Пискур: Финполдун жетекчилигин каралоо аракети жүрүп жатат

Сыймык Жапыкеев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз кызматы мекеменин жетекчилигин каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди. Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискур мекеменин төрагасы Сыймык Жапыкеевди жакында эле Транспорт жана жол министрлигинен 250 миң доллар пара талап кылган деген шек менен кармалган Мелис Аспеков менен байланыштырган маалыматтарга комментарий берди:

«Интернетте Финполдун жетекчилигин каралоо аракети күч алышы - мекеменин экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы аёсуз күрөшүнө байланыштуу. Финпол тарабынан учурда жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер аралашкан түрдүү коррупциялык схемаларды ачуу иштери жүрүп жатат. Ошондуктан биздин жетекчиликти жана кызматты каралоо аракетинин күч алышына биз таң калган деле жокпуз. Каралоо дагы уланат, бирок күрөш токтотулбайт».

Жарандык активист Мелис Аспеков менен ишкер Улан Жураевдин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 8-январда кабарлаган. Алар Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш боюнча шек саналып жатканы, экөөнү кармоого «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы негиз болгону маалымдалган.

Айрым маалымат каражаттары Мелис Аспеков министрликтен талап кылган паранын бир бөлүгү Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевге «берилмек болгонун» айтканын жазышкан.

Мелис Аспеков президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы шайлоо штабын жетектеп жатканын буга чейин айткан. Жапаров өзү 10-январда добуш берүүдөн чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Аспеков анын шайлоо штабында иштебегенин билдирген.

Аспеков Садыр Жапаровду былтыр 6-октябрга караган түнү тарапташтары абактан бошотуп алгандан кийин анын жанында жүргөн жана ага байланыштуу маселелер боюнча комментарий берип турган. Шайлоого карата үгүт маалында Жапаровду колдоп келген. (ZKo)

Дагы караңыз

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия: Кайрат Примбердиевди наамдан ажыратууга негиз жокЖапыкеев Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын уюштурдуБатыш өлкөлөрү Кремлдин каршылашы Навальныйдын кармалышын кескин сындаштыПрокуратура Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынан 5,2 млн. сомдук коррупцияны аныктадыБишкек-Исфана авиакаттамы жандандыНавальныйды полиция аэропорттон кармап кетти Төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү«Бир дүйнө - Кыргызстан»: БШК реформаланышы зарылИИМ: Насирбек Алмаматов Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат жокКоронавирус дагы 69 адамга жукту, үч бейтап көз жумдуБашкы прокуратура активист Бакай Кашкарбаевге кылмыш ишин козгодуБалбак Түлөбаев жол кирени көтөрүш үчүн убакыт керек экенин билдирди