“Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.
Жогорку Кеңештин депутаты, Аксы окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Дооронбек Садырбаев өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын бүгүн парламентте жарыя кылды. Анын айтуусунда комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгынын ачыкка чыгуусун каалабагандар депутаттын көзүн тазалоону кылмыш дүйнөсүнүн адамдарына тапшырышкан. Парламент Дооронбек Садырбаевдин билдирүүсү боюнча атайын токтом кабыл алып, анын коопсуздугун камсыз кылууну Ички иштер министрлиги менен Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды.
Кыргызстандагы укук коргоочулар көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза зарылдыгын белгилешүүдө. Алардын айтуусунда мамлекетке баш ийбеген соттук-медициналык экспертиза болмоюнча, күч структураларында коррупция токтобойт. Ал эми Адилет министрлиги соттук-медициналык экспертиза соттор сыяктуу эле көз карандысыз экендигин билдирүүдө.
Каракече көмүр кени кайрадан талашка түшүү коркунучунда турат. Кенди иштетип жаткан ишкана ээлеринин айтуусунда “Жоомарт” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев Каракечени мыйзамсыз ээлеп алуу аракеттерин кайрадан баштоодо. Алардын белгилөөсү боюнча кенди Мотуев ээлеп отурган бир жарым жыл ичинде мамлекеттик бюджет 16 млн сомго зыян тарткан. Нурлан Мотуев болсо мындай дооматтардын баарын жокко чыгарып келе жатат.
Күч колдонуу милиция кызматкерлеринин кызматтык милдетинин бир бөлүгү болуп калды деген тынчсыздануу менен укук коргоочулар добулбас кага башташты. Алар күч колдонуу менен айрым учурларда кишини өлүмгө чейин жеткирип жаткан тартип сакчылары тиешелүү түрдө жоопко тартылбай, мыйзамдан тыш калып жатканын айтышууда. Акыркы бир жыл ичиндеги эле милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна туш болгон жана табышмактуу өлүм менен каза тапкан жарандар ондоп саналат.
23-августта Каракече көмүр кенинде болгон окуя боюнча прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат. Жумгал районунун Башкууганды айлынын тургуну Сапарбек Бактыбеков өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев баш болгон жоон топ киши опузалап, машинасына карата ок аткылагандыгы тууралуу арыз менен Жумгал райондук прокуратурасына кайрылган. Учурда Каракече көмүр кени милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынды.
Быйыл дунган элинин Кытайдан Борбор Азияга качып келгенине 130 жыл болду. 1877-жылы Кытайдын манчжур-цин бийлигинин кысымына чыдабаган дунгандардын бир бөлүгү Алатоого качып келүүгө аргасыз болгон. Ушул тапта Кыргызстанда 59 миңден ашуун дунган жашайт.
Адам укугун коргоочу айрым эл аралык уюмдар Кытайда “Фалундафа” деп аталган агымдын мүчөлөрүнө болгон куугунтук уланып жаткандыгына тынчсызданышууда. Алар аталган агымга кирген адамдардын дене мүчөлөрү башка адамдардын органдарын алмаштыруу үчүн колдонулуп келе жаткандыгын белгилешет. “Фалундафа” агымынын ишмердүүлүгүнө экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын катарында Кыргызстанда да тыюу салынган.
Бүгүн Бишкек шаардык соту Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды канаттандырбаган чечимин чыгарды. Бул коюлуп жаткан айыптын оор кылмышка кирери менен түшүндүрүлдү. Айыпталуучунун жакындары ШКУ саммит күндөрү Өкмөт үйүнүн жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына нааразылык иш-чараларын уюштурарын бекемдешти.
“Мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында отурган журналист Жыпаргүл Арыкованын жакындары пикетке чыгышмакчы. Алар Бишкек шаардык соту Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртпөсө, ШКУ саммити өтүүчү күндөрү Акүйдүн алдына нааразылык иш-чарасын уюштурарын билдиришүүдө. Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти шаардык сот качан карары белгисиз.
Өкмөт башчы өткөн айдын башынан тарта баасы көтөрүлгөн ундун баасын төмөндөтүү талабын коюууда. Кыска убакыттын ичинде баа 20-40% көтөрүлгөнүн белгилеген Алмазбек Атамбаев дан азык баасынын өсүшүн жөнгө салуу боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен 1-августта атайын жыйын өткөрмөкчү. Адистер болсо нандын баасы дүйнөлүк базарда кымбаттап жаткандыгын айтышып, муну жөнгө салуу кыргыз өкмөтүнүн колунан келбей тургандыгын айтып жатышат.
Июль айынан тарта Кыргызстандын базарларында ун, дан жана нандын баасы кымбаттады. Керектөөчүлөр нандын баасы 1 сомго, ундун 1 кг 3-5 сомго, ал эми буудай данынын баасы 2-4 сомго кымбаттаганын байкашты. Ошондой эле ушул тапта Кыргызстанда эгин оруп-жыюу иши 70-80% аяктады. Ушундай бышыкчылык учурунда ундун баасы көтөрүлүп жаткандыгын адистер дүйнөлүк базарда азык-түлүк данынын көтөрүлүп жатканы менен байланыштырышууда. Дүйнөлүк базарда азыр азык-түлүк данынын бир тоннасы 350 долларга чыкты. Бул өткөн жылга караганда 30-40 пайызга кымбат. Мындан тышкары Кыргызстандын базарларын жана тегирмендерин дан менен камсыз кылып келген Казакстандын өзүндө да буудай тартыш болуп жаткандыгы да айтылууда. Ошондой эле баанын өсүшүнө быйылкы жылы Орусияда, Украинада жаңы түшүмдү алуу убагына чейинки запас буудай жетпей калгандыгы да себеп болгон.
Ысыккөл биосфералык коругуна кирүү үчүн Балыкчы шаарына кире бериште атайын коюлган экологиялык посттон ар бир автоунаа 50 сомдон 500 сомго чейин төлөйт. Аталган посттон быйыл жыл башынан бери 5 млн 300 миң сом чогулган. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары жана шаардык мэрия экопосттон түшкөн кирешеден шаардык бюджетке да каражат түшүүгө тийиш деп талап кылып келишет. Мындан тышкары экологиялык посттон күн сайын түшүп жаткан акча кагаз жүзүндө толугу менен көрсөтүлбөй, айрым шылуундардын чөнтөгүнө кетип жатат деген айыптоолор да бар.
Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловго айып такты. Анын үстүнөн 2002-жылы 17-18-мартта Аксы районунда тынч бараткан элге ок атылуусуна тиешеси бар деген айып менен кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткан. Аманбек Карыпкулов өзү болсо Аксы окуясында эч кандай айыбы жок экендигин айтып келе жатат.
Апрель митингдеринде массалык тартипсиздиктерге катышкан деген айып менен камакка алынган айрым жарандардын иши сотко өттү. Нааразылык акцияларына катышкан деп саналган Эркин Акназаров менен Жолдошбек Абдиевдин соту Бүгүн Бишкектеги 1-Май райондук сотунда болмок. Бирок айыпталуучуларды сотко апкелүүгө мүмкүндүк болбогонуна байланыштуу ишти кароо 13-июлга калтырылды. Айыпталып жаткандардын жакындары жана укук коргоочулар бийлик муну менен саясий куугунтук жасап жатат деген ойду айтып жатышат.
Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин отуруму болуп өттү. Бул иш-чара алдыда боло турган саммитти утурлай өткөрүлүп, анда министрлер саммиттин күн тартибине киргизилчү маселелерди аныкташты. Отурумдан кийин министрлер журналисттердин суроолоруна жооп берип, Шанхай кызматташтык уюмунун мааниси, ага мүчө өлкөлөрдүн геосаясий жана экономикалык жактан өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу ой бөлүштү.
Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча 1 миллион кишинин колун чогултуу кампаниясы 5-июлдан тарта башталды. Бул иш-чара адам укугун жана эркиндигин чектөө күчөп бараткандыгына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары белгилегендей 2006-жылдан тарта күч органдарынын кароолуна укук коргоочулар жана аялдар көбүрөөк илинүүдө.
Апрель митингдеринин катышуучусу, 15-апрель күнү Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын абагында табышмактуу каза болгон Бектемир Акуновдун өлүмү боюнча мамлекеттик комиссия изилдөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу анын уулу Урмат Акунов “Азаттыкка” айтып берди. Аны менен кабарчыбыз Замира Кожобаева маектешкен.
Каникулга тараар алдында Жогорку Кеңеш “Түндүк электро” акционердик коомун менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттин бул кадамга баруусуна кыргыз бийлигинин гана коррупцияга малынганы эмес, эл аралык коррупциялык мафия системасы аралашкан аракеттер түрткү болгон деп эсептейт экономист Айылчы Сарыбаев. Ал “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде энергетика тармагын менчикке берүүнүн өзү элге каршы кылмыш кылуу менен барабар, деген оюн билдирди.
Өткөн жуманын этегинде президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Айчүрөк Эшимова кызматынан бошотулду. Мамлекет башчы анын ордуна мурдагы Баш прокурор Камбаралы Конгантиевдин талапкерлигин сунуштап, бирок парламент бул маселени караганга үлгүрбөй калды. Дайындалганына жарым жыл болбой жатып БШК төрайымынын кызматтан бошотулушу тууралуу коомчулукта ар түрдүү пикирлер жаралып жатат.
Аксы окуясы боюнча кайрадан тергөө боло турган болду. Бүгүн Жогорку соттун соттук коллегиясы Аксы окуясы боюнча мурда соттолуп, кайра акталган алты кишиге карата мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарды. Ага чейин жаңы ачылган жагдайлар боюнча Башкы прокуратуранын корутундусуна карата тараптардын жарыш сөзү угулду. Соттун чечимине нааразы болгон айыпталуучу тарап жакынкы күндөрү нааразылык акцияларын уюштураарын билдирүүдө.
Дагы жүктөңүз