"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
23-ноябрда жарык көргөн “Агым” гезитинде журналист Алым Токтомушевдин Кытайга берилген Үзөңгүкууш, канадалыктарга сатылган Кумтөр жана менчиктештириле турган энергетика тармагы тууралуу макаласы жарыяланды. Ал эми “Аалам” гезити дайынсыз жоголгон укук коргоочу Турсунбек Акун тууралуу ой-пикирлерге орун берди.
Кыргыздын атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулду мурдакы муундун өкүлдөрү жакшы билген менен жаш муундар билбей калды. Өлкөдө Кожомкул атындагы кайрымдуулук кору да түзүлүп, балбандын эстелиги курулуп бүткөнү калды.
Былтыр күздөн баштап 2006 – жылы Германияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиоантына талапкерлерди иргеп алуу мелдештери башталган. Биринчи этапта Пакистандык футболчуларды 6:0 эсебинде уткан Кыргызстандын командасын адистер дагы чебердикти жогорулатуу керектигин айтышкан. Тилекке каршы кыргызстандык футболчулар кийинки 2-этапта ийгилик жарата албады. Эми 17-ноябрда Дамаск шаарында Кыргызстандын командасы акыркы беттешүүсүн өткөрүп жатат.
Кыргызстандык шахматчылар эгемендүү болгондон бери дүйнөлүк 7 олимпиадага катышты. Жакында Испанияда бүткүл дүйнөлүк 36-шахмат олимпиадасы аяктап, кыргызстандык кыз-келиндер командасы өз тобунда алтын байгелүү болушту.
16-ноябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында өлкөдөгү эсепсиз жоголгон энергия, эл аралык валюта Фондунун ишкердиги жана Ясыр Арафат тууралуу макалалар жарыяланса, ал эми “Аалам” гезити улуттук дөөлөт-мурастар тууралуу окурмандардын ой-пикирлерине орун берди.
Түндүк Кореянын борбору Дэджон шаарында өткөрүлгөн эл аралык таэквондо федерациясынын дүйнөлүк чемпионатында кыргызстандык үч жигит 11 медаль жеңип, өлкөнү эл аралык аренада тааныты.
Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан”, “Вечерний Бишкек” жана “МСН” басылмалары өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин калкка кайрылуусу тууралуу макалаларга орун берди.
26-октябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Алым Токтомушевдин «Жолбүгүн» түрмөгүнөн «Шашып жатышат» деген макаласы бул жолу электр тармагындагы көйгөйлөргө арналды. Ал эми “Аалам”, гезити улуттук-рух дөөлөттөр тууралуу ой-пикирлерге орун берди.
Жалалабад шаарында Кыргызстандын 4-спартакиадалык оюндары 14-октябрда башталып, 20-октябрга чейин өткөрүлдү. Андагы мелдештердин деңгээли, уюштуруу иштери жөнүндө кайчы пикирлер айтыла баштады.
19-октябрдагы “Агым” гезити Аскар Акаевдин мураскерлери жана жакында отставкага кетүүчү чиновниктер тууралуу божомолдорду жарыяласа, ал эми “Аалам” басылмасы өлкөнүн жаштарынын келечек тууралуу ой-пикирлерине орун берди.
Кулатуу - кыргыз элинин күрөш, кармаш өнөрү. Анын негиздөөчүсү - физика-математика илимдеринин кандидаты, каратэ-до боюнча кара кур ээси Темир Турусбеков. Кулатуу күрөшүнүн башка чыгыш оюндары сыяктуу эле өз эрежелери, ыкмалары бар. Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарында өткөрүлгөн жоокердик өнөрдүн дүйнөлүк биринчи фестивалында кулатууну кыргызстандык Павел Федотов эларалык аренада таанытып келди.
15-октябрдагы “Агым” басылмасында «Жолбүгүн» түрмөгү астында журналист Алым Токтомушевдин «Шашып жатышат» деген макаласы жарыяланды. Ал эми “Аалам”, “Жаңы ордо”, “Бишкек таймс” жана “Заман Кыргызстан” гезиттери да менчиктештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу ой- пикирлерге орун беришти.
13-октябрда жарык көргөн “Республика” жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыктары тууралуу жазды. Ал эми “Адабий гезит” басылмасы белгилүү акын Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгы жөнүндөгү илимий конференция тууралуу макалага орун берди.
12-октябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу макала жарыяланса, ал эми “Аалам” гезити ушул шайлоолор тууралуу окурмандардын да ой-пикирлерине орун берди.
1-октябрдан сегизине чейин Жалалабад шаарында Кыргызстандын 4-спартакиадалык оюндары өткөрүлмөк. Бирок ал жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата 14-октябрга жылдырылды.
15-августтан 15-декабрга чейин Кыргызстанда чет өлкөлүк мергенчилер үчүн күзгү аң уулоого уруксат берилди. 4 ай бою Мамлекеттик токой кызматы тарабынан чет элдик аңчылар тоо теке, кулжа, каман баштаган жапайы жаныбарларды атууга мүмкүнчүлүк алышат.
Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы 10-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу макалага орун берди. ”Вечерний Бишкек” басылмасы да шайлоо темасына кайрылды.
Майып спортчулардын паралимпиадалык 12-оюндары Грекиянын борбору Афинада аяктап, Кыргызстандын чакан делегациясы 3-октябрда Бишкекке кайтып келишти.
Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы өлкөнүн билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу макалага орун берди. ”Вечерний Бишкек” басылмасы коопсуздук кызматкерлери тарабынан радиоактивдүү плутоний затын сатууну көздөгөн атуул кармалганын кабарлады.
Дагы жүктөңүз