"Ташиев Жогорку Кеңешке эки жашик автомат алып келген". Депутаттар төрт жыл мурдагы окуяны эстеди

2022-жыл. Жогорку Кеңештин ичинде автомат көтөрүп бараткан депутат Жусупбек Коргонбай уулу жана Баткенге автобус менен жөнөгөн депутаттар. Интернеттен алынган сүрөттөрдүн негизинде жасалды. "Азаттыктын" коллажы.

Жогорку Кеңештин депутаттары төрт жыл мурда парламент имаратына курал алып кирүү окуясын иликтөөнү талап кылышты. Эл өкүлдөрү анда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзам бузууга барганын айтып чыгышты.

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында абал курч болуп турган маалда Жогорку Кеңешке эки жашик автомат киргизилип, эл өкүлдөрүнө таратылып берилген. Курал талашка түшүп, депутаттар Баткенге барып келген. Мунун айланасындагы талаш-тартыштан кийин парламенттин ошо кездеги төрагасы Талант Мамытов кызматтан кеткен.

Ташиевге башка иш боюнча иш козголуп, соттук кароо жүрүп жаткан чакта ага байланыштуу башка маселелердин көтөрүлүшү түрдүү суроолорду жаратты.

Кыйчалышта эске түшкөн окуя

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин ичинде төрт жыл мурда катталган окуяны “75чилердин каты” боюнча соттук иштин айланасындагы талкууга байланыштуу эстеди.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан жараянга 15-июнда депутат Элвира Сурабалдиева барып, күбө катары көрсөтмө берип, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, айыпталуучу Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кетти.

Анын видеосу интернетке тараган соң депутат Нурбек Сыдыгалиев Сурабалдиева көрсөтмө берген учурда айыпталуучулардын басымына кабылганын айтып, Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керек деген оюн билдирди.

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев баштаган бир нече депутат катар сөзгө чыгып, “75чилердин катынын” негизинде жүрүп жаткан соттук иш боюнча үн катты.

Маматалиев кат парламентке кантип кирген тарыхын айтып берсе, Дастан Жумабеков, Талант Мамытов, Нурбек Сыдыгалиев да соттолуучуларды айыптап, Сурабалдиеваны коргоп сүйлөштү.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков аталган иш боюнча “депутаттык комиссия түзүп, кат боюнча бардык жагдайларды ачык жарыялап койгондо азыркыдай талаш-тартыш жаралмак эмес” деди.

Кайрадан микрофонго чыккан Нурбек Сыдыгалиев “комиссия түзүүгө дале кеч эместигин” айтып, мындан башка да иштерди иликтөөнү сунуштады.

Нурбек Сыдыгалиев

“Мен Сүйүн Абдылдаевич менен Талантбек Турдумаматовичке кошулам, комиссия түзөлү. Комиссияда УКМКнын буга чейин алып барган иштерин иликтеп, карап коёлу. Көп иштер бар. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы жыйынга курал-жарак алып келген окуя болгон. Аны ким алып келген? Ушул сыяктуу көп иш бар. Ошол нерселерди карап, укуктук баа берилиши керек. Комиссия түзүп, ошол боюнча иш алып барышыбыз керек”, – деди Сыдыгалиев.

Ошентип, депутаттар мындан төрт жыл мурун болгон окуяны эстеп, ага баа берүүнү демилгелешти.

18-июнь күнү – парламенттин жыйынынан кийин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов 2022-жылдагы Жогорку Кеңештин имаратына “курал-жарак алынып кирген” окуянын чоо-жайына токтолуп, ал ошол кезде парламент төрагалыгынан кеткенине ошол башкы себеп болгонун айтып берди.

Талант Мамытов

“Бүгүнкү отурумда ошол меселе көтөрүлүп, айтылды. Ошол кезде төрагалыктан кетип жатканда ушул маселени айтып, ага парламентке курал-жарактын киргизилишин негизги себеп катары белгилеп кеткем. Кийин башка интервьюларымда да айткам. Бул маселени ошол кезде көтөрө турган учур эмес эле. Баткен облусундагы окуялар болуп, жалпы саясий кырдаал да жакшы эмес болчу. Кээ бир учурда саясатчылар саясий упай топтоого эмес, мамлекеттин келечегин да ойлоп, жеке амбицияларды басып, туура кадам жасашка аракет кылуубуз керек. Ошондой окуялар болгон. Бул боюнча ошол кездеги депутат Жусупбек Коргонбай уулунун да сүрөтү чыгып кеткен. Бирок депутаттар бул жакта согуш болуп жатса, саясий тиреш жасабайлы деп муну сыртка чыгарган эмеспиз. “Бул туура эмес болуп калат” деп чечкенбиз. Азыр маселе көтөрүлүп жатат, бирок териштириш керек болсо аны тиешелүү органдар иликтеш керек деп ойлойм”, – деди Мамытов.

Окуянын өзүнүн тарыхы

Кеп болуп жаткан окуянын тарыхын баяндоо үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды учкай эстеп алалы.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы такталбагандан улам эки өлкөсүн чегинде мурдатан суу, жер, жол, жайыт талаштан аймакта көп чыр-чатактар катталып келген. 2021-жылдын апрель-май айларында чоң кагылыш болду. Бир жарым жылдан кийин – 2022-жылдын сентябрында да куралдуу жаңжал катталды. Анда ок атышуу ондогон адамдардын өмүрүн алган.

Абал тынчып, бирок чыңалуу сакталып турган маалда – 2022-жылдын 22-cентябрында Жогорку Кеңеш чек арадагы абалды жабык жыйында карайт. Анда чек арадагы коопсуздукка жоопкер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев менен айрым депутаттардын ортосунда пикир келишпестик катталат.

“Азаттыктын” ишенимдүү булактары ошол учурда ырастагандай, Ташиев чек арадан улам бийликке сын айткандарды Баткенге барууга чакырып, депутаттарга курал тараткан. Отурумда кайым айтышуу орун алып, тараптар жакалашканга чейин барышкан. Спикер Талант Мамытов ошол жерден кызматын вице-спикер Жамиля Исаевага убактылуу өткөрүп берерин билдирген жана төрага баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен. Алар автобус менен аэропортко жеткирилип, учак менен чек арага барып, абалды жеринен көрүп кайтышкан.

Парламенттин басма сөз кызматы кийинки аптада Талант Мамытов кызматына кайра кайтканын билдирген.

2022-жылдын 28-cентябрында ошол кездеги депутат – “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин парламентке курал алып келгенин айыптап, анын аракетине укуктук баа берилиши керектигин айткан. Эл өкүлү муну күн тартибине коюу үчүн төрагага кайрылган.

Адахан Мадумаров

“Өлкөдө эле эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал жеңил эмес. Коопсуздук кызматынын жетекчиси (Камчыбек Ташиев - ред.) эки жашик автомат көтөрүп парламенттин ичине кирип келгени – бул өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна сөзсүз түрдө баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак анда Жогорку Кеңеш өз ишин аткара албады деп билишибиз керек", – деп айткан Мадумаров.

Парламенттин ошол эле 28-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо чек арадагы окуяга байланыштуу атайын кайрылуу менен чыгып, бийликти кескин сынга алган. Ал алты күн мурдагы окуяны да комментарийлеп, айрым аткаминерлер “өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда жоо менен эмес, парламент менен кармашканга өтүп жатканын” белгилеген.

Бул аралыкта парламент төрагасы Талант Мамытовдун кызматтан кетүүгө өз калоосу менен арыз жазганы маалымдалып, бирок расмий тастыкталбай турат.

Нурланбек Тургунбек уулу жана Талант Мамытов, коллаж

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жалпы жыйынында Мамытов спикерликтен кетип жатканын ырастап, "парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун" учкай кыйытат.

"Бүгүн айта турган бир маселе турат, урматтуу кесиптештер. Мен жеке чечим кабыл алдым, ага себеп парламенттеги окуя болду. Бул жерде каалагандар өз ыктыярыбыз менен Баткенге бардык. Бул маселени кээ бир депутаттар айтып, массалык маалымат каражаттарына чыгып кетти. Мен ошо кезде чечим кабыл алып, заматта эле арыз жазып Баткенге кетейин деген оюм бар эле. Бирок бул жерде депутаттар чыгып, силердин суранычыңар менен өз милдетимди Жамиля Исаевага жүктөдүм. Бүгүн ойлонуп чечим кабыл алдым. Силер мени кесиптеш катары туура түшүнөсүңөр деп чын дилимден ишенем. Бүгүнкү күндөн тартып төрагалык кызмат бош", – деген Талант Мамытов.

Ушул эле 5-октябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Элдик" депутаттар тобу, "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Альянс" фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурланбек Шакиевдин талапкерлигин көрсөтүп, 80 депутаттын макулдугу менен шайланган. Шакиев фамилиясын кийин атасынын атына Тургунбек уулу деп өзгөрткөн.

Депутаттардын жана президенттин ырастоосу

Төрага алмашкандан эки күндөн кийин – 2022-жылдын 7-октябрында "Азаттыктын" кабарчысы парламенттеги "эки жашик куралдын" сырын айрым депутаттардан сураштырып көргөн. Журналист кепке тарткан эл өкүлдөрү парламентке чындап курал келгенин ырастап, жабык жыйындын башка да жагдайларын айтып беришкен.

Акбөкөн Таштанбеков:

“Куралды алып келишти, анык. Мен алдым. Мен согушту көргөм, өзүмдү дале жоокер сезем. Ошондуктан мен курал берип жатышкандан кийин машыгуу сыяктуу же даярдык көрүү окшойт деп түшүндүм. Анткени, мен жыйынга кирип келсем эле ошондой болуп атыптыр, мен да ала калдым. Кийин кайра баарыбыз өткөрүп бердик. Жабык жыйын болуп атса, талкуу болуп атса, чын эле абал оор окшойт деген ойлор кетти”.

Мирлан Самыйкожо:

“Курал кимде болот? Коргоо министрлигинде болобу, же УКМКда болобу? Демек, бардыгынын катышы бар. Биз муну “кой, мамлекеттик сыр, ачылбасын, туура эмес нерсе кетип калбасын, бири-бирибиздин абийирибизди ачпайлы” деп жатабыз. Мамлекет аныкы же мунуку эмес, биздики. Буга жооп бере турган учур келиш керек. Куралды алып келип, таркатылганын баары билет”.

Медер Алиев:

“Туура эмес иш болду. Парламенттин кадырын түшүрүү аракети болду. Мен мындай нерсе менен макул эмесмин. Бирок жабык жыйын болгондон кийин жалпы мырзалык келишим менен аяктады. Кыргыз элинде “жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырып” деп айтылгандай, азырынча эч жакка сөз чыгарбай туралы деп чечишти”.

Элмурза Сатыбалдиев:

“Курал алып келди дегенге бардыгы ишенип алышыптыр. Ал жерге жөн гана эки-үч куралды алып келип, демонстрация кылып көрсөттү. Мен ошол маалда чыгып кеттим эле. Анда жөн гана “ушундай куралдарды сатып алыш керек, ушундай болуш керек” деген мааниде сөз болуптур. Жабык эшик артында болгон нерсени комментарий бергеним да туура эмес, ал жабык бойдон калышы керек. Бул жерге күргүштөтүп курал алып келди деген сөзгө мен кошулбайм.

Жанарбек Акаев:

“Куралды депутаттардын ар биринин үстөлүнө койгон жок. Каалоочулар барып алып, көтөргөн учур болду. Бирок сыртка чыккан жок”.

Шаирбек Ташиев:

“Жабык дегенден кийин андагы сөздөр сыртка чыкпашы керек. Ошону үчүн андагы нерселерди мен айта албайм. [...] Ал кишинин атын атап (ред: Камчыбек Ташиевдин), башка кишилерди да айтып жатышат. Бирок жабык жыйын болгондон кийин анда сыртка чыгара турган маселелер жок”.

Тазабек Икрамов:

“Автобусту алып келип, жашик куралды койгону өзү туура эмес. Өз убагында буга укуктук баа берилет деген ойдомун”.

Ошол маалдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу автоматты жонуна артынып, парламенттин имаратынын ичинде бараткан сүрөтү интернетке тарап кеткен. Коргонбай уулу журналисттерге ал жөн гана “оюнчук болгонун, баласына сатып алганын” айтып берген. “Азаттык” мунун чын-төгүнүн тактай алган эмес.

2022-жыл. Жогорку Кеңештин ичинде автомат көтөрүп бараткан депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

Президент Садыр Жапаров болсо ошол жылдын 9-октябрында “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде маселени комментарийлеген. Мамлекет башчы журналисттин “Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки жашик курал алып барып, Ташиев менен Мамытов урушуп кетиптир. Бул боюнча маалыматыңыз барбы?” деген суроосуна минтип жооп берген.

Садыр Жапаров

“Депутаттар "Баткен бүтө электе маалымат бергиле" деп чакырышкан экен. "Аскерлердин октору жок экен”, “автоматтары жетпейт экен" деген сөздөр болуп, "Ташиев эмне кылып атат, чалгыны иштебей жатат" деген сындар айтылыптыр. Анан "мына силерге автомат" деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду”, – деген Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ал кездеги жетекчиси Камчыбек Ташиев өзү бул окуяга байланыштуу таптакыр комментарий берген эмес.

Төрт жылдан кийин көтөрүлгөн маселе

2026-жылы кайрадан козголгон 2022-жылкы окуянын баяны мына ушундай.

“Азаттык” бул жагдайды иликтеп жатып, өздүк булактардан “маселени укук коргоо органдары да иликтеп баштады” деген маалымат алды. Муну тактоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылдык.

Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматтары аларда мындай иш жоктугун билдиришти. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен комментарий алуу мүмкүн боло элек.

Кантсе да, төрт жыл мурдагы окуянын УКМКны беш жылдай башкарган Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, ага жана башка адамдарга козголгон кылмыш иши сотто каралып жаткан учурда көтөрүлүп жатышы түрдүү талкууларга жем таштады.

Бирлери муну мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалашса, башкалары артынан саясий мотив издешүүдө.

Жарандык активист Мукай Керимбаев ушунун фонунда курал маселесин иликтөө чакырыгын мындайча комментарийледи:

Мукай Керимбаев

“Албетте, парламент болгондон кийин саясаттагы ар кайсы окуялар айтылып турат, билдирүүлөр жасалып турат. Бирок 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жаңжал тутанып, абал оор болуп турган маалдагы маселени азыр көтөрүүнү мен негизсиз деп эсептейм. Себеби ошол учурда абал ошондой болчу. Элдин баары бир жакадан баш чыгарып, Баткенге жардам жөнөтүп жаткан учур болчу. Эгер артка кылчайып кароо зарыл болуп жатса автомат алып кирүү окуясын эле эмес, жалпы Баткен окуяларына да кайтканга туура келет. Генерал Камчыбек Ташиевге ар тараптан туура эмес нерселерди жабыштыруу туура эмес. Президент Садыр Жапаров баштаган команда ошол маалда Тажикстан менене маселени чечип, чек араны тактоого чекит коюлуп, баарыбыз алдыга жылып баратканда ал окуяларды казуунун кереги жок. Азыркы учурда Камчыбек Ташиевге карата сот иштери уланып жатпайбы, ошол маалда Жогорку Кеңеште ушул маселени көтөрүү туура эмес. Бул жерде, балким өч алуу, же элге жек көрсөтүү сыяктуу да маселелер болушу мүмкүн деп ойлойм”.

Кыргызстанда “Жетимиш бешчилердин каты” деп аталган иш быйыл февралда мурдагы 75 аткаминердин президентке жана парламент төрагасына кайрылуусу менен башталган эле. Анда алар жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Дал ушул кайрылуу саясий окуялары тездетип, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин беш жылга созулган тандеминин урашына себеп болду.

Тергөө органдары кайрылуу атайын даярдалып мыйзамсыз аракеттер болгон деп иш козгоду.

Ташиевден сырткары парламент төрагасы Нурлан Тургунбек уулу, комитет төрагасы Курманкул Зулушев жана башка он чакты депутат мандатын тапшырган. Бир нече министр жана башка аткаминерлер алмашкан.

Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу сот залында

Катка байланыштуу кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алгач жабык карала баштаган. Айыпталуучулардын өтүнүчү менен 15-июндан тартып жараян ачык өткөрүлүп, прокуратуранын өтүнүчү менен 23-июндан тартып кайрадан жабык боло баштады.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев “Азаттыкка” курган маегинде буларга токтолду:

Алмазбек Акматалиев

“Ошо кездеги окуя баарыбыз үчүн эле көмүскө бойдон калып калган. Эмне болду эле? Эмне үчүн автоматтарды алып кирди эле? Бул суроолордун башы ачык калган. Бир чети Ташиевдин парламентти колго алуу аракетиби, же кокустан болуп кеткен окуябы деп ойлойм. Чек арада ок атылып жатса, өзү стрессте жүрсө, анан катуу сын айтылып жатса, жаман абалда калып, ушундай аракетке баргандыр. Ал муну менен Жогорку Кеңешти “ордуна коюп” койгусу келгендир. Балким, бул окуяда мындан башка да мотивдер болгондур, ким билет. Дегеним ушул окуядан кийин Талант Мамытов кызматтан кетип, ордуна Нурланбек Шакиев шайланган. Шакиевдин жылдызы ошондон кийин жанып, генералга өтө жакын болуп кеткени да, балким, ушул кадам себеп болгонбу деген да ой кетет. Анан, азыр да бул теманы так ошол Мамытов баштаган депутаттар көтөрүп жатпайбы. Албетте, азыр саясий күрөш болуп жатат. Кандай болгон күндө да ошол көмүскө болуп калган теманы ачыкка чыгарып коюш керекпи деген ойдомун. Купуя сыр өзү ачыкка чыкпашы керек эле, ошону үчүн жабык отурум болгон. Азыр Тажикстан менен талаш маселени чечип алдык, ал анча деле сыр эмес болуш керек. Ошондуктан азыр ачыкка чыгарып, чекит коюп коюшса, бул тема коомдук дискуссияга түшпөй калабы деп ойлойм”.

Парламенттин имаратына курал алып кирүү фактысын изилдөө үчүн Жогорку Кеңеште комиссия түзүү сунушталганы менен ал азырынча түзүлө элек. Ал ортодо парламент жайкы эс алууга кетип жатат. Сыягы, маселени иликтөө күзгүгө калды өңдөнөт.