студенттердин акчасы менен жабылат.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын маалыматында, жарлык жарандардын кайрылуусунун негизинде жеңилдиктерди жана окуу жайлардын каржылык иштеринин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында иштелип чыккан.

"COVID-19 пандемиясы жайылып, республиканын аймагында өзгөчө абал режими киргенден бери студенттерден контракттын наркын азайтуу, окууга акы төлөөнүн мөөнөтүн узартуу, төлөө системасын кайра карап чыгуу жөнүндө кайрылуулар көбөйгөн. Мындай кайрылуулардын көбөйүшү баарынан мурда пандемия мезгилинде көптөгөн үй-бүлөлөр киреше булагынан айрылганына байланыштуу", - деп билдирген президенттин басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда мамлекеттен берилген каражат социалдык жактан камсыздоого муктаж катмардагы жана бюджеттик эсептен окуган студенттер үчүн санына жараша бөлүнөт. Келишимдик акы үчүн студенттер төлөй турган каражат ансыз да акыркы эки жылдан бери пандемиялык шарттарды эске алуу менен өзгөрүүсүз калууда. Ага чейин инфляцияга жараша жылына 7-10% жогорулап турган.

ЖОЖдор эмне дейт?

Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жалпы чыгымы жылына 5 млрд. сомдун айланасында. Анын 75% студенттерден түшкөн каражаттан турат.

Мындан улам окутуучулар курамы алдыдагы үч жылда кирешенин өлчөмү өзгөрбөсө чамасы чак жогорку окуу жайлар кыйналып каларын айтууда. Алардын айтымында, мугалимдердин маянасы, материалдык-техникалык базаны чыңдоонун баары чарбалык эсептен гана жасалат.

Он миңден ашуун студенти бар Баткен мамлекеттик университетинин чыгымдарынын 92% студенттерден түшкөн каражаттын эсебинен жабылат.

Аталган университеттин администрациясында иштеген Муса Үсөнов президенттин жарлыгы билим берүүнүн сапатына таасир этпесе да мугалимдердин маянасы, окуу жайды заманбап шаймандар менен камсыздоо өңдүү иштер аксашы мүмкүн дейт.

Бүгүнкү студенттин портрети
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:39 0:00

"Биздин негизги каржылык булагыбыз - студенттердин келишим үчүн төлөгөн акчасы. Казынадан 8-9% эле маянабыз, анан чарбалык тейлөөнүн 50% чыгымы жабылат. Жаңы имараттарды куруу, мугалимдердин маянасы деген чыгымдар көп да. Биз пайда таба турган мекеме эмеспиз. Демек, инфляцияга жараша чыгымдарды да көбөйтүү керек. Эми бул жарлык билим берүү сапатына таасир тийгизбегени менен мамлекет каржылык колдоо көрсөтөбү, кошумча имарат куруу, материалдык-техникалык абалыбызды чыңдоо чыгымдарын жаап береби ошол жактарын да карап чыгыш керек".

Студенттердин билим акысы үчүн каражатты бөлүп төлөөнү Ош мамлекеттик университети буга чейин эле ишке ашырууну демилгелеп келген.

Аталган университеттин каржылык иштер боюнча проректору Жанболот Турсунбаев 1,5 миллиард сомдой бюджети бар окуу жай үчүн билим акысын кымбаттатпай кармап туруу маселе эмес экенин айтты.

"Бизде салыштырмалуу чет өлкөлүк студенттер да көбүрөөк. Контракттын акчасын ай сайын бөлүп төлөө сунушун биздин мекеме башынан эле көтөрүп келет. Анткени жер-жерден келген студенттердин көбүнүн экиге бөлүп төлөө мүмкүнчүлүктөрү жок. Президент кол койгон жарлыктан бизде билим берүү сапатында эч кандай өзгөрүү болбойт деп ишенем. Болгону бул студенттерге колдоо болду. Социалдык жактан колдоого муктаждар үчүн, бюджеттин ачыктыгы үчүн да жакшы демилге экен. Бизде мугалимдердин билим берүү сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү".

Президент кол койгон жарлыкта Эсеп палатасы менен Башкы прокуратура мамлекеттик билим берүү уюмдарынын бюджеттик жана атайын каражаттарды максаттуу пайдалануусун карап, такай көзөмөл жүргүзүү талаптары да айтылган.

Расмий маалыматка караганда, мамлекеттик орто кесиптик окуу жайларда жана жогорку окуу жайларда окутуунун орточо наркы Кыргызстандын жарандары үчүн – жылына 32 391 сом, чет элдик жарандар үчүн 48 876 сомду түзөт. Жеке менчик окуу жайларда окуунун орточо наркы Кыргызстандын жарандары үчүн – жылына 55 100 сом, чет элдик жарандар үчүн 96 396 сом.

Өлкөдө 33 мамлекеттик жана 40 мамлекеттик эмес жогорку окуу жай бар. Аларда 219 030 студент билим алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG