Шайназаров: Мүчүлүштүктөр тууралуу маалыматтар бар, даттануулар түшө элек

Добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөк. Бишкек шаары. 10-январь, 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров айрым шайлоо участокторунда техникалык мүчүлүштүктөр болгону тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаарындагы №1217 жана №1221 шайлоо участокторунда добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөк иштебей калганы тууралуу маалыматы бар.

"Маалыматтар бар. Бирок азырынча даттануулар түшө элек. Учурда бул мүчүлүштүктөр жоюлуп жатат", -деди Шайназаров.

1726 шайлоочу катталган Бишкектеги №1046 шайлоо участогунда добуш берүүчү үкөктүн добушту каттоочу механизми иштебей калганына кабарчыбыз күбө болгон.

Добуштарды автоматтаттык эсептөөчү үкөктөр иштебей, добуш берүүлөр кечигип башталганы тууралуу аймактардан маалыматтар арбын болууда.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

Октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.

Октябрь окуясынан кийинки бийлик алгач Конституцияны алмаштыруу ниетин билдирип, референдумга алып чыгууну көздөгөн. Коомчулуктун сын-пикиринен кийин Баш мыйзамдагы мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү гана жалпы элдин тандоосуна коюлмак болуп, кыска убакытта бул тууралуу мыйзам жазылган.

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 9-декабрда киргизилип, 1-окууда кабыл алынган. 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мыйзамга 11-декабрда кол койгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов №1053 шайлоо участогунда добуш бердиӨкмөт шайлоо жана референдумга активдүү катышууга элди чакырды Жалал-Абад: №2103 шайлоо участогунда добуш берүү 26 мүнөт кеч башталдыБишкектеги №1211 шайлоо тилкесинин орду алмаштыАйбек Бузурманкулов: Октябрь окуяларынан эл сабак алдыБГУдагы шайлоо участогунда үкөк иштебей жататБаткенде "кызыл зонадагы" бейтаптар менен дарыгерлер добуш бере алышпайтЖакартадан учкан «Boeing 737» учагынын дайыны чыга элекБеларустун ар кыл шаарларында Лукашенкого каршы чакан жүрүштөр өтүүдөИндонезияда жүргүнчү учагы кыйроого учурап, 60тай киши кырсыктадыАКШ федералдык соту башпаана издегендерге карата Трамптын өкмөтүнүн соңку чектөө далалатына бөгөт койдуАКШ сотуна 50дөн ашык шектүүнүн иши Капитолийге кол салуу окуясы боюнча өткөрүлдү