"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Жогорку Кеңеш 11-июндагы жыйынында өлкөнүн гимнин жаңылоого байланыштуу парламенттин токтомунун мөөнөтүн узартууну карады. Натыйжада бул маселени күн тартибинен алды жана тармактык комитеттин кароосуна кайра кайтарылды.
Кой-Таш ишине байланыштуу соттолгон оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылды. Азат Равшан анда атасы сегиз айдан бери "террорист-экстремисттер кармалган терезеси жок катаал шарттагы камерада отурганын" айтып чыкты. ЖАМК, президенттин администрациясы комментарий бере элек.
Алты айдан бери тергөө абагында отурган "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөөчүлөргө байланыштуу дагы сотко кайрылды жана өзүнө козголгон ишти "бийликтин басымы" деп сыпаттады. ИИМ Султанбековдун дооматтарына байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерде кыргыз тилин окутууга өзгөчө көңүл буруларын дагы бир жолу ырастады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, соңку талкууларга жооп берди.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 13 медициналык окуу жай аккредитациядан өтпөй калганын билдирди. Учурда ал жакта буга чейин окуп келген студенттердин санын тактоо жана башка окуу жайларга которуу жагы караштырылып жатат.
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, ишкер Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганы кабарланды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.
Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасын каралоо өнөктүгү жүрүп жатканын айтып чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасына "10-15 адамдан турган мындай топко укук коргоо органдары реакция жасабай жатканын" жазды.
Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова камактагы күйөөсү Жаныбек Кубандыков тууралуу комментарий берди. Ал соцтармактарга жолдошу эки чет өлкөлүк ишкерди тааныштырганын, бирок бири экинчисин алдап кетип, ортого түшүп "тааныштырганы үчүн күйүп жатканын" жазды.
Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы Фарид Ниязов менен жарандык активист Адилет Балтабайга ырайым бергени маалым болду.
Кыргызстанда кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы дыйкандардын негизги көйгөйүнө айланды. Изилдөөлөргө ылайык, климаттык оош-кыйыштын кесепети ириде айыл чарбасына тиет. Адистер мындан улам келечекте азык-түлүк жана суу коопсуздугуна байланыштуу курч маселер жаралышы ыктымалдыгын эскертишет.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиевди каматкан айрым жагдайларды ачыкка чыгарды.
Президент Садыр Жапаров 31-мартта Нарын баштаган бир катар шаарлардын мэрлерин, айрым райондордун акимдерин алмаштырды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин аймактагы кээ бир өкүлдөрүнүн жана акимдеринин орун басарларын дайындады.
Кыргызстанда 1992-2023-жылдар аралыгында абанын орточо температурасы 1,3 градуска көтөрүлдү жана жакынкы жылдары дагы жогорулашы мүмкүн. Мындай климаттык оош-кыйыштын айынан өлкөдө жер көчкү, сел өңдүү табыгый кырсыктар дагы көбөйүшү ыктымал. "Азаттыктын" даректүү тасмасы.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев 26-мартта күбө катары милицияга экинчи жолу көрсөтмө бергени жөнүндө маалымат чыкканы менен ал өзү азырынча үн катпай турат. Бул жагдай, өз кезегинде, ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратты.
“Аю холдингин” негиздеген ишкер, Лондондо жүргөн Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү кызуу талкууда. Ал жылдар бою түптөгөн бизнесинен кантип заматта кол жууп калганын, саясатка кантип аралашканын жазган.
Кыргызстанда "АЮ Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады.
Президент Садыр Жапаров 23-февралда бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарган жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбековго генерал-полковник деген наам алды.
Президент Садыр Жапаров 23-февралда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегинде орусиялык ишкер Алексей Ширшовго байланышкан суроолорго жооп берди.
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри кылып Жанар Акаевди дайындады. Ага чейинки мэр Жеңишбек Токторбаевди өзү жазган арыздын негизинде деген жүйө менен иштен алды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын кызматта иштеп кеткен айрым адамдар "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" шек саналып жатканын билдирди.
Дагы жүктөңүз