"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
10-январдагы президенттик шайлоодо жана референдумда жарандар кандай добуш беришти? Мурдагы шайлоолордогу көрсөткүчтөр менен окшоштук, айырмачылыктар барбы? “Азаттыктын” түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Эл аралык байкоочулардын көзү менен Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум кандай өттү? Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Тамаш Месерич “Азаттыкка” маек курду.
Кыргызстандын тарыхында президенттик шайлоонун жыйынтыгы эки айлампа менен аныкталган учур боло элек. Ушуга чейинки жети президенттик шайлоонун басымдуу бөлүгүндө бийликтеги же бийлик алдыга сүрөгөн талапкерлер жеңишке жеткен.
Кыргызстандыктар 10-январда алтынчы президентин шайлаганы турат. Жаңы бийлик бул жолку шайлоо өнөктүгүндө канчалык бейтараптуулукту камсыз кыла алды? Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев “Азаттыкка” маек курду.
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу орто аралыктагы баяндамасын жарыялады. Анын чоо-жайы тууралуу суроолорго миссиянын жетекчиси Тамаш Месерич жооп берди.
Кыргызстанда жаңы сунушталган Конституциянын долбоорунда “Элдик курултайга” өзгөчө макам берилет. Азиядагы үч өлкө элдик жыйындардан эмне пайда-зыян тапкан?
Азери күчтөрү Тоолуу Карабак менен Армениянын ортосундагы Калбажар районуна киришти. Ушуну менен Карабактагы кармашты токтотууну көздөгөн тынчтык келишиминин алкагында экинчи район Бакунун көзөмөлүнө өттү.
АКШ 18 жылдан бери күчүндө болуп келген "Ачык асман" эл аралык келишиминен расмий чыкты. Америка тарап Москванын бул келишимдин шарттарын бузганын жүйө катары келтирүүдө. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги Вашингтондун чечимин айыптап чыкты.
18-ноябрда Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы “Кыргызстандын учурдагы парламентинин конституциялык реформаны жүргүзүүгө ыйгарым укугу жок” деген бүтүмүн жарыялады.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылышы жана Конституцияны өзгөртүү аракеттери боюнча Венеция комиссиясынын ардактуу төрайымы Ханна Сухоцка “Азаттыкка” маек курду.
Евробиримдик менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин 17-ноябрдагы видео конференциясында Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу да учкай сөз болду. Бул тууралуу Еврошаркеттин тышкы маселелер боюнча башкы басма сөз катчысы Питер Стано “Азаттыкка” маегинде билдирди.
Акыркы 20 жылдын ичинде Европа менен Азияда кеминде он мамлекет парламенттик башкарууга багыт алды. Парламенттик өлкөлөр бай жана бакубат жашайбы? Конституциясын онунчу жолу өзгөрткөнү жаткан Кыргызстан алардан кандай сабак алышы керек? “Азаттыктын” видеосун көрүңүз.
Кыргызстандын жаңы бийлиги чет өлкөлөрдөн жардам алыш үчүн канадалык «Dickens&Madson» компаниясы менен миллион долларлык келишим түзгөнү тууралуу кабар дагы эле талкуу жаратууда.
«Foreign Lobby Report» порталынын негиздөөчүсү жана редактору Жулиан Пикей Кыргызстандын жаңы бийлиги менен канадалык компаниянын ортосунда түзүлгөнү айтылган лобби келишими тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.
Октябрь айындагы саясий окуялардын Кыргызстандагы ишкердикке жана инвестициялык климатка тийгизген таасири тууралуу бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит “Азаттыкка” маек курду.
Белгисиз топтордун опузасынан улам бир катар чет элдик компаниялардын иши дагы эле токтоп турат.
Кыргызстанда Конституцияны онунчу жолу өзгөртүү аракети башталды. Бул өзгөрүү демократиялык өнүгүүдөгү башкы баскыч болгон парламенттик башкаруу системасын бекемдейби же тескери багытка бурулуп, бийликти бир колго топтоого шарт түзөбү? Өлкө Грузиядан эмнени үйрөнө алат?
Кыргызстанда президенттин кызматтан кетиши жана жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен коштолгон соңку саясий чечимдер боюнча жаңычыл, реформачыл күчтөрдүн ой-пикири кандай? Жарандык активист, “Реформа” партиясынын талапкери Мирбек Маматкасым уулу “Азаттыкка” ой бөлүштү.
Дагы жүктөңүз