мазмуну
- Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында санкция маселесин кайрадан көтөрдү.
- Ал айрым ири мамлекеттердин санкциялык саясаты адилетсиз жүрүп жатканын, мындай чаралар уюмдун алкагында гана чечилиши керектигин белгиледи.
- Анын алдында Европа Кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолукканда да ушул маселени талкуулаган.
- Жапаров Башкы ассамблеянын сессиясында климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан маселени да көтөрүп, БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштады.
Ушу тапта 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде банктар дагы бар. Батыш көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келүүдө. Кыргызстанды Орусияга ар кандай товарлардын үзгүлтүксүз келип турушуна шарт түзгөн негизги каналдардын бири катары айыптап келишет.
Кыргыз президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн олуттуу бөлүгүн уюмду реформалоого арнап, Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтип, Африкага эки, Латын Америкасына бир туруктуу орун берүүнү сунуштады. БУУда кабыл алган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөчү жаңы механизм түзүү демилгесин көтөрдү.
Ошондой эле, санкцияларды айрым мамлекеттер башка эгемен өлкөлөрдүн "ички иштерине кийлигишүүнүн куралы катары колдонууда" деп, бир тараптуу чектөөлөр Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттерге да таасир этип жатканына токтолду.
"Айрым ири мамлекеттер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдү кээ бир маселелер боюнча соодалашууга барууга мажбурлап, ультиматум коюуда", - деди Жапаров.
Ал санкция киргизүү тууралуу чечимдер Бириккен Улуттар Уюмунун уставына ылайык жана Коопсуздук кеңешинин ыйгарым укуктарынын чегинде гана кабыл алынышы керек деген сунушун билдирди.
"Кайсы бир мамлекетке санкция киргизүү укугун бир гана Бириккен Улуттар Уюмуна беришибиз керек! Эл аралык санкциялар системасын жакшыртуунун мүмкүн болгон жалгыз жолу – мына ушул. Биринчи кезекте, уюм тарабынан бардык санкциялык чараларды алдын ала карап чыгуунун милдеттүү механизмин киргизүүбүз керек. Санкциялар боюнча демилгелерди алдын ала карап чыгуу - алардын мүмкүн болгон гуманитардык, экономикалык жана социалдык кесепеттерин эске алууга жардам берет. Сунушталган механизмдин маанилүү элементи ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти жогорулатуу болуш керек. Санкцияларды демилгелеген мамлекеттер өздөрүнүн укуктук негиздемесин, мындай чаралардын зарылдыгын, алардын максаттарын жана аларды келечекте кайра алып салуу үчүн критерийлерин жана шарттарын так көрсөтүүлөрү керек".
Дагы караңыз
Санкция, согуш жана БУУнун келечеги. Нью-Йоркто лидерлер көтөргөн көйгөйлөрЖапаров Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында санкцияларга мониторинг жүргүзүү жана аларды үзгүлтүксүз карап чыгуу үчүн бирдиктүү эл аралык механизмди түзүү зарыл деп эсептерин билдирди. Анын пикиринде, ошондо гана БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролу күчөйт жана укуктары кеңейип, дүйнөдө катуу тартип орнойт.
Кыргыз президенти Европа Биримдигинин президенти Антониу Кошта менен жолугушканда да санкциялар маселесин көтөргөнү кабарланды. Жолугушууда Садыр Жапаров Батыш жана европалык өнөктөштөрдүн Кыргызстанга карата санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирген.
Бишкек Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү менен туруктуу байланышта иштеп, маалыматтарды үзгүлтүксүз алмашып турганына карабай, санкциялык чаралар көрүлүп жатканын айткан. Ал быйыл Кыргызстанда санкциялык тобокелдиги жогору операцияларды жүргүзүп келген 50 компаниянын иши токтотулганын мисал келтирген.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев президент Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасын натыйжалуу колдоно алды деп эсептейт.
"Биринчиден, Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөндө бардык өлкөлөр биригишип, эл аралык мамилелер, эл аралык тартип, эл аралык эреже кандай болот деп – ошонун бардыгы ошол жерге жазылып коюлган. Эгерде кээ бир мамлекеттерге кандайдыр бир санкция киргизе турган болсо, сөзсүз түрдө ошол БУУнун чечими менен киргизилиши керек болчу. Бирок, тилекке каршы, кийинки убактарда күчтүү мамлекеттер же мамлекеттердин топтору "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деп бир жактуу, өздөрүнө жаккан, эки жүздүүлүк менен салып аткан санкцияларды президент ошол жерден ачык айтты. Мен ойлойм, бул абдан туура. Анткени, бүгүнкү эле болуп аткан окуялардан карап көрбөйсүңөрбү. Газада, Палестинада болуп аткан окуяларга өнүккөн өлкөлөр кандай көз карашта болуп атат? Алар ошол эле Израил мамлекетине санкция киргиздиби? Киргизишкен жок. Иранда болуп аткан окуяга кандай мамиле кылышты? Буга чейин Иракта, Сирияда болду эле. Жок, андай эмес. Алар өздөрүнүн саясатын жүргүзүшкөн. Мына ушул багытта президент аябай туура айтты".
Бул арада АКШдагы Financial Times басылмасы Кремлдин колдоосундагы А7 криптодолбоору, миллиарддаган доллар акчаны эл аралык банктар аркылуу жүгүрткөн схемалар жана аларга Кыргызстандын бир катар мамлекеттик банктары менен компанияларынын катышы тууралуу көлөмдүү макаласын жарыялады.
Макалада Кремлдин колдоосундагы А7 компаниясы Орусиядагы, Кыргызстандагы жана Дубайдагы бир катар банктар аркылуу миллиарддаган доллар каражатты жүгүртүшкөнү айтылат. 2024-жылдын сентябрында ачылып, бирок бир жарым жыл өтпөй кайра жоюлуп кеткен Мамлекеттик соода компаниясы, “Айыл Банк”, “Элдик Банк” жана “Евразия сактык банкы” аркылуу акчалар 2024-жылдын соңу менен 2025-жылдын башында күмөндүү жагдайда Кытайга которулуп жатканы тууралуу кеп болот. Буга чейин чуу коштоп келген Орусиянын А7 компаниясынын кызматкерлери айрым кош маанилүү товарларды бажыдан башка товардык белги менен өткөрүүнү талкуулашканы айтылат.
Жарандык активист Адил Турдукулов 2022-жылдан бери Кыргызстан менен Казакстан Орусияга кош маанилүү товарларды өткөргөн хабга айланып калганын айтат. Бишкек Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде мындан ары ошондой тобокелдиктердин алдын алууга көбүрөөк көңүл бурушу зарыл деп эсептейт.
“Биздин мамлекет ошол уюмда (БУУда) Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болбодубу. Ошол дагы биз үчүн абдан абройлуу фактор. Ошол макамды бийик алып кетүү үчүн сөзсүз түрдө буга ого бетер чоң маани берип, реакция жасап жана санкцияларды буйтап өткөн компанияларга кечиккен реакция жасабай, алдын ала профилактика түрүндө, тескерисинче аларга карата эскертүү берип, каттоосун алып салып, ишмердигин Кыргызстанда жүргүзбөгөнгө шарт түзүшү керек деген ойдомун. Ошондо биз санкциялардын коркунучунда калбаганга жана туруктуу, ачык экономика куруп жатканыбыздын белгиси болот эле”.
2022-жылы Орусия армиясы Украинага кол салгандан бери АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдиги баштаган ири өлкөлөр Орусияга санкция салуу чараларын күчөткөн. Санкциялык товарларды өткөрүүдө аянтча болгон өлкөлөрдө да компанияларга даректүү санкциялар салынып келет. Кыргызстанда соңку төрт жылдан бери 30дан ашуун компания “кара тизмеге” киргизилген. Алардын ичинде үч мамлекеттик банк жана эки мамлекеттик компания бар. Муну менен катар Кыргызстанга эки түрдүү товарды сатууга да чектөө киргизүү чарасы жарыяланган.
Кыргыз өкмөтү санкция салуу механизмдерин адилетсиз деп баалап, эл аралык трибуналардан нааразылыгын билдирип келет.
Ысык-Көлдү кантип коргойбуз?
Президент Садыр Жапаров Башкы ассамблеянын сессиясында климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан маселени да көтөрүп, Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүүнү сунуштады. Мамлекет башчы соңку 170 жылда Ысык-Көлдүн деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөнүн, соңку беш жылда суу жылына жети сантиметрге тартылып баратканын айтты.
Жапаров 22-сентябрда Нью-Йоркто Башкы ассамблеянын 81-сессиясында климаттын өзгөрүүсү глобалдык көйгөйгө айланганын, бул энергетикага, айыл чарба, азык-түлүк коопсуздугуна жана жалпы экономикага таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Мамлекет башчы климаттын өзгөрүшү тоолуу Кыргызстанга, анын ичинде Ысык-Көлгө олуттуу таасир этип жатканын белгиледи. Жапаровдун сөзүнө караганда, көлгө мурда куйган 101 дарыянын азыр 30га жакыны гана жетип жатат. Ал Ысык-Көлдүн тагдыры Борбор Азия үчүн маанилүү экологиялык маселе экенин айтып, көлдүн Арал деңизи сыяктуу экологиялык кырсыкка кабылышына жол бербөөгө чакырды.
"Арал деңизи менен Чад көлү аз эле убакыттар мурда Ысык-Көл сыяктуу эле толуп турган көлдөр болчу. Азыр минтип кургап калды. Биз үчүн булардын мисалдары ачык эскертүү болушу керек. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бириккен Улуттар Уюмун, эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү биздин демилгени колдоп, уюмдун алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фондун түзүүгө расмий түрдө чакырамын. Ниеттерибизди конкреттүү иштер менен көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен фондго 10 миллион АКШ долларын салууга даярбыз. Биздин маданиятыбызда "аманат" деген түшүнүк бар. Бул ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети. Андыктан, Ысык-Көл - бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот", - деди Жапаров.
Мамлекет башчы Кыргызстанда көлдү коргоо үчүн экологиялык чектөөлөр киргизилип, тазалоо иштери жүрүп жатканын, анын ичинде жаңы технологиялар жана роботтоштурулган жабдуулар колдонулуп жатканын айтты. Тоолуу аймактардагы климат маселесине арналган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммити 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргызстанда өтөрүн да билдирди.
Сентябрдын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана Ысык-Көл көлүн коргоо фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Документ климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Ошол эле маалда Кыргызстандын бийлиги көлдүн жээгине 500 миң кишиге ылайыкташкан шаар куруу боюнча амбициясын айтып келүүдө. Көлдүн тегерегине, тоо-токойлорго чейин туристтик жайлар курулууда. Жакында Ысык-Көлгө калкыма үй, эллинг, балык чарбаларын курууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдун талкуусуна чыгарылып, экологдордун катуу сынына кабылган.
Кыргызстандык экологдор президенттин Башкы ассамблеянын сессиясында айткан сунушун кубаттаганы менен оболу көлдү сактоо боюнча Кыргызстан жоопкерчиликти өзү алышы керектигин белгилеп жатышат.
Эколог Анара Султангазиева Ысык-Көлдүн маанисине токтолуп, жоопкерчилик маселесин козгоду.
Анара Султангазиева, эколог
"Ысык-Көл локалдуу, Кыргызстанда жайгашкан менен анын эл аралык, аймактык мааниси зор. Ысык-Көл - туристтик кооз аймак эле эмес, экологиялык, экономикалык байлык, баалуулук. Ал тоо экосистемасына, дарыя, мөңгүлөр жана ушул системага байланыштуу экологиялык объект болуп эсептелет. Ошондуктан бул жалпы жарандардын, эс алуучулардын, ишкерлердин дагы жоопкерчилиги. Саркынды сууларды чечүү, кайра тазалап колдонуу, туристтик сыйымдуулукту эсептөө, таштандылар, био артүрдүүлүк маселесин да эске алыш керек. Көлдүн эле тегерегинде 335 айбанаттар бар, ошолордун 39у кызыл китепке кирген. Баалуу өсүмдүктөр, бадал, чычырканакты коргоо маселесин күчөтүү керек. Бул министрликтин жана Министрлер кабинетинин башкы милдети".
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна жана 2002-жылы саз-суу экосистемасын сактоо бонча "Рамсар" тизмесине киргизилген.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы президенти, геология-минералогия илимдеринин профессору Канатбек Абдрахматов Ысык-Көлгө илимий борбор ачууну сунуштоодо:
Канатбек Абдрахматов
"Илимий суроолор биринчи планда турушу керек деп эсептейм. Окумуштуулардан башка көлдүн көйгөйүн эч ким билбейт. Президент көлдүн көлөмү азайып кетиптир жана башка деген бир аз сандарды айтты. Ошол көйгөйлөрдү окумуштуулардан башка толук, так эч ким айта албайт. Ысык-Көлдүн экологиясын баары эле билип жатат, таштандылар тонна менен жээкке чыгып, торлор, бөтөлкөлөр табылып жатат. Муну өзүбүздүн эле эл жасап жатат да. Туристтер ыргыткан жок. Колдон келсе Ысык-Көл илимий борбору ачылса жакшы болмок. Көлдүн жээгинде көп кабаттууу үйлөр курулуп жатат. Бизде "Биосфералык аймак жөнүндө" деген мыйзам чыккан, ал колдонулбай жатат. Ал жерде ядролук тилке деген нерсе бар, жээктен 100 метр аралыкка эч нерсе курулбаш керек деп көрсөтүлгөн. Кээ бир депутаттар аны ырбатып, ресторан, кафе, көл үстүнө сауна курулуп калган учурлар болгон. Эгер ошол башталса көлүбүздү өлтүрүп алабыз".
Ысык-Көл – дүйнөдөгү эң чоң 30 көлдүн бири. Жер шарындагы эң терең көлдөрдүн тизмесинде жетинчи орунда. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте турат.
Көлдүн аянты 6124 чарчы чакырым. Узундугу 182, туурасы 60 чакырым.
Ысык-Көлгө бир жылда алты миллиард куб/метр суу куят. Анын 2 млрд метр кубу жамгыр аркылуу, 2 млрд жер астынан, калганы өзөн суулардан топтолот.
Ысык-Көлгө Барскоон, Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Ак-Суу, Түргөн, Түп жана Чоң Ак-Суу куят.
Мурун көлгө 118дей чоң жана майда суу келип куйса, акыркы он жылда алардын саны 30га чейин кыскарган.
Соңку байкоо боюнча Ысык-Көл жарым метрге тайыздап, жээги 5-10 метрге чейин тартылган.
Жаз-жай айларында көлгө куйган өзөн-сайлар кургап калууда.
"Азаттык" бул көйгөйгө бир нече ирет кайрылып, климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, мөңгүлөрдүн азайышынан улам Ысык-Көлгө куйган ондогон өзөн-сайлар соолуп калганын чагылдырган. Ошол эле маалда Кыргызстандын бийлиги көлдүн жээгине 500 миң кишиге ылайыкталган шаар куруу боюнча амбициясын айтып келүүдө. Көлдүн тегерегине, тоо-токойлорго чейин туристтик жайлар курулууда. Экологдор мунун кесепеттери тууралуу эскертип келишет.
Илимпоздордун келечекке карата божомолдору деле көңүл жубатарлык эмес.
2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болду.
Өткөн кылымдын соңундагы Борбор Азиядагы эң чоң экологиялык бүлгүн - Арал деңизин соолушу болду. Аралга куйган дарыялардын нугу айыл чарба таалааларына бурулуп, деңиздин соолушуна алып келген. Чөлкөм анын кесепети азырга чейин тартууда.
Ушул тапта Азиядагы эң чоң деңиздердин бири саналган Каспийдин абалын дагы изилдөөчүлөр оор деп баалап жатышат. Деңиздин Казакстан тарабындагы жээги 30 чакырымга чейин тартылып кеткен. Мээлүүн климатта, тоо арасында жайгашкан Ысык-Көлдү азырынча мындай чоң коркунучутар тооруган жери жок. Бирок климаттын өтө тездик менен өзгөрүп жатканы, көлдүн экосистемасын бузуп алуу коркунучуна кептеп жатканын окумуштуулар байма-байма эскертүүдө.