"Экономика өсүүдө, саясий атаандаштык жок". Өзбекстан 10 жылда кандай өзгөрдү?

Ислам Каримовдун Самарканд шаарындагы эстелиги

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көз жумганына он жыл болду. Өлкөнү 27 жыл башкарган Каримовдун доору эгемен Өзбекстандын түптөлүшү, ошол эле учурда авторитардык башкаруу жана саясий куугунтук менен эсте калды.

Андан кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёев бир катар реформаларды жүргүздү. Бирок саясий системанын айрым өзгөчөлүктөрү өзгөргөн жок деген сын бар.

2-сентябрда президент Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги биринчи президенттин мемориалдык комплексине барып, эстелигине гүлчамбар койду. Эскерүүгө Каримовдун жесири Татьяна Каримова да катышты. Мындай иш-чаралар Самарканд менен Каршиде да өттү.

Ислам Каримов Өзбекстанды Советтер Союзу тарай электе эле башкара баштаган. 1989-жылы 51 жашында Советтик Өзбекстандын Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. СССР ыдырагандан кийин Өзбекстандын эгемендигин жарыялап, өлкөнүн биринчи президенти болуп калды.

«Башка өлкөнү көрдүм»

Учурда АКШда жашаган изилдөөчү Баходир Файз быйыл Өзбекстанга барып, мекени кандай өзгөргөнүн көрүп, таң калганын айтат.

"Идеалдуу же көйгөйлөрү жок өлкө эмес. Жөн гана башка өлкө. Ачыгыраак. Динамикалуу. Дүйнөнүн калган бөлүгүнө жакыныраак", - деген Файз Өзбекстандан бир топ жыл мурда чыгып кеткен.

1992-жылы Түркияга окууга жөнөп жатып болочок публицист жана социолог мекенине 30 жылдай келе албай каларын ойлогон эмес. Файз мунун баарына анын өз каалоосу себеп болбогонун айтууда.

1994-жылы Анкара менен саясий пикир келишпестик күчөгөн маалда расмий Ташкент Түркияда окуган өзбек студенттеринен мекенине кайтууну талап кылган.

Өзбекстандын бийлиги жаштар ошол өлкөдө жүргөн өзбек оппозициясынын лидерлери, «Эрк» партиясынын негиздөөчүсү жана Ислам Каримовдун башкы оппоненти Мухаммад Салих менен «Бирлик» партиясынын негиздөөчүсү Абдурахим Пулатовдун таасирине түшүп калышы мүмкүн деп кооптонгон.

Бурсада социолог адистигинде окуп жүргөн Файз билимин улантууну чечип, мекенине кайтуудан баш тарткан.

1999-жылы окуусун аяктагандан кийин Өзбекстанга кайтуу талабына баш ийбегени үчүн катаал жазага кабылышы мүмкүн деп кооптонгон Файз АКШга эмиграциялаган. Мекенинен миңдеген чакырым алыста жүргөнүнө карабай ал Өзбекстандагы кырдаалды изилдөөнү токтоткон эмес.

«Каримовдун бийлигинин алгачкы жылдарындагы мамлекеттин катаал саясатын туруксуздуктан коркуу менен түшүндүрүүгө мүмкүн эле. Бирок убакыт өткөн сайын туруктуулукту камсыздоо чаралары өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кыла баштады. Акыры, поэтикалык салыштырууну колдонсок, “көрүстөндөгүдөй жымжырттык” өкүм сүрүп калды. Эл үн катпай, басма сөз унчукпай, саясат жок болду. Цензура, саясий куугунтук, күчкө салып иштетүү, Анжиян окуялары жана оппозицияны жок кылуу. Каримов доорунун соңуна келгенде Өзбекстан атүгүл өзүнүн жакын коңшуларынан да обочолонуп калган мамлекетке айланды», - дейт Баходир Файз.

Баходир Файз

Ал кошумчалагандай, Каримов доорундагы башкы көйгөй экономиканын жабыктыгы болгон. Өлкөдө валюта алмаштыруунун "кара базары" гүлдөп, Өзбекстанга инвестиция барбай, банк сектору өнүккөн эмес.

«Валютаны эркин конвертациялоо мүмкүн болбой калган. Импорт жана экспортто кыйынчылыктар бар эле. Мамлекет турмуштун бардык тармагына кийлигишчү. Монополия, бюрократия, коррупция. Балким, кайсы бир мезгилде бул модель экономикалык кыйроону алдын алгандыр. Бирок кийинчерээк ал өлкөнүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн чектей баштады. Мунун эң оор кесепеттеринин бири Өзбекстандын миллиондогон жарандарынын жумуш издеп Орусияга жана башка өлкөлөргө кетиши болду», - дейт Файз.

Каримовдун көзү өткөн соң, он жыл ичинде өлкөдөгү кырдаал өзгөрдү. 2026-жылдын май айында Файз Өзбекстанга турист катары барууну чечкен. Ал аэропорттон токтотуп, узакка суракка алышы, өлкөгө киргизбей кайра артка кайтарышы мүмкүн деп чочулаганын моюнга алат. Бирок андай болгон жок. Файз мекенинде толук бир ай болду.

«Адамдардын сүйлөгөн сөзүнөн мурдагы жылдарга мүнөздүү болгон коркуу сезими жоголгонун байкадым. Эл сүйлөй баштаптыр. Алар өкмөттү да, акимди да, бааларды да, коррупцияны да сындашат. Өзбекстан тууралуу жакшы таасирлеримди жазганымды окуп алып, мени тилдегендер да болду. Бирок буга да сүйүндүм. Анткени адамдар өз оюн ачык айта башташты. 20 жыл мурда режим тууралуу жазылган посттун алдына комментарий калтыруунун өзү эрдикти талап кылган кадам болчу. Ал эми бүгүн адамдар мени эркин сындап жатышат. Бул да өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү».

Сырткы көрүнүш жана анын артындагы чындык

Өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып, Конституцияны өзгөртүү аркылуу бийликтеги мөөнөтүн бир нече жолу узарткан Ислам Каримовдун каза болгонун Ташкент 2016-жылы 2-сентябрда расмий жарыялаган. Анын көз жумганы тууралуу сөздөр ага чейин эле бир нече күндөн бери айтылып жаткан. Расмий маалыматка караганда, анын мээсине кан куюлуп кеткен.

Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссияны Өзбекстандын ошол кездеги премьер-министри Шавкат Мирзиёев жетектеген. Кийин ал өлкөнүн президенти болду.

Мирзиёев экономиканы либералдаштырууну камтыган реформаларды жүргүзүп, жакынкы коңшу өлкөлөр менен жакшы мамиле түзө баштады. Түрмөлөрдөн ондогон белгилүү саясий туткундар, оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар бошотулду. Диний себептер менен соттолгондор да эркиндикке чыкты.

«Мемориал» укук коргоо борборунун маалыматына караганда, Каримовдун бийлиги учурунда Өзбекстандагы саясий туткундардын саны мурдагы Советтер Союзунун калган бардык республикалардагы жалпы сандан да көп болгон.

Ташкенттеги ал жылдарды өзбекстандык укук коргоочу Елена Урлаева зааркануу менен эскерүүдө:

«2015-жылы Украинадан Өзбекстанга менин жээним Анна чоң энесинин, башкача айтканда, менин апамдын 80 жылдык мааракесине келген. Ошондо баарын камап салышкан. Аннаны биздин үйдө бир суткадан ашык жашап, биз аны каттоого коюуга жетишпей калганыбыз үчүн кармашкан. Апамды болсо, жашы 80ге чыгып калганына карабай, ага өзүнүн батирин берген деген жүйө менен соттошкон. Азыр “Кудай ай, биз кандай өлкөдө жашаганбыз” деп ойлойм. Каримовдун тушунда өтө катаал, абдан катаал режим болгон. Баарын өз башыбыздан өткөрдүк. Анын тушунда азап-тозокту гана көрдүк, ар кандай соккуларга, куугунтукка кабылып жүрдүк».

Каримов президент болуп турган жылдары Елена Урлаеваны бир нече жолу жабык психиатриялык ооруканага күчтөп жаткырышкан. Ал биринчи жолу 2001-жылдын апрелинде жол курулушунан улам турак жайынан ажыраган жарандардын нааразылык акциясын жетектегенден кийин психиатриялык ооруканага түшкөн. Укук коргоочуну акыркы жолу 2017-жылы Эл аралык эмгек уюмунун өкүлү менен жолугушуусуна жол бербөө үчүн ооруканага камашкан. Урлаеванын айтымында, ошондон бери аны бир да жолу мажбурлап дарыланууга жөнөтүшкөн жок.

2007-жылдын 31-августу, Ташкент. Эгемендик майрамы. Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов жана премьер-министри Шавкат Мирзиёев.

«Каримовдун тушунда аябай кыйналдык. Абдан көп мусулмандарды, саясатка тиешеси барлардын баарын, укук коргоочуларды, журналисттерди камашкан. Ал кезде бизге катуу кысым көрсөтүлчү. Бизди сабап, колубузду кайрып кармап кетишер эле. Дээрлик ар жума сайын кайсы бир райондук ички иштер бөлүмүнө камалчубуз. Бул кадимки эле мыйзам ченемдүү көрүнүш сыяктуу болуп калган. Бир жолу үч укук коргоочу почтадан жолугуп калдык эле, ошол жерден эле бизди кармап кетишти. Атүгүл жолугушууга да болбойт эле. Азыр салыштырмалуу жеңилирээк болуп калды. Мисалы, 8-августта Жогорку соттун судьялары менен эч тоскоолдуксуз жолуга алдык. Алар кеңеш беришет, судьялар жарандарды кабыл алышат. Бул дагы абдан жакшы», - дейт Урлаева.

Экономика өсүүдө, саясий атаандаштык жок

Экономиканын өсүшүнө жана өлкөгө инвестиция агылып жатканына карабай, миллиондогон өзбекстандык дагы деле иш издеп чет өлкөлөргө, негизинен Орусияга кетип жатат. Маселен, 2025-жылы ички дүң өнүм 147 миллиард долларга жетип, бир жылда 7,7% көбөйгөн.

Орусиядан алардын айрымдары согушка азгырылып кетүүдө.

Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоорунун маалыматына караганда, Өзбекстан Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөрдүн саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Өзбекстандыктардын саны беш миңге жакын. Ошондой эле Украинада туткунга түшкөндөрдүн саны боюнча да бул өлкө биринчи орунда.

Экономист, профессор жана оппозициялык саясатчы Хидирназар Аллакуловдун пикиринде, өлкөдө экономикалык бакубатчылык орноду деп айтуу азырынча эрте.

«Инфляция өсүп, баалар тездик менен жогорулап жаткан шартта бийлик жыл сайын пенсияларды, жөлөк пулдарды, айлык акыларды жана стипендияларды болгону 7–10% гана көбөйтөт. Ошол эле учурда, экономикалык аналитиктердин баалоосу боюнча, жалпы инфляция жылына кеминде 15–16% болууда. Азык-түлүк 20% ашык кымбаттап жатат. Бул калктын жашоо деңгээли төмөндөп жатканын билдирет. Номиналдык айлык акы өскөнү менен элдин реалдуу сатып алуу жөндөмү жана реалдуу эмгек акысы азаюуда. Калктын жашоо деңгээли чындап эле төмөндөдү. Мындан тышкары, Шавкат Мирзиёев бийликке келген жылдары эл кредитке катуу батып калды. Пайыздык чендер өтө жогору, 25тен 49 пайызга чейин. Мындай кредитти аргасыздан алышат. Алардын башка жолу жок. Орточо жашоо деңгээлиндеги адамдар үчүн мындай карыз жакырчылыкка түшүүнү билдирсе, аз камсыз болгондор үчүн андан да терең жакырчылыкка батуу дегенди билдирет», - дейт Аллакулов.

Дагы караңыз

"Диктатордун кызы". Лола Каримова-Тилляева атасын кантип актады?

Өзбекстанда минималдык эмгек акы 1 миллион 271 миң сумду, башкача айтканда, болжол менен 84 долларды түзөт. Ал эми өлкөдөгү орточо айлык акы 6 миллион 380 миң сумдун, же болжол менен 535 доллардын тегерегинде.

Ошол эле учурда, экономисттердин баалоосу боюнча, эмгекке жарамдуу курактагы калктын саны 14,5 миллион адам болсо, Өзбекстандын 2–3 миллионго жакын жараны чет мамлекеттерде жүрөт. Өлкөдө калган 11 миллионго жакын эмгекке жарамдуу жарандын жарымынан көбү орточо көрсөткүчтөн төмөн айлык алат. Эксперттер өкмөт ачык статистиканы жарыялабайт деп эсептешет. Алардын пикиринде, мигранттар жөнөткөн акча которуулар өлкөнүн экономикасында дагы деле маанилүү роль ойнойт. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында акча которуулардын көлөмү Өзбекстандын ички дүң өнүмүнүн болжол менен 14,3% түзгөн.

Саясатчы катары Хидирназар Аллакулов үчүн мыйзамдуу саясий талаада бийликке оппозиция болуу оңой эмес. Мирзиёевдин бийлиги тушунда экономист Өзбекстанда өз партиясын каттоого бир нече жолу аракет кылган. Бирок ар бир жолкусунда административдик басымга, айып пулдарга жана соттук куугунтукка туш болгон.

АКШда жашаган Баходир Файз да мекенинде саясий эркиндиктерге байланышкан көйгөйлөр жетиштүү экенин моюнга алат.

«Мен өлкөдө демократия толугу менен орноду деп айтпайм. Чыныгы саясий атаандаштык али калыптана элек. Көз каранды эмес оппозиция саясий процесстин бир бөлүгү боло алган жок. Басма сөз жана сөз эркиндигине чектөөлөр бар. Сот-укук системасына, коррупцияга жана мамлекеттик башкарууга байланыштуу чечилбей турган маселелер дагы эле көп. Бирок Өзбекстанда жүргөндө адамдардын өзүнө болгон ишеними акырындап кайтып келе жатканын сездим. Муну статистикадан көрө албайсың. Муну өлкөнүн көчөлөрүнөн көрүүгө болот. Таксисттин сөзүнөн. Жаштардын көз карашынан. Түн ичинде элге жык толгон кафелерден. Ташкент аэропортундагы туристтердин калың тобунан. Анан, албетте, жол тыгындарынан. Өлкөнүн келечеги анын асман тиреген имараттарынын бийиктиги менен өлчөнбөйт. Ал элинин көзүндөгү үмүт менен өлчөнөт. Мен бүгүн көргөн Өзбекстанда дал ошол үмүт бар», - дейт Файз.

Дагы караңыз

Өзбекстандагы жаңы мыйзам: Саида Мирзиёеванын бийлиги, ыйгарым укуктары кеңейди

Кыргызстан менен алака

Ислам Каримовдун башкаруусу маалында Өзбекстан коңшу Кыргызстан жана Тажикстан менен чек ара, суу маселелеринде дайыма катаал позицияны карманып келген. Эксперттердин айтымында, Каримовдун мындай саясаты чыңалууну күчөтүп, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин узак жылдар бою жакшы деңгээлде өнүгүшүнө тоскоол болгон.

Кыргызстандын бийлигинде бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп келген Токон Мамытовдун пикиринде, Ислам Каримов Өзбекстандын эгемендигин, улуттук кызыкчылыгын, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн баарынан жогору койгон башкаруучу болгондуктан көп учурда катаал позицияны карманып келген.

Токон Мамытов

"Ислам Каримов Өзбекстандын президенти болуп шайланганда: «Мен үчүн, Өзбекстандын президенти катары, эң биринчи принцип - өзбек мамлекетинин суверендүүлүгү, экинчиси - аймактык бүтүндүгү, үчүнчүсү - коопсуздугу» деп расмий жарыялаган. Бул үч маселени биринчи орунга койгондуктан анын саясаты Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизбей койгон жок. Чек ара жана суу маселелери боюнча пикир келишпестиктер, эки башка көз караш орчундуу маселеге айланып кеткен. Натыйжада кыргыз-өзбек мамилелери татаалдашкан", - деди Мамытов.

1991-жылы Наманган облусунда эл менен жолугушууда Каримовду тизелеткен окуядан кийин өлкөдө дин саясаты катаалдашып, оппозиция, бийликке сын айткандар куугунтукталып, басымдуу бөлүгү камалган. Ал эми 2005-жылы кандуу Анжиян окуясынан кийин Өзбекстанда эл аралык уюмдардын ишмердигине чек коюлуп, чет өлкөлүк маалымат каражаттарына тыюу салынган.

Анжиян кыргынына 20 жыл

Токон Мамытов бул маселелер коңшу мамлекеттин ички саясаты болгонун белгилөөдө:

"Наманган жана Анжиян окуялары эмнеден чыккан? Алар Өзбекстандагы саясий кризистин белгилеринин бири болуп калган. Ошол учурда диний коопсуздук жаатында да олуттуу көйгөйлөр бар эле. Эл аралык мамилелерде жана адам укуктары тармагында да кризистик көрүнүштөр жаңыдан күчөп жаткан. Мындай шартта Каримов биринчи кезекте өзбек мамлекетинин келечегин, элин, экономикасын жана эгемендигин ойлоп, тиешелүү чараларды көргөн. Бүгүнкү күндө ошол чаралардын айрымдары туура болгон, айрымдары туура эмес болгон деген ар кандай көз караштар айтылып келет".

Каримовдун катаал режими Анжиян окуясынан кийин күч алып, өлкөдө сөз эркиндиги, адам укуктары чектелип, активисттер, журналисттер куугунтукталганын журналист Шохрух Саипов эскерүүдө:

Шохрух Саипов

"Каримов режими өзүнө душман деп эсептеген, адам укуктары, сөз эркиндиги жөнүндө эркин жазып, элди маалымат менен камсыз кылып турган адамдарды жок кылууга аракет кылган. Ошого бир топ жетишкен деп да айтсак болот. Сап башында Алишер агам... Өзбекстандын ичинде эле эмес, коңшу мамлекетте, биздин кыргыз жараны болгон, өзүнө душман деп эсептеген адамды жок кылган. Андан сырткары ондогон инсанды чет мамлекеттерде жок кылган.

Дагы караңыз

"Коңшубуз менен эми таанышып жатабыз". Кыргызстан-Өзбекстан ортосунда туристтик агым көбөйдү

Эки өлкө ортосундагы алака-катышты жакшыртууга багытталган бир топ маанилүү документтердин соңкулары быйыл июль айында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда кабыл алынды. Жеке жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кол коюлган документтердин арасында мамлекеттик чек ара тилкеси, өткөрмө бекеттер жөнүндө келишимдер бар.

Кыргыз президенти Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамиледеги эң чоң жыйынтык катары эки өлкө чек ара маселесине чекит коюп, чектеш аймактагы калктын кыялы орундалганын белгилеген:

Садыр Жапаров

“Чек арадагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Биз чек ара маселелерин толугу менен аяктадык, өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйттүк, эки мамлекеттин жарандарынын бири-биринин аймагында жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узарттык жана Андижан шаарында Кыргызстандын Генералдык консулдугун уюштуруу маселесин колдойбуз. Бул – жарандардын каттоосуна, сооданы, транзитти, логистиканы, маданий-гуманитардык байланыштарды, туризмди өнүктүрүүгө жана чек арага чектеш аймактардын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган эң маанилүү практикалык кадамдар”.

Кол коюлган келишимдердин арасында Баткен облусундагы Чечме булагын чогуу колдонуу боюнча документ бар.

2025-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Чечме булагы талаштуу болуп келгенин, чек ара такталгандан кийин ал Кыргызстанга өткөнүн айткан.

2022-жылы ноябрда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Фергана облусундагы Сох районуна жакын жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагына байланыштуу орток пикир табылганын билдирген. Ал булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, муну тараптар өзүнчө макулдашарын кошумчалаган.

Чолпон-Атада кол коюлган документтер арасында кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги өткөрмө бекеттердин санын 15тен 30га көбөйтүү, эки өлкөнүн ортосундагы Чечме булагын чогуу колдонуу, эки мамлекеттин жарандарына коңшу республикада 15 күнгө чейин каттоого турбастан жүрүү укугун берүү тууралуу макулдашуулар бар.

Сапардагы бир көрүнүш Мирзиёевдин биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланганы болду. Мындай сыйлыкты ыйгарган Жапаров өзбек лидеринин эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо ролу зор болгонун белгиледи.

Бул сапар алкагында кол коюлган документтердин арасынан эң маанилүүсү деп Кыргызстан менен Өзбекстандын союздук мамилеси тууралуу келишим айтылды. Буга чейин Кыргызстан мындай документке Казакстан менен кол койгон. Өзбекстан менен андай келишими жок болчу.

Өз кезегинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёев экономикалык байланыштарды чыңдоого көңүл бурду. Ал өткөн жылы эки өлкөнүн соода алмашуусу 1,2 миллиард долларды түзүп, тарыхый көрсөткүчкө жеткенин, алдыда 3 миллиарддык максат турганын айтты.

Шавкат Мирзиёев

“Бул абдан чоң сумма. Менин командам муну 2030-жылга чейин созбошу керектигин билиши үчүн мен муну атайын жаздым. Максатты кийинки бир-эки жылга коюп, жакынкы жылдары соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга чейин жеткирүү керек, анткени биз кызматташтыгыбыздын көптөгөн стратегикалык багыттарында жакшы пайдубал түптөдүк. Тармактагы экономикаларыбыз бири-бирин толуктап турган өнөр жай кооперациясынын жаңы өсүү чекиттерин деталдуу талкууладык. Кечээ өткөн бизнес-форумдун алкагында энергетика, электротехника, фармацевтика, айыл чарбасы жана текстиль тармагындагы жаңы долбоорлор макулдашылды. Мындан тышкары, чийки зат ресурстарын биргелешип казып алуунун конкреттүү пландарын белгиледик. Мындай долбоорлорду колдоо үчүн биргелешкен өнүктүрүү фондунун потенциалын натыйжалуу пайдаланууну макулдаштык”.

Тараптар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун талкуулап, аймакты логистикалык хабга айландыруу боюнча пикир алышты. Мындан тышкары Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимге кол коюу процессин тездетүү да сүйлөшүлдү.

Андан бир ай мурун кыргыз бийлиги Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мурда коңшу өлкөгө караган эки айыл – Чоң-Кара жана Таш-Төбө конуштары жашоочулары менен чогуу Кыргызстанга өткөнүн жарыялаган. Бишкек алардын ордуна Ташкентке чек ара тилкесинен теңме-тең жер берилгени айтылган.

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн жогорудагы эки айылда жалпы 2 миңдей калкы бар. Алардын айрымдары кыргыз жараны болсо, айрымдары жарандык алуу жараянынан өтүүдө. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт.

Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп жатканы айтылган.