"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Украинанын президенти Петро Порошенко өлкө чыгышында ок атышууну токтотуу макулдашуусу бузулуп жатканын айтып, "согуш коркунучу дале сакталууда" деп эскертти.
АКШда миңдеген полициячылар менен улуттук гвардиянын аскерлери өлкө чыгышындагы Балтимор шаарына жайгаштырылды.
Европа биримдиги Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясына Европанын рыногунда үстөмдүк кылууга аракеттенген деген доомат артууда.
Европа комиссиясы бүгүн, 22-апрелде Орусиянын мамлекеттик "Газпром" ишканасына атаандаштык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөө коёт деп күтүлүүдө.
Владимир Путин жылдык суроо-жооп сессиясын өткөрдү. Бул жолку түз байланыш Батыш менен Москванын мамилелери начарлап, санкциялар киргизилген, мунайдын баасы кескин арзандап, орус рублинин куну качкан кезге туш келди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри АКШ Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө өнөктөштөр менен бирге дүйнөнү коопсуз кылууга салым кошо турган келишимге жетише алат деп билдирди.
Хиллари Клинтон АКШнын негизги штаттарын кыдырууну баштады. Апта соңунда мурдагы биринчи айым жана мурдагы мамлекеттик катчы 2016-жылы президенттик кызмат үчүн ат салышаарын жарыялаган. Эгерде шайланып калса, Клинтон АКШ тарыхындагы биринчи аял-президент болуп калмакчы.
Орусиянын президенти Владимир Путин Грекия Түрк агымы газ долбооруна катышса, өлкө келечекте энергияны бөлүштүрүүчү ири хабга айланышы мүмкүн деп билдирди.
Москва облусундагы "Сахарово" миграциялык борборунда тажикстандык жаран каза болду.
Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүү бүгүн аяктоого тийиш. Орусиянын тышкы иштер министри келишимдин негизги пункттары макулдашылганын айтса, Батыш дипломаттары муну төгүндөшүүдө.
Дүйнөлүк державалар атомдук программасы кыскартылса, Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялардын айрымдары алынып салынаарына убада кылып келатышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы 29-марттагы президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 91,01% катышканын билдирди. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары дүйшөмбүдө жарыяланат.
Бээжинде электр моторлуу 18 метрлик автобус жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Аргентиналык археологдор нацисттердин жогорку жетекчилери жашырынган болушу мүмкүн деген жерде казуу иштерин жүргүзүштү. Газа тилкесинде эки айлык арстандар Мона менен Алекс эми Саада ал-Жамалдын үйүндө жашашат.
АКШ президенти Барак Обама ирандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, эки өлкөнүн мамилелерин өзгөртүү үчүн көп жылдардан бери биринчи жолу “эң мыкты мүмкүнчүлүк” түзүлүп жатканын белгиледи.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Тунистин музейиндеги терактты айыптап, бул окуя өлкөнү демократия жолунан кайтара албайт деп билдирди
Түркиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун өмүрүнө кол салган деп шектелген бир нече киши кармалды.
“Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери тарыхый эстеликтерди кыйратууну улантышууда. Ирактын өкмөтү согушкерлер байыркы Ассирия мамлекетинин борбору Нимруд шаарынын урандыларын бульдозер менен сүрдүрүп жатышканын билдирди.
27-февралда киши колдуу болуп өлгөн саясатчы Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюлду.
Казакстанда кызамыкка каршы эмдөө 2-мартка чейин токтотулду. Бул арада вакцина экспертизадан өткөрүлүп, балдардын ооруканаларга түшкөнү текшерилмекчи. Маңгыстау облусу жана Темиртау шаарында 100дөн ашуун өспүрүм эмдөөдөн кийин абалы начарлап, ооруканага жаткырылган.
Тажикстанда парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери кызып турган учур. Ага катышчу саясий күчтөр көбүрөөк добуш алуу максатында ислам баалуулуктарына басым жасашууда.
Дагы жүктөңүз