"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Дүйнөнүн эң өнүккөн экономикасы болуп эсептелген Кошмо Штаттар үч жылдан бери төмөндөө тилкесинен чыга албай келатат. Президент Буш экономикалык стимул катары федералдык салыктарды кыскартууну сунуштап жатат. Бирок адистер мындай чара дайыма эле натыйжалуу боло бербей турганын белгилешет.
Ирак согушунун аяктагандыгы жөнүндө расмий түрдө жарыялана электигине карабастан, айрым эксперттер уруштун сабактары жөнүндө кеп кыла башташты. Атап айтканда, аскерий адистер АКШ армиясынын бул согуштагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин талдоого алып жатышат. Ошондой өксүктөрдүн бири - Саддамдын режими кулатылгандан кийин өлкөдө башталган баш аламандык - коалициянын жеңишине көлөкө түшүргөндөй болду.
Жакында Франциянын белгилүү журналисттеринин бири Клод Эмбер Батыштын биримдиги Ирак согушунун алгачкы курмандыгы болуп калды деген оюн айтып чыккан эле. Согуш аяктап бараткан сайын бул маселеге көбүрөөк көңүл бурула баштады. Айрым байкоочулар трансатлантикалык мамилелер бат эле оңолуп, мурдакы калыбына келет дешсе, башкалары азыркы пикир келишпестикти эл аралык байланыштардагы кризистин башаты катары мүнөздөп жатышат.
Согуштан кийин Ирактагы утурумдук администрацияны жетектөө үчүн Ак Үй отставкадагы генерал Жэй Гарнерди тандап алды. АКШнын Борбордук чалгын кызматы болсо ирактык оппозициячыл саясатчылардын эч кимиси жергиликтүү калк тарабынан колдоого алынбай турганын жоромолдоодо. Буга байланыштуу байкоочулар “Вашингтон Иракты кезектеги Карзайдан көрө экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Жапонияны калыбына келтирүү иштерин башкарган америкалык генерал Дуглас МакАртур өңдүү ишмердин колуна өткөрүп берүүнү артык көрөт” дешүүдө.
Британияда жергиликтүү маалымдоо каражаттары Перс булуңундагы согушту кандай чагылдырууда? Бул маселе кызуу талаш-тартыштарды жаратууда. Айрым расмий өкүлдөр басма сөз согуш жөнүндө объективдүү эмес, бир тараптуу, жалаң гана негативдүү маалымат берүүдө дешсе, башкалар болсо - уруш майданында жүргөн кабарчылардын ишин оң баалоодо.
Уруш жакын арада аяктайт деген жоромолдор менен кошо согуштан кийинки Ирак жөнүндө да арбын сөз айтылууда. Адистердин айтымында, өлкөнү калыбына келтирүү жана жаңы башкаруу органдарын түзүү иштери уруштун өзүнөн да кыйын болуп, бир топко созулуп кетиши ыктымал. Саддамдан кийинки Иракты ким башкарат деген собол АКШнын өзүндө да карама-каршы пикирлерди туудуруп жатат.
Коалиция күчтөрү Багдадка жакындаган сайын согуштан кийинки Иракты башкаруу маселеси көбүрөөк талкууга алына баштады. Маселе АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Европа Биримдигинин лидерлери менен болгон жолугушууларында да каралып, тараптар карама-каршы позицияда экени дагы бир жолу айкын болду. Айрым аналитиктер согуштан кийин мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюму да бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот деген пикирде.
Эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурган Багдад ушул тапта дүйнөдөгү эң көп сөз кылынган шаар десек жаңылышпайбыз. Коалиция аскерлери тарабынан курчоого алынып, бомбалардын жапырыгында калган бул баш калаанын көөнө тарыхы 9-11-кылымдардагы “мусулман ренессансы” деп аталган доор менен тыгыз байланыштуу.”Миң бир түндөгү” Шахерезаданын бал тилдүү жомокторунда сүрөттөлгөн сыйкырдуу Багдад шаары тууралуу эмнени билесиз?
Француз маалымдоо каражаттары расмий Париждин коалициялык күчтөрдүн Ирактагы согуштук аракеттерине карата саясатына бир добуштан колдоо көрсөткөн. Азыр деле дээрлик бир беткей маанай өкүм сүрүүдө. Бирок “Азаттыктын” Париждеги кабарчысы Жоел Блоккер жазгандай, акыркы күндөрү француз басма сөзү согуш жөнүндө тең салмактуу, объективдүү маалымат бере баштаганы байкалат.
Американын белгилүү тележурналисти Питер Арнетт Ирак сыналгысына жекшембиде берген интервьюсунда АКШ жетектеген коалициянын алгачкы планы ишке ашпай калгандыктан, вашингтондук стратегдер согуш планын кайрадан карап чыгууга мажбур болду деп айтканы үчүн ишинен бошотулуп, бирок аны башка бир басылма дароо эле кызматка алды. Деги, Батышта басма сөзгө цензура орнотуу аракети байкалабы?
Kоалиция күчтөрү Багдаддан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан Кербала шаарына жакындаганы кабарланууда. Ал эми курчоого алынган Басра шаарынан калк Британ аскерлеринин көзөмөлүндөгү аймактарга кайтууда. Талаа кабарчыларыбыздын уруш майданынан жиберген маалыматтарына негизделген баяндаманы сунуш кылабыз.
Европа Биримдиги Түркияны уюмга кабыл алуу боюнча стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизди. Атап айтканда, каржылык жардамдын көлөмү көбөйтүлдү. Бул Анкара үчүн жакшы жышаана катары бааланууда. Ошол эле мезгилде түрк аскерлери Түндүк Иракка киргизилбесин деген шарт уюмдун негизги талаптарынан болуп калды.
Перс булуңундагы экинчи согуштун башталаары алдында “Хюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму АКШ, Британия, Австралия жана Ирак өкмөттөрүнө кайрылып, согуш эрежелерин ырааттуу сактоого үндөгөн. Аталган эрежелердин арасында согуш туткундарынын укуктары Женева Конвенциясына ылайык сакталыш керек деген талап да бар. АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, жекшембиде туткундалган америкалык аскерлердин сыналгы аркылуу көрсөтүлүшү аталган Конвенцияны бузуу болуп саналат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары боюнча Комиссиясынын быйaлкы сессиясы оңой эмес шартта өтүүдө. Адам укуктары жаатында иш алып барган дүйнөдөгү эң негизги орган болуп эсептелген Комиссиянын абройу соңку кездери төмөндөгөнү байкалууда.
Ирак маселесинде дипломатиялык таймаш негизинен АКШ менен Франциянын ортосунда болгону маалым. Бул араздашуу 1966-жылы генерал Шарль де Голль өлкөнү НАТОнун биргелешкен аскерий командачылыгыанан чыгаруу жөнүндөгү чечиминен кийинки мезгилдеги эки мамлекет ортосундагы эң олуттуу кризиске алып келди. Эми Париж менен Вашингтон элдешип, мурункудай кызматташабы?
Бейшемби күнү Түркия парламенти - Бүйүк Межлис -АКШнын аскер учактарынын өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланышына уруксат берүү тууралуу өкмөттүк сунушту колдоду. Түрк аскерлери да түндүк Иракка кайрымдуулук жардамын көрсөтүү үчүн расмий мүмкүнчүлүк алууда.
Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча талкуу улантылышы күтүлүүдө. Бул жабык талкууну айрым байкоочулар кризисти чечүү жолундагы соңку дипломатиялык аракет катары мүнөздөп жатышат. Президент Буш дүйнө үчүн Ирак маселесинде чечүүчү саат жакындаганын жекшембиде эскертти.
Түштүк Кавказдагы үч мамлекет - Грузия, Армения жана Азербайжан территориялык жактан алганда чакан өлкөлөр болгону менен геостратегиялык чоң мааниге ээ.Буга карабай жакында Еврокомиссия иштеп чыккан “жаңы кошуналар саясаты” деген документте аталган өлкөлөр көңүл сыртында калган.
Еврокомиссия “жаңы кошуналар саясаты” деген атайын документ иштеп чыкты. Аталган документте бир катар мамлекеттер, анын ичинде Россия, Украина жана Молдова менен экономикалык интеграцияны жана саясий кызматташтыкты күчөтүү жөнүндө айтылат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирак маселеси боюнча талкуулар уланып жатат. Кеңеш мүчөлөрү бейшемби күнкү консультацияларда да орток пикир таба алышкан жок. Резолюция боюнча жума күнгө белгиленген добуш берүү кийинкиге калтырылды.
Дагы жүктөңүз