"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Россиянын президенти Владимир Путин ишемби күнкү террордук чабуулга байланыштуу өзүнүн бүгүн башталаары күтүлгөн Өзбекстан, Малайзия жана Азербайжанга жасалчу иш сапарын кийинкиге жылдырганы маалымдалды. Июлдун 5инде Москванын чет жакасындагы Тушино аэродромунда рок-концерт өтүп жаткан маалда эки жанкечти аял белине курчанган бомбаларын жардырган. Бул кол салуудан улам эки террорчудан башка бейкүнөө 15 киши набыт болгон. Өлкөнүн ички иштер министри Борис Грызлов калк жыш топтошкон жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү жөнүндө буйрук берди.
Эми кызыктуулар дүйнөсүнө чакырабыз. Бүгүн алгачкы “хомо сапиенс” кайдан чыкканы, дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын тизмеси, безгек илдетине каршы күрөшүү жана башка илимий жана маданий окуялар менен тааныша аласыздар.
Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Билл Клинтондун жубайы Хиллари “Турмуш баяны” аталыштагы китебин чыгарды. Байкоочулар Клинтон айым күйөөсүнүн Ак үйдүн стажеру Моника Левински менен байланышы жөнүндөгү чуулгандуу окуя тууралуу эки жыл бою үн катпай, эми гана өзүнүн сырларын ачыкка чыгарып отурушун, анын 2008-жылкы президенттик шайлоого ат салышууга ниеттенип жатканынын белгиси катары баалап жатышат.
Дүйшөмбү күнү Атомдук Энергетика боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилиги Венадагы жыйынында Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу агенттиктин докладын угуп, аны талкуулады. Докладда шектүү жайларды текшерүү үчүн Иранга атайын инспекция жиберилиши керек деген бүтүм айтылат. Расмий Тегеран болсо өлкө атомдук технологияны тынчтык максатында пайдаланууда деп, эч кандай көзөмөлгө макул болбой турганын ырастоодо.
Ишемби күнү кечинде жөөт жана Палестин өкмөттөрүнүн расмий өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, региондогу курчуп кеткен кырдаалды жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Жакынкы Чыгыштагы кан төгүүнү токтотууга багытталган “Жол картасына” тең тарапташ болгон Бирикен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан тынчтык орнотуу максатында аймакка эл аралык күчтөрдү жөнөтүү сунушун дагы бир ирет кайталады.
2004-жылдын октябр айында Украинада президенттик шайлоо өткөрүлөт. Мамлекет башчылыкка негизги талапкерлердин бири, өлкөнүн мурдагы премьер-министри Виктор Юшенко жакында “Азаттык” радиосунун 50 жылдык мааракесине катышып, кабарчыбыз Асколд Крушелницкийдин айрым суроолоруна жооп берген эле.
Франциянын Эвиан курортунда “чоң сегиздиктин” кезектеги бийик жолугушуусу уланып жатат. Бугүнкү талкууларда дүйнөлүк экономиканы жандантуу жолдору жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо маселеси негизги темалар катары каралууда. Кабарчылар белгилешкендей, саммиттин алгачкы күнүндө АКШ менен Франциянын жетекчилигинин ортосунда чыңалуу байкалган. Адаттагыдай эле, бул жыйын да антиглобалисттердин демонстрациялары менен коштолууда.
Жума күнү Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас Израиль сыналгысына берген интервьюсунда согушчан топторду жөөттөргө каршы чабуулдарын токтотууга көндүрө алаарына ишенимин билдирди. Ал эми Европада сапарлап жүргөн президент Жорж Буш Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүү үчүн болгон жардамын аябай турганын жарыя кылды.
Бейшембиде Британиянын премьер-министри Тони Блэр Иракка барып, коалиция күчтөрүнүн курамындагы британ жоокерлери менен жолукту. Ирактын өзүндө болсо АКШ аскерлерине партизандык кол салуулар уланып жатат. Араб Лигасынын өкүлдөрү карапайым ирактыктардын муктаждыктарына жетишээрлик көңүл бурулбай жатат деген тынчсыздануусун билдирди.
Өткөн аптанын соңунда Берлин шаарында СССР доорунда депортацияланган улуттардын маселелерине арналган конференция болуп өттү. Анын катышуучулары Крым татарлары, чечендер, месхетин түрктөрү өңдүү элдердин проблемалары азыркы күнгө чейин чечилбей келатканын белгилешти.
Кытайдын жетекчиси Ху Цзинтао өлкөнүн аскерий тармагын өнүктүрүп, модернизациялоо керек деп жарыялады. Байкоочулар президент мындай билдирүүнү Европага аттанаардын алдында жасаганы жөн жеринен эмес дешүүдө. Экинчи жагынан, Ху Цзинтао Кытайдын 2,5 миллиондук куралдуу күчтөрүнө болгон көзөмөлдү мурдагы өлкө башчысы Цзян Цземинден өз колуна өткөрүп алууну көздөп жаткандай.
20-майда Вашингтон баллистикалык ракеталардан коргонуу жөнүндөгү кезектеги билдирүүсүн жарыялады. Документте жаңы антиракеталык система душман мамлекеттер менен террористердин мүмкүн болчу чабуулдарынан коргонуу үчүн керек деп айтылат. Жаңы стратегияда бул багытта Россия өңдүү башка мамлекеттер менен кызматташууну өөрчүтүү зарылдыгы белгиленген.
Марокконун коопсуздук органдары жума күнкү терракттарды иликтөөнү улантып жатат. Алгачкы маалыматтарга ылайык, жарылуулар жергиликтүү ислам топторунун жардамы менен уюштурулган. Өлкө боюнча бир нече киши террактка байланышы бар деп шектелип, кармалганы маалымдалууда. Дипломатиялык булактардын тастыктоосунда, Касабланкага америкалык жана франциялык антитеррордук адистер келе баштады.
Жума күнү кечинде Марокконун Касабланка шаарында 5 жардыруу болду. Расмий Рабаттын маалыматтары боюнча, террордук кыянаттыктан 41 адам каза таап, жүздөн ашууну жараат алды. Айрым байкоочулардын болжолунда, соңку террордук аракеттер апта башында Сауд Арабиянын баш калаасында болгон үч жарылуудай эле эл аралык террористтер тарабынан уюштурулган. Президент Жорж Буш кылмышкерлерди издөө үчүн Марокко жетекчилигине АКШнын жардамын сунуш этти.
Шейшембиде Францияда ири иш таштоо өткөрүлдү. Ушул эле күнү Австрияда 50 жыл ичиндеги эң чоң демонстрациялар болуп өттү. Элдин нааразылыгын эки өлкөдө тең пенсиялык системадагы реформалар жөнүндөгү демилгелер туудурду.
“Мужахиддин Халк” деген ирандык оппозициялык топ Ирактагы америкалык аскерлер тарабынан куралсыздандырыла баштады. АКШнын Мамлекеттик департаменти террордук уюмдардын тизмесине киргизген мужахиддиндерди Тегеран Ирандын сотуна өткөрүп берүүнү талап кылууда. Ошол эле мезгилде президент Хаттами “Хезболлах” террордук уюмуна колдоо көрсөтүүнү уланта берээрин жарыя кылды.
Жекшембиде АКШнын реконструкция жана гуманитардык жардам боюнча кеңсесинин басма сөз өкүлү билдиргендей, борбордук Ирак үчүн жооптуу координатор Барбара Бодин башка ишке которулуп, Багдаддан кетүүдө. Кошмо Штаттарынын Ирактагы алгачкы администратору Жэй Гарнер дагы жакынкы күндөрү кызматынан кетет деп айтылууда. Ал эми жергиликтүү калк 23 жыл сүргүндө жүргөн шийи диний ишмери Аятолла Мохаммад Бакир Ал-Хакимдин кайтып келүүсүн кубаттап, көчөлөргө чыгып аны тосуп алышты.
Американын белгилүү компьютер компаниясы популярдуу ырларды сатуучу атайын веб-баракча ачты. Адистердин айтымында, жаңы долбоор кардарларды арзан музыка менен мыйзамдуу түрдө камсыз кылып, ошол эле мезгилде интеллектуалдык менчикти коргоого жардам берет.
Саддам режиминин кылмыштары жөнүндө көп эле айтылып келет. Өлкөдөгү бийлик алмашкандан бери ошондой ырайымсыздыктын дагы бир үрөй учурган далили маалым болду. Атап айтканда, ирактыктар мурда элден жашырылып келген жалпы көрүстөндөрдү табышты. Алар мүрзөлөрдүн кээ бирлерин казып, өз жакындарынын сөөктөрүн издей башташты. Бирок эл аралык укук коргоо уюмдары көрүстөндөрдү биринче кезекте атайын адистер изилдеп чыгышы керек деген пикирин билдиришүүдө.
Согуш аяктап калганы, Иракты калыбына келтирүү иштери кызуу башталды. 23 жыл авторитардык режим, андан кийин 11 жыл эмбарго астында жашаган өлкөнүн эл чарбасын кайра көтөрүп, дүйнөлүк экономикага кошуу аракеттери, бир жагынан, өзгөчө кыйын, экинчи жагынан, кирешелүү да болмокчу. Ушул тапта дүйнө мамлекеттери кирешелүү контракт алууга үмүттөнүп, Ирактагы иштерге тартылууну көздөп турган кез.
Дагы жүктөңүз