Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:52

Данакер тарыхчы дүйнө салды


Профессор Ташманбет Кененсариев (05.9.1949--02.7.2021) Бишкекте өз бакчасында. 09.6.21.

Жума күнү 72ге караган жашында чыгаан кыргыз тарыхчысы Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 4-июлда “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилмекчи. Анын жаркын бейнеси тууралуу кичүү үзөңгүлөшү Тынчтыкбек Чоротегин эскерет.

Атаганат, өлүм жана өмүр тууралуу көркөм адабиятта сөз болгондо, фолклордук мурастан окуганда, негедир, жамандык тууралуу маалыматты башка галактикадагы окуядай эле үстүрт кабыл алат турбайбызбы!.. Анан ошол жаман кабар керт-башка келгенде, эсеңгиреп отуруп калат экенбиз го!

Бишкектен Ташын (профессор Ташманбет Кененсариев) агайдын дүйнө салгандыгы жөнүндө ошондой суук кабарды интернеттин коомдук тармагы аркылуу окуп: “Кантип эле! Жакында эле татынакай баарлашып кетпедик беле!..” – деген ишениңкиребеген ой кетти. Анан агайдын көкүрөк күчүгү Берметтин кайгылуу жарыясын окудук.

Дагы бир чыгааныбыздан айрылганыбыз тастыкталды...

Эки жыл мурда Ташын агайга 110го чыгыңыз деп тилек айттык эле, Теңир агайыбызга 72 жашты гана буюрган экен...

72 жаш... Азыркы чен-өлчөм менен алганда, бул – орто жаш эле болуп саналат. Академик Мамакеев аксакалдын айтканындай эле бар...

Бирок өзүбүздү сооротуу үчүн ушунча жашты Ташын агай байсалдуу кечиргенин гана айтып, жан дүйнөбүздү саал жайгара алабыз: ал кооздугу көз тайгылткан Сары-Челек көлүнүн төрүндө бийиктен калбаат тигилген аскар тоодой кылып өзүн бийиктеткен өмүр кечирди, жашы жогорулаганына эч багынбаган демилгечил рух ар дайым аны бийлеп турду. Анын тарыхчы илимпоз жана агартуучу катары чыгармачыл жолу кээде бууракандап, кээде жоошуган, улам жаңы тоскоолдуктарды жеңип өтпөй койбогон Аксынын Кара-Суусундай болду.

Ташын агайдын Кыргызстандын пост-советтик доордогу тарыхнаамасындагы негизги новаторлугу – ал докторлук диссертация деңгээлинде алгачкы жолу Кокон хандыгынын тарыхы башка этностор менен катар эле кыргыздардын да өз тарыхы экендигин тастыктагандыгы болду.

Эсимде, Ташын агайдын дал ушул жобосуна анын илимий нускоочусу, профессор Кушбек Үсөнбаевдин ичи саал бышпай турду. Кушбек агайдын үйүнө Ташын агай болуп чогуу бардык.

Дасторкон четинде отуруп, Кушбек агайдын 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхын изилдеген эмгектерин бир сыйра мактап өттүм да, анан аксакалга “сиз – өз муунуңуздун тентеги болуптурсуз!” дедим.

– Эмнеге? – деп Кушбек агай чочуп кетти да, мага таңдана тигиле карады.
– Ошол кездеги жумурияттык Компартиянын жетекчилиги “1916-жылкы көтөрүлүштү мынчалык терең иликтебегилечи” деп ишаара кылып, анан чыга элек китебиңиздин басмага тапшырылган кол жазмасын ККП Борбордук Комитетинде аёосуз сындап жатышса, ошого карабастан архивден архивди аңтарып, бул теманы өжөрлөнө иликтедиңиз. Сиз тентек болбогондо, ким тентек болмок эле! – десем, Кушбек агай кайра маашырланып күлдү.
Анан бир аз тыным берип (пауза кармап), агайга:
– Эми Сиздин шакирттериңиз да өз удулуна ылайык тентек болушуна уруксат кылыңыз да! – дедим. Агай көнүп берди...

Советтик көркөм адабиятта маркум Төлөгөн Касымбековдун (1931–2011) “Сынган кылыч” романы аркылуу Кокон хандыгынын гүлдөшү жана падышалык Орусиядан көз каранды эместиги үчүн өмүрүн аябастан күрөшкөн кыргыз тарыхый инсандары тууралуу алгачкы жолу жар салынган. Ага чейинки фолклордук чыгармалар менен санжыралардагы маалыматтарга бул романда жан киргизилип, көчмөн өзбектердин Миң уруусунун тукуму менен кыргыз уруулары баягы Киевдик Рустагы чыгыш славяндар менен кыпчактардын куда-сөөктүк мамилелеринен да алда канча тыгыз байланышта болгонун окуган соң, кыргыз окурмандарынын тарыхый эстутумундагы сынган кылыч кайра бүтөлгөндөй эле болгон.

Бирок илимпоз тарыхчылар бул жобону архивдик жана башка маалыматтарга таянып, илимий тастыктоо мүмкүнчүлүгүнө эгемендик доорунда гана ээ болушкандыгын моюнга алуу керек. Роман чыккандан чейрек кылым өтүп, 1997-жылы Ташманбет Кененсариев “Кокон хандыгы жана кыргыздар” деген китебин Ош шаарында жарыялады.

Өмүр бою Кокон хандыгына каршы кыргыздардын күрөшүн жазып келген Кушбек агай үчүн алгачкы учурда бул жаңы жобо чоочун көрүнгөн менен, акыры ал устат катары бул жобого макул болду да, 1998-жылы 9-апрелде Ташманбет Кененсариев "Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50–70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү" деген темадагы докторлук диссертациясын Кыргызстандын УИАсынын Тарых институтунда диссертациялык кеңеште ийгиликтүү жактады. Анын негизги жоболорунун бири – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында көп этностуу Кокон хандыгынын тарыхы да ажырагыс болгондугу жөнүндөгү жобо да бар.

Бул жобону ыраматылык Токторбек Өмүрбеков агай (Ташын агайдын курсташы жана ини досу) менен биргеликте чыгарган окуу китептерибизде ырааттуу колдоого алып келдик. Албетте, ар дайым Кокон хандыгына каршы күрөшкөн бабалардын тарыхы да калыс, адилет чагылдырыла бермекчи.

Албетте, Ташын агай “мода кубалап” эле бул темага өтө калган окумуштуу эмес эле. Ал илимий чыгармачыл өмүрүнүн ага чейинки бөлүгүн ушул темага даярдык көргөн иликтөөлөргө арнаган. Маселен, Ташын агай 1984-жылы 18-майда Маскөө шаарында (айтылуу Маскөө мамлекеттик университетинде) "XIX кылымдын акырындагы –– XX кылымдын башындагы падышалык өкмөттүн Кыргызстандагы экономикалык саясаты" деген орчун темадагы кандидаттык ишин орус тилинде жактаган. Ал кездеги анын илимий жетекчиси –– XIX кылымдагы Европа жана Орусия тарыхы боюнча көрүнүктүү адис, орусиялык профессор Нина Степановна Киняпина (1920––2003) айым болгон.

Агайыбыз XIX кылымдагы – XX кылымдын башындагы орусиялык падышалык архивди ырааттуу казып, табылгаларды илимий чөйрөгө байма-бай киргизген азганактай кыргыз окумуштууларынын алдыңкы сабында болуп келди.

Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхына байланыштуу маалыматтарды иликтөөдө. 2016-ж.
Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхына байланыштуу маалыматтарды иликтөөдө. 2016-ж.

Агайдын өмүр жолу тууралуу толук маалыматты кыргызча “Википедиядан” окуй алабыз. Тек кошумчалаарым, маркум Ташын агай “Википедиянын” кыргызча вариантын өнүктүрүүгө да салым кошкондугу, бир катар табылгаларын бул ачык жана эркин энциклопедияга жарыялагандыгы да айтыла жүрүшү керек.

Ал тарых илимин заманбап технологияга негизденип изилдөөгө жана кыргыз таануу маалыматтарын калайыкка интернет аркылуу ачык жарыялоого зор салым кошуп келди. “Азаттык” үналгысында, “АКИ-Пресс” барагында, ошондой эле, тарыхчы, үзөңгүлөш иниси Кыяс Молдокасымов менен бирдикте Би-Би-Си Кыргыз кызматынын интернет барагында ж.б. кыргыз тарыхы боюнча жаңычыл маалыматтарын ырааттуу жарыялап турду.

Ташын агай илимий жыйындарды уюштурууда мол тажрыйбага ээ инсан болчу. Анын жеке салымы Ош шаарынын шарттуу 1000 жылдык мааракесине, Каганаттар тарыхына, кыргыз таануунун методологиялык көйгөйлөрүнө арналган жыйынды, тарыхый инсандарга (Тайлак баатыр, Нүзүп Эсенбай уулу, Полот хан, Алымкул аталык, Алымбек датка, ж.б.) арналган жыйындарды өткөрүүдө көрүндү.

2019-жылдын августунан тартып ал Бишкектеги "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын Манас таануу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап, бул жаңы академияны телчитүүгө жана манас таануу тармагына опол тоодой эмгек сиңирди. Анын буга чейинки ар кыл ЖОЖдордогу ректор жана проректор кызматтарын аркалаган бай тажрыйбасы ушул жаңы академиянын түптөлүшүнө зор огожо болду десек жаңылышпайбыз.

Ташын агайдын жана анын Анжыяндагы ага досу, тарых илимдеринин доктору, профессор Рустамбек Шамсутдиновдун түздөн-түз уюштуруусу менен Өзбекстандын Анжыян мамлекеттик университетинде (АнжыянМУ) кыргыз колбашчысы Алымкулдун бейнесине арналган эл аралык илимий жыйын өттү. Бул жыйын саал тымып калган кыргыз-өзбек илимий байланыштарын чыңдаганга салым кошту.

Тарыхчылар Ташманбет Кененсариев, Рустам Шамсутдинов жана Тынчтыкбек Чоротегин (оңдон солго). Анжыян шаары, Өзбекстан. 17.5.2018.
Тарыхчылар Ташманбет Кененсариев, Рустам Шамсутдинов жана Тынчтыкбек Чоротегин (оңдон солго). Анжыян шаары, Өзбекстан. 17.5.2018.

Ташын агай АнжыянМУдагы диссертациялык кеңешке мүчө, Анжыяндагы “Vodiynama” аттуу илимий журналдын редкеңешинин мүчөсү болуп, сын пикир ээси (оппонент) катары да Ташкенде диссертациялык коргоого катышып, айтор, өз айдыңдык мээнети аркылуу бир тууган элдердин ынтымагын чыңдоого данакер окумуштуу катары ырааттуу үлүш кошуп келди.

Ташын агай 2016-жылы Барнаул шаарында Алтай мамлекеттик университетинде 1916-жылдагы Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүштүн мааракесине арналган симпозиумга катышты. Ал эми Бурса шаарында (Түркия), Бишкекте, Ысык-Көлдө германдык, түркиялык, орусиялык, казакстандык, кытайлык, ж.б. окумуштуулар менен бирдикте алтай таануу жана кыргыз таанууга арналган ар кыл илимий шеринелерге үзбөй катышып келди.

Кененсариев, Ташманбет. Кыргызстан оторчулук доорунда: (1855–1917). – Бишкек: MaxPrint, 2019. – 760 бет. – ISBN 978-9967-9169-7-5. Китептин мукабасы.
Кененсариев, Ташманбет. Кыргызстан оторчулук доорунда: (1855–1917). – Бишкек: MaxPrint, 2019. – 760 бет. – ISBN 978-9967-9169-7-5. Китептин мукабасы.

Агайыбыздын шакирттери да устатынын жаңычыл демин улантып келишет.
Биз мээнеткеч, чыгаан тарыхчыбыздан айрылганыбызды мүлдө журтубуз баамдап турат. Үй-бүлөсү болсо капысынан мээримдүү жардан, камкор атадан айрылды...

Ашырайым жеңебизге, агайдын сүйүктүү кыздарына, неберелерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаларын бөлүшөбүз.

Биз эле бир туугандай болуп калдык го десем, чет өлкөлөрдөн да агайыбыздын ар башка тектеги бир туугандарынын көңүл айткан каттары келип жатат.

Анжыяндан "Мерос" уюмунун төрагасы, профессор Рустамбек Шамсутдинов, Казакстандан, Түркиядан, Европадан ж.б. чет жактардан кесиптештер терең кайгырып көңүл айтышты.

Казакстан Тарыхчылар Коомунун төрагасы, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана анын орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Шамек Тилеубаев кол койгон жана 3-июлда “Кыргыз Тарых Коому” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнө жолдогон көңүл айтуу катында мындайча саптар бар:

Қазақ тарихшы ғалымдары Ташын бауырымыздың Қырғыз елінің саяси, үлт-азаттық, элеуметтік-экономикалық өміріне арналған іргелі монографиялық зерттеулерімен жақсы таныс. Ғалымның қырғыз елінің Қоқан хандығы қүрамындағы мемлекеттілік құрылымдары туралы тың да концептуалды тұжырымдары аса маңызды жаңалық ретінде қабылданатындығы анық. Оның қазақ және қырғыз елдерінің өзара ғылыми байланысына қосқан үлесі зор жэне үмытылмақ емес”.

(“Казак тарыхчы окумуштуулары Ташын бир тууганыбыздын кыргыз элинин саясий, улуттук боштондук, социалдык-экономикалык турмушуна арналган мыкты монографиялык изилдөөлөрү менен жакшы тааныш. Илимпоздун кыргыз элинин Кокон хандыгынын курамындагы мамлекеттик түзүмдөрү жөнүндө жаңы жана концептуалдык тыянактары өзгөчө маанилүү жаңылык катары кабылданаары анык. Анын казак жана кыргыз элдеринин илимий кызматташтыгына кошкон салымы зор жана эч унутулбайт”).

Жазмыш ушул тура... Сабыр кылыңыздар, агайыбыздын ушул жашын эселентип урпактарына берсин!

Ташын агай чөлкөмдүн жана Кыргызстандын тарых илимине эч көөнөргүс салымын ырааттуу кошуп, өзүнө татынакай эстелик куруп кетти. Ушуга каниет кылалы...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG