Жапаровдун мөөнөтү, моралдык жоопкерчилик: Акаевдин маеги

Ысык-Көл эл аралык форумуна келген Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Анын 19-июндагы форумдагы айрым сөздөрү коомчулукта талкуу жараткан.

Акаев өзүнүн коом алдындагы жана тарых алдындагы жоопкерчилиги, башкарган жылдардагы кемчиликтери тууралуу суроолорго жооп берди.

- Сиз Ысык-Көл форумунда күтүүсүз пайда болдуңуз. Чакырылгандардын тизмесинде дагы көрсөтүлгөн эмес эле.

-Эми бул суроо мага эмес, форумду уюштуруучуларга. Мага эртең менен мамлекеттик катчы Арслан Койчиев телефон аркылуу айтты. “Ушундай Ысык-Көлдө Чыңгыз аганын форумун өткөрүп жатабыз. 40 жылдыгына байланыштуу сиз да катыштыңыз эле биринчи форумдарда. Ошого келип катышып кете аласызбы” деди. Анан ошондон мен жумуштан суранып алып эле билет алып, түнү менен учуп келип эртең менен катышып бердим. Форумга тиешелүү сөзүмдү айтып бердим.

- Сиздин ал жерде докладыңыз эмес, башка сөздөрүңүз, журналисттердин суроолоруна берген жоопторуңуз катуу сынга кабылды. “Жакшыраак сурансаңар келем” дедиңиз.

- Эми ал тамаша катары эле, тамаша катары. Анан кыргыздарда жакшы сөз бар эмеспи. Чакырган жерден калба, чакырбаса басып барба деген. Ошондуктан чакыргандан кийин учуп келдим мына.

- Кыргызстан президенттик шайлоонун алдында турат да. Анан кечээ дагы бир сөзүңүз талаш жаратып жиберди. “Кыргызстандын азыркы экономикалык кереметин ишке ашырыш үчүн” азыркы президентке дагы мөөнөт бериш керек деп айтыңыз.

- Ал негизи мындай. Биринчиден, Кыргызстанда сейрек кездешүүчү бир жакшы акыбал түзүлдү. Быйылкы жылы тарыхый окуя болду. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине эки жылга шайланды. Бул эң чоң тарыхый жетишкендик. Мисалы айтып кетейин, мына Германия өсүп-өнүккөн мамлекет быйыл ошол БУУнун Коопсуздук Кеңешине кирбей калды. Кыргызстанда болсо көпчүлүк колдоп шайланып калды. Бул чоң жетишкендик. Анан акыркы жылдарда экономика өсүп өнүгө баштады. Акыркы үч жылда өсүштүн темпи 10% болуп жатат. Мындай темп менен өсүш Орто Азияда, Евразияда жок. Анан ушул дүйнөлүк тажрыйба бар. Эгерде ушул 8-10 жыл 8-10% менен өсүш болсо, бул экономикалык керемет жаратат. Мына өзүңөр билесиңер, XX кылымда Чыгышта беш эле мамлекет экономикалык керемет жаратып, өсүп-өнүгүп кеткен. Жапония, Түштүк Корея, анан Сингапур, Малайзия, анан акыркы 30 жылда Кытай.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Жапаровду үчүнчү мөөнөткө бар дегенди айткан жокмун”

Мен ошондуктан айтып жатам, эми мына үч жыл 10% менен өсүш болду. Быйыл 4-жыл ээ? Дагы прогноз дагы 10% өсүш болот деп күтүп жатат. Мен ошондуктан айтым, мына төрт жыл каршылыгың жокпу? Анан экинчи мөөнөт шайланса, Садыр Нургожоевичтин мыйзам, Конституция боюнча укугу бар да. Мыйзам ченемдүү, Конституцияда жазылган, экинчи мөөнөтүнө шайланса, ошондо беш жыл иштейт да. Мына анан эсептейличи, төрт жыл 10% өсүш болду, ээ? Төрт жыл. Дагы беш жыл болсо, мен ошону айтып жатам да. Ушул он жылдын ичинде экономикалык керемет жасалып калат. Мен ошону айтып жатам. Мен мыйзамдуу, конституциялык экинчи мөөнөтүн элибиз шайлап берсе, жакшы болор эле. Балким, ошо кыргыз экономикалык керемети жаралып калса деген, ошо кыргыз калкынын кызыкчылыгы жөнүндө айтып жатам. Мен эч кандай жеке кызыкчылыгым жок бул жерде. Мен Конституция бузулсун, үчүнчү мөөнөт деген жокмун. Аны башка адамдар чыгарып жатат.

- Өлкө жетекчилери менен жолуктуңузбу?

- Жолуктум, бардык эле форумдун катышуучулары менен бирге жолуктум.

- Сиз Кыргызстанга келген сайын коомчулукта абдан катуу талкуулар болот. Моралдык жоопкерчилик жөнүндө сөз болот. Сиздин учурдагы коррупциялык схема, мамлекетти башкаруу системасы деген маселелер көтөрүлөт. Эмне деп айтат элеңиз?

- Эми мен суроо бергим келет. Ошо коррупциясы жок мамлекет барбы? Коррупциясыз мамлекет жок. Бир жерде катуу күрөшүп жатат. Бир жерде начарыраак күрөш жүрүүдө. Биз деле ошого күрөш жүргүзгөнбүз. Анан кийин коррупция болгон жок деп айта албайм, болгон. Аны мен өзүм президент болуп турган кезде деле эле айтып жүргөм элге. “Мына, коррупция болуп жатат, күрөшүп жатабыз, бир жагынан жеңип жатабыз, жетишип жатабыз. Көпчүлүгүндө жетишпей калып жатабыз” деп. Аны мен президент болуп жүргөндө деле айтып жүрчүмүн, аны эл өзү жакшы билет. Кошумча мен эчтеке айта албайм бүгүн.

Дагы караңыз

Ысык-Көл форуму: Дүйнөгө диалог керек

- 90-жылдары сиз бийликке келген учурда улут катары өзүбүздүн ичибизге кайра үңүлүп, бир толкун болуп турган экен. Анан ошондой толкунду бийлик эмнеге кармап калган жок деген суроо дайыма болот.

- Улуттук кайра жаңыруу программасын биз жакшы эле ишке ашырдык. 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен биз “Манастын 1000 жылдыгын” өткөздүк. Ал элдин духун көтөрдү. “Оштун 3000 жылдыгын” өткөздүк. “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын” өткөздүк. Менимче, улуттук кайра жаралуу программасын биз жакшы эле ишке ашырдык деп эсептейм. Ошондой эле 1997-жылы биз Чыңгыз аганын өзүнүн катышуусу менен экинчи форум өткөргөнбүз. Биринчи Ысык-Көл форумунун демилгечилеринин бири Горбачёв, Түркиянын президенти Сулейман Демирел катышып, жакшы өткөн. Менимче, дагы чоң иштерди жасоого мүмкүнчүлүк болгондур. Бирок мен ойлойм биз жакшы эле аракет жасадык бул жагынан.

- Экинчи жагынан экономикалык абдан оор мезгил, миграциянын күчөшү, арты келип социалдык кесепеттери болду. Миграциянын кесепеттеринен кыргыздар азыр деле кутула элек. Кандай ойлосуз? Мамлекет натыйжалуу башкарылса ошону болтурбоого мүмкүн беле?

- Жок, ал мүмкүн эмес. 90-жылдары кыйын жылдар болду. Бүт совет мейкиндигинде ошондой эле кыйынчылык болду. Бизден да көп миграция агымы, мына кошуна мамлекеттерден Тажикстан, Өзбекстандын канча миллиондогон жарандары сыртка чыкты. Казактар азыраак, себеби акыбалы жеңилирээк болду. Ошентип миграцияга бардык эле Совет республикаларынан кетти Орусияга жумуш издеп. Менин убагымда биринчи 15 жылда миграция сөзсүз болду. Бирок эң негизги миграциянын толкуну менден кийинки мезгилде болду. Аны дагы санап окуп койсоңор болот.

- Ушул эки мөөнөт менен президенттик бийлигиңизди тапшырып берсеңиз тарых кандай уланмак эле? Ушул жөнүндө ойлойсузбу?

- Эми ал деген өттү, кетти. Дагы бир жолу айтайын. Мен ал бийликти созуп, бийликтен кумар алыш үчүн иштейин деген жокмун үчүнчү мөөнөткө. Кыргызстанда мына 90-жылдар эң кыйын жылдар болду. Бирок биз кошуналардан калган жокпуз. Реформаларды жүргүздүк, реформалардын жемиши Казакстан, Өзбекстандан кем болгон жок бизде. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, сомубуз жакшы иштеди. Бирок мындай туруктуу өсүүгө, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ушул бардык эле мамлекеттерде андай болгон жок. Кийин Казакстан мунайы бар экен озуп кетти. Менин үчүнчү мөөнөткө ушу Кыргызстанга бир 10 жылдык туруктуу программа кабыл алып, ошолорго инвестор таап, анан ишке ашырып баштап кетейин деген максат менен гана бардым. Өзүңүздөр билесиздер, 2001-жылы Дүйнөлүк банктын президенти өзү келип, ошол 2010-жылга чейинки программаны ачып берип, инвестицияны толук берип, эл аралык донорлор баарын чечтик. Ошол менен 10 жылдык программаны баштап берип, 2004-жылы айткам “ мен ишим бүттү, максатым ушундай программа башташ” деп. Бирок ошол 2005-жылы марттагы төңкөрүш, ошол программаны ийгиликтүү ишке ашырганга тоскоол болуп калды. Мына, ошол гана максат менен үчүнчү мөөнөткө баргам. Мен өмүр бою президенттик бийликти кармап турайын деген эч кандай ой жок. Мен 2004-жылы өзүңүздөр билесиздер, ачык-айкын эле айтпадым беле. “Бүттү мына мен акыркы мөөнөт иштеп жатам. 2005-жылы кудай буюруса шайлоо менен, шайлоо жолу менен, конституциялык жолу менен президенттикке өткөзүп берем" деп. Бирок ага жеткизбей эле жанагындай төңкөрүш болуп кетти.

- Ошол төңкөрүштүн алдында парламенттик шайлоо өтпөдүбү? Февралда, андан кийин экинчи айлампасы мартта өттү. Балким, ошол уулуңуз менен кызыңыздын шайлоого барганы төңкөрүшкө акыркы шылтоо болгондур.

- Эми мен өзүм кызматтан кетип жаткандан кийин уулум, кызым парламентке барса, анда эмне жамандык болот эле? Мен өзүм 2004-жылы жарыялабадымбы алдыда кызматтан кетеримди. Өзгөчө менин кызым жөнүндө айткым келет, менин кызым (ред. Бермет Акаева) Кыргызстан үчүн чоң кызмат кылды. Биринчиден мына эл аралык уюмдарда Швейцарияда иштеп жүрүп Кыргызстандын дүйнөлүк соода уюмуна киришине салым кошподубу. Ошондо чечкиндүү ролду менин кызым ойногон. Ал өзү бүт европалык тилде сүйлөйт.

Дагы караңыз

"Март ыңкылабынын пайдасын кландар көрдү". Ойгонгон элдин ойрон болгон үмүтү

- Бирок сиз ошентип түшүндүрүп жатасыз. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө дагы сиздин учурда президент болгон Назарбаевге деле, Каримовго деле, Рахмонго деле азырга чейин жакын кишилери менен бийликке келип жатат деген сындар болгон. Эми азыр бийликте эмессиз. Кандай ойлойсуз бул тууралуу.

- Мен деле түшүндүрүп жатпаймынбы, менин балдарым, менин убагымда эч бир уюмду башкарган эмес мамлекетти, өзүңөр жакшы билесиңер. Уулум болсо Финансы министрлигинде чоң жардам берди. Кеңешчи эле болчу. Министрдин кеңешчиси катары. Ал өзү Вашингтондон эл аралык финансы боюнча билим алган. Анан кийин Кыргызстандын тышкы карыздарын кечирүү боюнча ошону иштеп жүрдү. Ар бир суроодо уулуңар, уулуңар! Эми кичине Кудайды деле карасаңар боло. Эми ушу уулумду эстебей эле койсоңор жакшы болот эле. Ал жети жыл болду каза болгонуна.

- Буга чейин Кумтөр боюнча сурак бердиңиз. Ошол Кумтөр маселесинде кандай азыр пикириңиз? Кумтөр сизге эң көп сын айтылган маселелердин бири.

- Кумтөр менин эң чоң иштеримдин бири. Мен Кумтөрдү эмне үчүн алып келдим? Мына 90-жылдарда Батышта алтын казып беребиз деген эч бир компания жок эле. Себеби, алтын 90-жылдарда текейден арзан болчу. Текшерип көрүңүз, азыр барып эле энциклопедиядан, интернеттен краңыз. Ошол жылдарда унциясы 300-400 доллар эле. Бүгүн билесизби канча баасы алтындын? Билесизби? Беш миң доллар. Биз Кумтөрдү иштетүүгө киришкенде 300-400 доллар болчу. Ушуну текшерип көрүңүз бүгүн эле интернеттен. Эгер мен калп айтсам, анда сынды кабыл алайын. Ошон үчүн бир да компания макул болбойт болчу. Бизге эмне үчүн алтын керек эле? Себеби, улуттук валюта – сомду киргиздик. Сомду кармаш керек болчу. Сомду эмне аркылуу кармайсыз? Сомду алтын, мунай же газ. Мына кошуналарда мунай, газ, көп. Мына ушунун баары кармайт валютаны. Бизде мунай жок, газ жок, уран жок. Уран илгери болгон, бирок азыр бүгүнкү күндө жок. Анан эмне кылыш керек? Ошон үчүн менин максатым алтын казыш керек болчу. Андан пайда көрүш эмес. Ошол сомду кармаш үчүн биз канча бир тонна алтынды казып, Улуттук банкка коюп коюшубуз керек. Антпесек сом кетмек. Карабайсыңарбы, мына биз ошол Кумтөр иштеген үчүн кыргыздын сому туруктуу валюта болуп калды. Бүгүн дагы эмне үчүн туруктуу? Эмне үчүн дегенде анын артында алтын бар, алтын. Жүздөгөн, миңдеген тонна алтын турат. Туурабы? Мына ошол Улуттук банкта алтын турат.

- Үлүшү жөнүндө маселе болгон да...

- Кыргызстанда ошол кезде пенсия, мугалимдерге маяна бергенге акча жок эле. “Кыргыздар биз өзүбүз эле казып алмакпыз” деп жатышпайбы. Ага технология керек болгон, эң алдыңкы технологиясын Канаданын компаниясы алып келди. Ага компания 500 млн доллар кредит алышкан Дүйнөлүк банктан. Ошондуктан мен иштеген жылдарда аны Кыргызстандын компаниясы катары биз куралмак эмеспиз. Эч кандай. 500 млн долларды бизге эч ким бермек эмес. Технологияны эч ким бермек эмес. Ал эң алдыңкы технология алып келип мына бүгүн да иштеп жатпайбы. Алтындын баасы 2006-жылдардан кийин өсө баштады. Ошол Бакиев, Отунбаева, Отунбаеванын убагында эң жакшы болду. Ошондуктан мына бүгүн Кумтөр Кыргызстандын экономикасында чоң роль ойноп жатат. Кыргыздар эч качан эсептебейт. Эсептебей эле күнөөлөйт. Ошонун баарын эсептеш керек да. Алтынды сатыш үчүн өзүңүздөр билесиздер, алтын бул базарга алып барып сата койгондой картошка эмес. Ал алтынды сатып, киреше алыш үчүн эл аралык биржага чыгыш керек. 2003-жылы ошондой биржага чыктык. Мына ошону айтып жатпайбы, эмне үчүн биржага чыккан деп. Биржага чыкпасаң алтын сата албайсың.

- Ысык-Көл форумуна кайтып келели. Мага караганда сиз абдан жакшы билесиз, 40 жыл мурун дүйнө эки лагерге бөлүнүп, Советтер Союзунун өзүндө ар жерде митингдер болуп, улуттук урандар, тил маселеси көтөрүлүп жаткан учур эле да. Дүйнө жаңы чакырыктардын алдында турган. Азыр дагы дүйнө тынч эмес. Жакынкы Чыгышта жаңжал, беш жылдан бери Орусия Украинага бастырып кирген согуш бүтө элек. Ортодо жаңы технологиялар алып келген коркунуч деген маселе чыкты. Кечээги докладыңызда Айтматовдун “Кассандра тамгасын” айтыңыз. Чыгармада чүрпөлөр жарык дүйнөгө келбей жатып каршылык көрсөтөт эмеспи, роботторго кул болгусу келбейт деп түшүнсөк болот да. Сиз үчүн азыркы глобалдык эң чоң көйгөй эмне?

- Чындыгында атом бомбасынын коркунучуна эл аралык коомчулук кандайдыр бир көнүп калгандай деле сезилет. 80-жылдарда баягы Экинчи дүйнөлүк согушту башынан өткөргөн адамдар көп эле да. Чыңгыз ага өзү бала кезинде башынан өткөздү. Ошон үчүн ал киши алдын ала ошондой маселе көтөрүп жатпайбы. Мына лидерлер деле "өзөктүк куралды эртең эле колдоно коёбуз" деп жатышпайбы. Жанагы тактикалык бомба дегени 1945-жылдагы Хиросима менен Нагасакини жоготкон эки бомбадан чоң да. Ал эми жаратма интеллект тууралуу изилдөө жагынан математикалык моделдердин үстүнөн иштейбиз. Бирок биздин философия башка. Биздин философия ошол жаратма интеллект адам менен симбиоздо иштеп, адамга баш ийиш керек. Жалаң ушундай нейросеттерди иштеп чыгуу маселеси биздин багыт. Эми ошондой максат койсо, анда зыяны жок. Болбосо жаратма интеллект атом бомбасынан дагы чоң зыян алып келиши мүмкүн да. Бул ошо чоң зыян алып келет. Себеби, адамдар Чыңгыз ага жазгандай маңкурт болуп калат.

- Ошол коркунуч адамзатынын башын жакындап жатат дейсизби?

- Жакындап калды да. Мына, Америкада эки багыт. Бирөөнү аскердик багытта пайдаланып жатышпайбы. Анан ар бирибиз азыр гаджет көтөрүп жүрбөйбүзбу. Ушул аркылуу эле баш ийдирип алышат. Гаджет аркылуу бүт баарын изилдеп билишет. Эмне жасап, эмне айтып жатканынын баарын. Ошондуктан бул эң чоң коркунуч. Ушуну Чыңгыз ага, “Кассандра тамгасында” муну жаратма адам катары көргөн да. Эми бүгүн ошо жаратма интеллект катары чыгып жатпайбы. Ошол “Ысык-Көл” форумунда Чыңгыз агага келген адамдарды өзүм көрүп калдым. Рим клубунун төрагасы А. Кинг сейрек кездешүүчү адам эле. Ошол кезде ал кишинин сөзүн дүйнөдөгү бардык президенттер угуп, окуп турчу. Ошолор эң чоң глобалдык маселелерди көтөрүп, анан президенттерге жеткизип турчу эмес беле. Форумга жазуучу А.Миллер, футуролог Тоффлер баштаган 18 таанымал кишилер келген. Менимче, ушул интеллектуалдардын форумун улантып кетиш керек. Меним бир гана өкүнгөнүм - Чыңгыз агабыз Нобел сыйлыгын албай калды. Өзү татыктуу эле да эми. Швециянын академиктери, дипломаттары менен сүйлөшүп, биз барганбыз. Мен өзүм Швециянын академиясында Чыңгыз аганын чыгармалары боюнча доклад жасагам бир саат. Анан үч саат талкуулаганбыз. Бирок алар“бул киши бийлик менен интегрирован” деп сындаган да, ошентишкен. Чыңгыз ага Нобел сыйлыгын алып калганда мына бул форумга улантып кетиш жеңил болот эле. Азыр деле бул кишинин кадыр-баркы зор эмеспи. Азыркы замандын эң чоң катасы ушу бир-бирин укпай калды да. Диалог жок, диалог жок.

Дагы караңыз

"Жапаровго дагы 10 жылдык мандат берүү керек". Акаевдин айтканы талкууга айланды

- Дүйнөдө саясий мурасы талаштуу ишмерлер көп тарыхта. Анан сиздин дагы саясий мурасыңыз абдан талаштуу эмеспи. Ар келгениңизде ушул жоопкерчилик, моралдык жоопкерчилик деген маселелер көтөрүлүп жүрбөйбү?

- Өзүңүздөр билесиздер, мен биринчиден илимий кызматкеримин. 90-жылы президент болоюн деген эч кандай планым жок болчу. Ошол кезде академиянын президенти элем, мен илимдин адамымын. Анан убакыт өзү ошондой кырдаалды жаратты. СССР урап, Кыргыз Республикасы түзүлүп, ошол шартта мени эл шайлады. Анан мен ошо бүт билимим, бүт күчүм деп берилип иштеп бердим кыргыз элине. Менимче, жетишкендиктер да болду. “Худо-бедно” катачылыктар да болду, туура. Бирок мен чын дилимден элибизге кызмат кылып бердим. 15 жыл мен күнү-түнү дебей иштеп бердим. 90-жылдар эң кыйын мезгил болду. Өзүңүздөр билесиздер ал кыйынчылык бардыгына бирдей өттү. Ошондуктан Кыргызстан эле артта, начар акыбалда калды деген менимче негизсиз. Бир топ реформалар боюнча биз үлгүлүү республика болдук ал жылдары. Мына бизден кошуна мамлекеттер улуттук валютанын тажрыйбасын алып өтүштү, Жер реформасынын тажрыйбасын да бизден алышты. Дүйнөлүк соода уюмуна бизден 15-20 жылдан кийин, биздин тажрыйба менен кирип жатышат. Анан мен жакшы аракет кылып иштеп бердим. Эми аны эл өзү таразалап чечет.

- Мемуар жазып калтырасызбы?

- Эми мемуар жазгандай шарт жок менде. Азыр Москва университетинде профессор болуп иштейм. Пенсия албайм, мага социалдык колдоо жок. Ошондуктан мен өзүмдүн эмгегим менен университетте толук эле профессор болуп иштейм. Аспиранттарым бар, докторанттарым бар, илимий иштерим бар. Ошондуктан менин өткөн-кеткенди кандайдыр эстеп, жазганга убактым жок. Мен мындай курортто жаткан жокмун. Ошонун баарын эстеп, анан жана өзүң айткандай жыйынтык чыгарганга менде мүмкүнчүлүк жок азыр.

(Маек айрым кыскартуулар менен берилди. Толугу менен видеодон көрө аласыз)