Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

"Табият көп кишини көтөрө албайт". Туризм саясатын өзгөртүү керекпи?

Сары-Челек
Сары-Челек

Кыргызстанда быйыл туристтердин агымы көбөйдү. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, июнь айында чет өлкөдөн 1 миллион 827 миңге чукул адам келген. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик быйыл 12 миллиондой туристти кабыл алууну пландап жатат. Экологдор буга чочулоо менен карашууда.

Казакстан менен чектеш “Ак-Жол” чек ара бекетинде жыл сайын ушул маалда иш кызыйт. Ысык-Көлдө эс алууну каалаган коңшу өлкөнүн жарандары негизинен ушул жерден өтүшөт.

“Мага Кыргызстандын жаратылышы жагат. Айрыкча, Ысык-Көл. Жылда келип эс алабыз. Быйыл неберебизди, Астанадан чакырган конокторубузду кошо ээрчите келдик. Кыргызстанда негизи туризм жакшы өнүгүп жатат”, - деди биз микрофон сунган казак жараны.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында, быйыл апрелде өлкө аймагына 1 миллион 584 миң чет өлкөлүк жаран кирсе, июнда алардын саны 15% жогорулап, 1 миллион 827 миңге жеткен.

“Ак-Жол” чек ара бекетинин жетекчиси Азат Маматкуловдун журналисттерге айтымында, ушу тапта күнүнө 20 миңдей адам Кыргызстандын аймагына өтүп жатат.

“Мурда мамлекеттик чек арадан күн сайын 10-15 миң адам өтчү. Азыр 20 миңге жетти. Албетте, агым көбөйдү. Бул туристтик сезондун башталышына байланыштуу, элдин көбү Ысык-Көлгө эс алууга баратат”.

Маматкулов ошондой эле тыгындарды болтурбоо үчүн жүргүнчүлөрдү текшерүүгө эки мүнөттөн, жеңил автоунааларга беш мүнөттөн, ал эми жүк ташуучу унааларга он мүнөткө чейин убакыт сарпталарын кошумчалады.

Чек ара кызматы элге ыңгайлуу болсун үчүн 15-июлдан тарта “Санарип чек ара” мобилдик тиркемесин ишке киргизген.

“Андан жергиликтүү жана чет өлкөлүк жарандар өткөрмө пункттарынын абалын, иштөө режимин, талап кылынган документтердин тизмесин жана чыгууга мүмкүн болгон чектөөлөрдү текшерип, биле алат”, - дейт Маматкулов.

"Ысык-Көлдө баа көтөрүлдү"

Ысык-Көлгө июль жана август айларында эс алуучулар көп келери маалым. Жергиликтүү эл ушул эки айда болушунча иштеп, пайда табууга умтулат.

Күн катуу ысыгандан бери Бостериде жана Чолпон-Атада бир бөлмөнүн күнүмдүк акысы 10 миң сомдон 500 долларга чейин кымбаттады.

Ал эми пансионаты жок, инфраструктура өнүкпөгөн айылдарда баа салыштырмалуу арзаныраак.

“Акыркы жылдары туристтер үчүн боз үй тигип жатышат. Чырпыктыда эле жээкке 60 үй тигилди дешти. Менин агамдын боз үйү алты кишилик. Эс алуучулар күнүнө 3 миң сом төлөшөт. Чоң боз үйдүн акысы 5 миң сом. Ага он киши батат. Пансионаттан айырмаланып ар бир койкага төлөбөйт. Тамакты эс алуучулар өздөрү ала келет же ошол жерден бышырып жешет. Буга чейин Тамчыга жергиликтүү эс алуучулар көп келчү да. Быйыл Тажикстандан, Өзбекстандан да келишип, боз үйдө жатышат. Ал эми казак туристтери көбүнчө шарты жакшы конок үйлөрдү тандайт. Менин угушумча, үч маал тамагы, бассейни бар конок үйлөрү күнүнө 30 миң сомдон алып жатат”, - деди Тамчы айылынын тургуну Алмира.

Быйыл август айынын этегинде жана сентябрдын башында Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөнү турат.

Жарандык коомдун каршылыгына карабай, 31-июлдан 2-августка чейин жогорку ылдамдыкта сүзгөн кайыктардын дүйнөлүк чемпионаты дагы белгиленген.

Чоң Сары-Ой айылынын тургуну Сайкал ушундай иш-чаралар дагы келген элдин санын көбөйтүп, ага жараша баа көтөрүлүп жатат деп эсептейт.

“Мамлекеттик кандай иш-чара болбосун, Ысык-Көлдө өтөт эмеспи. Быйыл дагы даярдык жүрүп жатат. Ошондон уламбы, баа аябай кымбат. Өткөндө Бишкекке барып бир жума дарыландым. Күндө бир кафеге кирип тамактанып жаттык. Бааны салыштырсам бул жактагы жөнөкөй ашкананыкы менен бирдей болуп чыкты. Ошого карабай эл келип жатат. Кечээ жапайы жээкке барсак дагы эл толтура экен”.

Кантип Швейцария болобуз?

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Ысык-Көлдүн абалы өтө кейиштүү экенин белгилешкен. Алар кыргыз бермети жылдан жылга азайып, соолуп баратканын, алдын албаса жакынкы аралыкта таштанды жана балыр баскан сазга айланарын белгилешкен.

Эколог Анара Султангазиева туризм саясаты өлкөнүн сыйымдуулугун эске алуу менен жүрүшү керек деп эсептейт.

“Туризм тууралуу айтканда ошол өлкөнүн сыйымдуулугун дагы эске алыш керек. Биолог, гидролог, гидрогеологдордон турган топ ар бир аймактын сыйымдуулугун алдын ала эсептеп, ошого жараша туристтерди кабыл алуу керек. Мына, жай аяктай электе эле 3 млн турист келип жатат. Аларды күтүп алууга бизде шарт барбы? Буга чейин студент балдар мөңгүгө барып келишкен. Ошол жакта дагы желим баштык, консерванын челектери калат экен. Анын баарын альпинизмге кызыккандар таштап жатат да. Ошон үчүн жапайы туризмди көзөмөлгө алуу шарт. Антпесе биздин экосистема жабыркайт. Кийинки жылга чейин өзүн калыбына келтирүүгө жетишпейт”.

Соңку жылдары Кыргызстанга келген туристтерди кабыл алган конок үйлөрү бир эле Ысык-Көл эмес, Сары-Челек, Арстанбап, Көл-Суу, Соң-Көл, Суусамырга чейин ачылууда.

Ошол эле маалда көзөмөл жоктугунан эс алуучулардын жайлоодо квадроцикл, жол тандабас же чакан көлдөрдө моторлуу кайык айдаган учурлары катталууда.

Жаратылышка көз салган эксперттер мындай жоруктардын айынан флора жана фаунага олуттуу зыян келет деп чочулашат.

Ал арада табиятка кооптуу жапайы туризмден баш тартып, Швейцарияга окшоп акчалуу туристтерди гана кабыл алган өлкө болууну сунуштагандар да жок эмес.

Бирок экономист Искендер Шаршеев мындай идеяны ишке ашыруу өтө көп каражатты жана аң-сезимдүү мамилени талап кыларын айтууда.

“Бизде туризмден анча деле киреше түшпөйт. Анан калса, дүйнөдө жайкы туризм анчалык кымбат болбойт. Кышкы туризм кымбат десек болот. Швейцария ошол кышкы туризмден пайда табат. Элиталык туризм болушу үчүн таштандыны иргөө, кайра иштетүү, саркынды сууну тазалоо өңдүү бир катар көйгөйлөрдү чечиш керек. Ага, албетте, мамлекеттин каражаты жетпейт, инвестициянын 80% жеке сектордон болууга тийиш. Анан адамдардын билимин, аң-сезимин өзгөртүү керек. Мисалы, конок үй ачам деген жаран саркынды сууну тазалоочу системаны кошо курбаса банк насыя бербеши керек. Биз азыр өнүгүп келе жаткан мамлекетпиз. Швейцария болсо башка жолдор менен байып, анан туризмди кымбат кылган. Азыр туризмди токтотуп койсок, ал башка тармакка да таасир этет”.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматында, 2025-жылы өлкөгө 10 миллион турист келип, казынага 1 млрд доллардай киреше түшкөн. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов июнда жергиликтүү медиалардын бирине быйыл 12 миллион туристти кабыл алууга даярданып жатышканын билдирген.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG