"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
АКШнын Атланта шаарында полиция кармап жатканда жарадар болуп, ооруканада каза болгон афроамерикалык Рейшард Брукстун далысына эки ок тийгени аныкталды. Өткөн жума күнү болгон ал окуя калаада ири нааразылыкка себеп болду.
Орусиянын Буденновск шаарындагы барымта окуясына 25 жыл болду. Беш күн бою талаа командири Шамил Басаев баштаган согушкерлер бир жарым миңдей кишини жергиликтүү ооруканада туткунда кармап турушту.
Швециянын прокуратурасы мурдагы премьер-министр Улоф Палменин өлүмү боюнча иш жабылганын билдирди. 34 жылдан бери бул кылмыштын бети ачылбай келип, мындан кийин деле Швециянын жаңы тарыхындагы эң табышмактуу окуя бойдон калчудай.
Жакында чет өлкөлөрдө жашаган түркмөндөрдүн тобу, көбү эмгек мигранттары, нааразылык акциясына чыгышкан.
Пандемия шайлоо уюштуруунун жол-жоболоруна да таасир этчүдөй. Почта же Интернет аркылуу добуш берүүдө кандай бурмалоого же калпыстыктарга жол берилиши мүмкүн?
Өзбекстандын Москвадагы элчилиги өлкөсүнө кайтууну көздөп, Самарада Казакстан менен чек арада топтолуп калган мекендештерине Орусиянын өнөр жай ишканаларында жумуш сунуш кылды. Гонконгдо Бээжинге нааразылык күчөп жатат. Монтенегро коронавирустан арылган Европадагы алгачкы өлкө болуп калды.
Коронавирус пандемиясы Евразия Экономикалык Биримдигине кандай таасир этти?
Жекшембиде Гонконгдун полициясы демократиячыл демонстранттарга каршы күч колдонду.
Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер мусулман жамааттары Орозо айтты майрамдагандан кийин коронавирусту жугузуп алган адамдар көбөйүшү мүмкүн деп чочулашат.
Дагестан коронавирус жуккандардын саны боюнча Орусияда төртүнчү орунга чыкты.
Өзбекстандагы Сардаба дамбасы кыйрагандан кийин кошуна Казакстанды кошкондо ондогон айыл-кыштакты суу каптады, жүз минден ашуун киши эвакуацияланды, канчалаганы үй жайсыз калды.
Ооган президенти Ашраф Гани коопсуздук күчтөрүнө «Талибан» кыймылынын жана башка уюмдардын жоочуларына чабуул коюуга буйрук берди.
Орусия кооронавируска кабылгандардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты. Европанын айрым жерлеринде пандемияга байланышкан кээ бир чектөөлөр акырындап алына баштады. Дүйшөмбүгө карата дүйнөдө ооругандар 4 миллиондон ашты, 280 миңден ашун бейтап оорунун айынан дүйнө менен кош айтышты.
Беларус пандемия маалында Жеңиш күнүнүн урматына аскердик парад өткөрдү. Ал эми Москва бул майрамды кийин белгилемей болду.
Орус башкалаасынын мэри Сергей Собянин бейшембиде “Россия 24” телеканалына берген интервьюда шаар тургундарынын 2-2,5 проценти же 300 миңдей киши коронавирусту жугузуп алганын билдирди.
Орусияда 10-апрелден бери үй-бүлөлүк зомбулукка даттангандар эки жарым эсе көбөйгөнүн омбудсмен Татьяна Москалькова шейшембиде билдирди. Айрым укук коргоочулар өлкөдө бул маселеге жетиштүү көңүл бурулбай жатат деп эсептешет.
Пандемия коомдук жашоону көп жагынан өзгөртөрү азыртадан эле билине баштады. Ал эми динге кандай таасир этиши мүмкүн?
Британияда бейшембиде коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Вакцина Оксфорд университетинде иштелип чыккан. Ал арада Германиянын тиешелүү мекемеси ыктымал вакцинаны адамдардын үстүнөн сыноого уруксат бергени кабарланды.
Коронавируска байланыштуу дүйнө жүзүндө ачарчылыкка кабылган адамдардын саны эки эсе көбөйүшү ыктымал. Кыргызстанда коронавирус жуккан бир милиция кызматкери реанимацияда жатат. Иран орбитага аскердик жандооч чыгарганын билдирди.
Коронавирус пандемиясы басма сөз эркиндигине коркунучту көбөйтүп жатат.
Дагы жүктөңүз