Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

"Жашыруун аныкталган". Баткенде 15тей бажычы жана чек арачы кармалды

Кыргыз-тажик чек арасы. Архив сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архив сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда 15ке жакын бажы жана чек ара кызматкери кармалганын билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кызматкерлерге 15 күндөй жашыруун камера аркылуу байкоо жүргүзгөндөн кийин кармаган. 

Мамлекет башчысы жаздырылып алынган видеону өзү да көргөнүн, анда өткөрүү пункттарына келген айдоочулардан акча алынып, кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрүлүп жатканы тартылганын айтты:

Лейлектеги жолугушуу. 2026-жылдын 12-октябры.
Лейлектеги жолугушуу. 2026-жылдын 12-октябры.

«Мен 2020-жылы кызматка киришкенден бери бажы жана чек ара кызматкерлерине бизге бир да контрабандалык товар кирбесин деп талап коюп келем. Ал эми импорттук товарларга бажы төлөмдөрү төлөнүшү керек. Бюджеттин өсүп жатканы да ошонун эсебинен. Ар бир айыл контрабанда менен алектенсе, мен кантип экономиканы көтөрөм? Кантип силер сурап жаткан акчаны берем? Кечээ он бешке жакын чек ара жана бажы кызматкери кармалды. Жалаң контрабанда өткөрүп, отуруп алып акча жыйнап жатышат. Мен видеосун көрдүм. УКМК жашыруун камера коюптур. Камераны он беш күнгө коюптур. Экөө кирип алып, конвейердей эле», - деди президент.

Кармалгандардын аты-жөнү, ээлеген кызматы, аларга коюлган расмий айып жана мыйзамсыз өткөрүлгөн товардын көлөмү тууралуу кеңири маалымат азырынча жарыялана элек.

Президенттин мындай билдирүүсү Кыргызстанда Чек ара жана Бажы кызматтарынын жетекчилери күтүүсүз алмашкан учурга туш келди.

Тагыраагы, 9-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев кызматтан алынган.

Бажы кызматынын жетекчилигине Улан Кимсанов, ал эми Чек ара кызматынын башчылыгына Данияр Сатимов дайындалды.

52 жаштагы Алмаз Салиев Бажы кызматын былтыркы февралдан бери жетектеп келген. Ага чейин ушул эле мекеменин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Маалыматка караганда, анын ордуна Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп эмгектенип келген 55 жаштагы Улан Кимсанов дайындалды.

Кимсанов «Манас» жана Түштүк-Батыш бажыларын жетектеген. Ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Мамлекеттик чек ара кызматын 2024-жылдын декабрынан бери жетектеп келген Абдикарим Алимбаевдин ордуна Данияр Сатимов дайындалды. Алимбаев ага чейин Баткен облусунун башчысы болуп иштеген.

57 жаштагы Данияр Сатимов Коргоо министрлигинде жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Дал ушундай кадрдык өзгөрүүлөрдүн фонунда президенттин чек ара жана бажы кызматкерлери кармалганы тууралуу билдирүүсү коомчулуктун талкуусуна түштү.

Аткезчиликке каршы күрөштө маанилүү роль ойногон эки мекеменин жетекчилери алмашкандан көп өтпөй кызматкерлердин жапырт кармалышы коомчулуктун көңүлүн бурду. Бирок кадрдык чечимдердин себептери жана алардын кармоолор менен байланышы тууралуу расмий түшүндүрмө бериле элек.

Быйыл Баткенде аткезчиликке байланыштуу кызмат адамдарынын жапырт кармалышы биринчи жолу болуп жаткан жок. Июль айында УКМК «Кадамжай» жана «Чечме» өткөрүү пункттарында операция жүргүзүп, 40тан ашык адам кармалганын билдирген. Алардын арасында бажы, чек ара жана ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү болгон.

УКМКнын маалыматына караганда, өткөрүү пункттарында мыйзамсыз акча чогултууга байланыштуу коррупциялык схема аныкталган. Кылмыш иши пара алуу беренеси боюнча козголгон.

Июлдагы жана октябрдагы кармоолор өзүнчө окуялар. Алардын бирдиктүү схемага тиешеси бар-жогу азырынча белгисиз. Ошентсе да быйыл чек арадагы коррупцияга каршы бир нече ири операциянын жүргүзүлүшү кызматтык көзөмөлдүн натыйжалуулугу тууралуу суроо жаратты.

Баткендин чек арага жакын аймактарында мыйзамсыз товар ташууга айрым кызмат адамдары көмөктөшүшү мүмкүн деген пикирлер айтылып келет. Жергиликтүү тургундардын бири Акылбектин айтымында, чек ара такталып, тосмолор орнотулгандан кийин катардагы жарандардын мурдагыдай мыйзамсыз жолдор менен товар өткөрүшү кыйындаган:

«Азыр чек аралар толук такталып, тосмолор дээрлик орнотулуп бүттү. Мындай шартта аткезчилик менен жөнөкөй жаран алектене албайт. Мурда чек ара ачык болгондуктан айылдагылар мыйзамсыз аракет жасай беришчү. Азыр тиешелүү кызмат адамдарынын көмөгү же алар менен алдын ала макулдашуу болбосо, мындай ишти жасоо кыйын».

Бул жергиликтүү тургундун жеке пикири. Ошондуктан анын айткандары өз алдынча далил болуп эсептелбейт. Мыйзамсыз товар ташууну ким уюштурганы жана кызмат адамдарынын катышы бар-жогу тергөөдө аныкталышы керек.

12-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткен облусунун аймагында Тажикстанга мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жол менен бодо мал өткөрүп жүргөн туруктуу канал аныкталып, ага бөгөт коюлганын билдирди.

УКМКнын маалыматына караганда, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыргызстандык жарандардын өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу жана колдоо алуу максатында кызмат адамдарына пара берүү фактылары документтештирилген.

Маалыматта айтылгандай, шектүүлөр бодо малды чек ара аркылуу мыйзамсыз өткөрүү үчүн инженердик-техникалык тосмолорду атайылап бузушкан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында мыйзам бузууга шектелген адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызмат маалымдагандай, бодо малды коңшу өлкөгө контрабандалык жол менен өткөрүү схемасы туруктуу мүнөзгө ээ болуп, аймактагы азык-түлүк коопсуздугуна жана баалардын туруктуулугуна терс таасирин тийгизген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча макулдашуудан кийин айрым тилкелерде инженердик тосмолорду орнотуу иштери уланууда.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын биринчи жарымында бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу 10 448 факты аныкталган. Ал эми бюджетке кошумча түшкөн каражаттын көлөмү 1 миллиард 48 миллион сомдон ашкан.

Чек ара кызматы жыл башынан берки жети айда 71 контрабанда фактысына бөгөт коюлганын билдирген. Кармалган товарлардын наркы, баштапкы эсептөө көрсөткөндөй, 70,2 миллион сомдон ашкан. Анын 30 фактысы өткөрүү пункттарында, 41и алардан тышкары жерлерде аныкталган.

Бул көрсөткүчтөр мыйзамсыз товар ташууга каршы иштер жүргүзүлүп жатканын көрсөтөт.

Экс-депутат, экономист Элдар Абакиров айрыкча бажы тармагында адамдык факторду кыскартып, процесстерди автоматташтыруу зарыл деп эсептейт.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

«Бажы тармагындагы абалга көптөн бери терең кызыгып карабагандыктан азыркы жагдай тууралуу так айтуу кыйын. Бирок бул тармакта адамдык факторду кыскартып, рентген жабдууларын, "акылдуу камераларды" жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу аркылуу процесстерди автоматташтырса болот. Ошондо бажы төлөмдөрү бюджетке түз түшүп, казынага түшө турган каражат толук чогултулат. Адамдык фактор азайганда каражаттар да толук көлөмдө бюджетке түшөт», - деди ал.

Президенттин билдирүүсү чек арадагы мыйзамсыз акча чогултуу жана контрабандага көмөктөшүү маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Бирок эки жетекчинин кызматтан алынуусу менен 15ке жакын кызматкердин кармалышынын ортосунда байланыш бар-жогу азырынча белгисиз.

Жемкорлукту изилдеген ири эл аралык Transparency International уюму соңку "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстанды 142-орунга койгон. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылган. Ага чейинки жылкы баяндамада (2024-жылдын жыйынтыгы) Кыргызстан 25 упай менен 146-сапта болчу. Отчетто 182 мамлекетте жана аймактардагы паракорлук көрүнүштөрү изилденген. Уюмдун маалыматында айтылгандай, Кыргызстан жана Казакстан бейөкмөт уюмдарга каршы кесепети оор мыйзамдар менен жарандык коомду ооздуктоону улантууда.

Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Ал эми упайлары 100гө карай жогору болгон өлкөлөрдө коррупциянын көрсөткүчү төмөн экенин билдирет.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG