Бул эки окуя тең постсоветтик мейкиндиктеги жана дүйнөнүн коопсуздук түзүлүшүндөгү эски эрежелердин кескин өзгөрүп жатканын айкын көрсөтүп турат.
БАЭ: Украина-Орусия сүйлөшүүсү
11-ноябрда Абу-Дабиде Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун токтотуу боюнча АКШ ортомчулук кылган эки күндүк сүйлөшүүлөр соңуна чыкты.
“Азаттыктын” украин кызматынын булагы тараптар “жакын арада туткундарды жапырт алмашуу” тууралуу макулдашууга жетишкенин билдирди.
Тараптар мындан тышкары коопсуздук кепилдиктерин, Орусиянын талаптарын, согуштан кийинки келечек тууралуу сүйлөшкөнү да айтылды.
“Украин тараптын негизги позициясы – адегенде согушту токтотуу, мындан кийин гана Европадагы коопсуздуктун туруктуулугун камсыздаган жана агрессиянын кайталанышына жол бербеген жаңы архитектураны түзүү”, - деди маалымат берген булак.
Абу-Дабиде коопсуздук кепилдиктери боюнча суроолор башкы ролду ойнору айтылган.
Дагы караңыз
Киевде дрон соккусунан эки куткаруучу көз жумду, Трамптын чабармандары Москвага барды“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Алекс Рауфоглу расмийлерге таянып, АКШ Орусиядан Украинага НАТОнун 4-5-беренелерге окшош коргоону камсыз кыла турган келишимге макул болууну өтүнгөнүн жазды.
Рауфоглу белгилегендей, Орусия бүткүл Донецк облусун өз карамагына алууну талап кылууда, ал эми Украина согушту майдандагы азыркы тилке боюнча токтотууну жактайт.
ЖККУ согушту токтотууда кандай ролду ойнойт?
БАЭде согушту токтотуу жолдору талкууланган жыйынга удаа Москвада Орусия төрагалык кылган ЖККУ саммити башталды.
Ага катышуу үчүн барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду 10-ноябрда “Внуково 2” аба майданынан Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.
Саммит соңунда 20га чукул документке кол коюлары кабарланды. Украинадагы согуш боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Орусия ЖККУдагы аскердик өнөктөштөрү менен бул процессти сүйлөшөбү деген суроо кызыктырууда.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев ЖККУ жыйынында бул маселе караларынан күмөн санайт.
Эмилбек Жороев
“Украинадагы согушка ЖККУ башынан катышкан эмес, ошол бойдон эле уланат деп ойлойм. Орусия согушту эч ким менен акылдашып, талкуулап отурбай эле өзү баштаган. Ошол себептүү, уюмдун мүчөлөрүндө өз ара түшүнүшүү бар деп ойлойм. Алар буга чейин башынан эле нейтралдуу позицияны карманып, Украина боюнча кээде оң пикир айткандыктан ЖККУ мүчөлөрү Орусияны колдогон позицияны карманары күтүлбөйт. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда, маселенин тынчтык жолу менен чечилишин колдойбуз деген дипломатиялык билдирүүлөр жасалышы мүмкүн”.
Негизи ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ичинен Беларус гана Орусияга ачык колдоосун билдирбесе, калгандары нейтралдуу позицияда экенин айтып келишет. Мындай бейтарап турумду карманарын айткан өлкөлөр арасында Кыргызстан да бар. Анткен менен дал ушул согуштан улам Батыштын Орусияга салынган санкцияларын кыйгап өтүүгө уюмга мүчө айрым өлкөлөр көмөктөшүп жатканын АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британия айтып келет.
Армения ЖККУда добуш бере албайт
ЖККУ жыйынынын күн тартибинде Армениянын уюмдагы юридикалык статусу дагы каралып, аны уюмдагы добуш берүү жана өкүлдөрүн жооптуу кызматка дайындоо укугунан ажыратышты.
Буга Еревандын соңку жылдары ЖККУнун иш-чараларына катышуудан баш тартып, мүчөлүк акы төлөөнү токтоткону себеп болгон. Армения уюм коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттенмелерди аткарган жок деп эсептейт.
Дагы караңыз
Пашинян Жапаровду “Казакстандын президенти” деп айтып алгандан кийин протокол кызматынын жетекчисин иштен алдыОрусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ереван уюмдан чыгууга расмий арыз бере электигин билдирди.
Буга чейин ТАСС агенттиги анын орун басары Александр Панкинге таянып, ЖККУ жыйынында Арменияны уюмдагы добуш берүү укугунан ажыратуу чечимин кабыл алышы мүмкүн экенин жазган.
"Армения эки жылдан ашуун убакыттан бери мүчөлүк акыны төлөбөй келет, ошондуктан анын мүчөлүгүн убактылуу чектөө - тактап айтканда, акы төлөнгөнгө чейин добуш берүү укугунан ажыратуу маселеси каралып, чечим кабыл алынышы толук мүмкүн. Бул Уставда каралган техникалык учур. Ошондуктан, ушундай жыйынтык болушу ыктымал, бирок бул президенттин чечимине көз каранды", - деген Александр Панкин.
Москвада өтүп жаткан жыйынга Армениянын премьер-министри Никол Пашинян барган жок. Armenpress агенттиги ал 11-ноябрда Антальяда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясына (COP31) катышарын кабарлады.
Август айынын соңунда Никол Пашинян Армениянын ЖККУдагы ишмердүүлүгүн жандандырууга ниети жок экенин баса белгилеген.
"Эгер уюм Армения Республикасын курамынан чыгаруу чечимин кабыл алса, кубанычта гана болом. Себеби бизди "уюмдан чыгуу керекпи же жокпу?" деген дилеммадан бошотушат", - деген ал депутаттардын өкмөттүн 2026-2031-жылдарга карата программасы тууралуу суроолоруна жооп берип жатып.
Дагы караңыз
"Евробиримдикти же ЕАЭБди танда". Путин менен Пашинян кер-мур айтыштыОшол эле маалда Пашинян жакында өлкөсү Евробиримдикке кирүү арызын даярдай башташы мүмкүн экенин четке каккан эмес.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Армениянын бул чечимине Тоолуу Карабак маселеси себеп деген пикирде. Ал дүйнөдө кырдаал өзгөрүп жатканда Армениянын Орусиядан оолактап, Батышка ыктап жатышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтууда:
"ЖККУ- Орусия Федерациясы жетектеген жана ошолордун кызыкчылыгы менен түптөлүп, Путин бийликке келгенден кийин жанданган уюм болчу. Геосаясий оюндар жүрүп жаткан кезде ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгын ойлошу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Армениянын дагы тандоолору кескин өзгөрдү. Азыр Орусияга кайсы бир деңгээлде кыр көрсөткөндөй. Экинчиден, Арменияны Орусияга байлап турган Карабак маселеси болчу. Ошол маселе күн тартибинен алынды десек болот. Ошол Азербайжан менен согуштан кийин бул уюмдун Арменияга кереги жок болуп калды. Анан калса, Орусиянын азыркы аракетинен улам Армения Орусияга өнөктөш эмес, коркунуч катары карап, оолактап калганы көрүнүп турат. Тилекке каршыбы же тилекке каршы эмеспи, Армениянын уюмдан чыгышы Бишкекке эч кандай ишарат болбойт. Чоңураак, маанилүүрөөк Казакстан сыяктуу өлкөлөргө болушу мүмкүн. ЖККУ мындан ары Орусия үстөмдүк кылган, анын жеке клубу сыяктуу уюмга айланып калышы күтүлөт. Ансыз деле де-факто ошондой уюм".
Ереван ЖККУдагы мүчөлүгүн 2024-жылдын февраль айында токтотуп, ошол эле жылдын май айында уюмга мүчөлүк акы төлөөдөн расмий баш тарткан. Буга Тоолуу Карабак үчүн Азербайжан менен согушканда ЖККУнун кийлигишпей койгону себеп болгонун билдирген.
Дагы караңыз
"ЖККУ маселе чечпейт". Армениянын Кремлге нааразылыгыПашинян анда ЖККУну "көбүк" деп атап, уюмдун бир катар мүчөлөрүн Бакуну колдогону үчүн айыптаган.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Армения уюмдан өзү чыгып кетпей, чыгарууну күтүп жатканын акылдуу кадам катары мүнөздөдү:
Орозбек Молдалиев
"Армения Азербайжан менен согушту. ЖККУ арачы болуп, "койгула" дегенге жараган жок, Ереван ошого нааразы болду. Бирок Армения акылдуулук кылды. Чыгып кеткен жок, мүчөлүк акысын гана төлөбөй койду. Жыйындарына катышып жатат. Бирдеме десе, "силер бизге болушпай койгонсуңар" деп коет. Орусия "ЖККУга кирелиби же НАТОго кирелиби?" деп референдум өткөрүүнү сунуштады. Ереван "биздин элде андай маселе жок" деп сылык кагып койду. Орусия Арменияны Кыргызстан сыяктуу эле ЖККУдан кете албайт деп ойлогон. Бирок Ереван кайда бара турганын көрсөтүп койду".
ЖККУ жарыгы жана Кыргызстан
Кыргызстанда дагы узак жылдардан бери ЖККУдан чыгуу маселеси көтөрүлүп келет. Айрыкча бул талкуу өлкө тарыхындагы тагдыр чечүүчү оор кырдаалдардан кийин күчөгөн.
"ЖККУ бизге кантип жардам берген? 2021-жылы Тажикстан менен чыр чыкканда Дүйшөмбүдө ЖККУнун коопсуздук катчыларынын жыйыны өтүп жаткан. "Койгула" деген бир киши чыккан эмес. Сергей Шойгу учуп келип, жыйындын ачылышын көрүп кайра Москвага кетип калган. Куралдуу кагылыш кийинки жылы дагы кайталанды. ЖККУга мүчө мамлекеттер эмне болуп жатасыңар дегенге жараган жок. Анан Кыргызстан ЖККУнун аскердик машыгуусуна катышпай койду. Ошондон кийин саал чочулай түштү. Бирок Уставда "мүчөлөр бири-бирине кол салган учур каралган эмес" деп бас-бас болуп калды. 1999-жылы Баткенге куралчан топ кирип келгенде ЖККУ Ошко штаб-квартира ачып, картаны илип алгандан башка жардам берген эмес. Биз аскердик көмөк сураганда "төлөгүлө” деп керектүү курал-жарак бербей, башка булактардан акча таап, сатып алганбыз. Ошондон кийин гана алардын учагы Кантка конгон. Ал кезде аэропорт Коргоо министрлигине карачу. Бирок ал учурда можахеддерди сүрүп чыгарып, барымтадагы жапондорду бошотуп алганбыз. Ошол окуяда бизге чындап жардам берген Армения болгон. Казакстан “уруксат бергиле, барып согушалы” деген. Кытай чек арачыларга чатырга чейин берген. Орусия болсо ЖККУга мүчө өлкөгө ок-дарыны дүйнөлүк баа менен сатып турган”, - деди Орозбек Молдалиев.
Молдалиевдин пикиринде, Кыргызстан жана анын коңшусу Тажикстан жакын арада ЖККУга Өзбекстанга же Арменияга окшоп кыр көрсөтүп, чыга албайт.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылы негизделген жана Арменияны кошкондо анын курамында алты өлкө - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус бар. Кыргызстан уюмга 2025-жылы төрагалык кылган.