"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Данияр Дыйканбаев үч жылдан бери Таиланддагы туристтик агенттикте гид болуп иштейт. Ал чет жердеги өзүнүн иши, тай элинин нарк-насили тууралуу айтып берип, жалпы туризм тармагын өнүктүрүү жаатындагы ойлору менен бөлүштү.
Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү кечээ "Талибан" кыймылынын колуна өткөн Кундуз провинциясын бошотуу операциясын баштады.
Эл аралык Миграция уюмунун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, быйылкы жыл ичи Жер Ортолук деңизинен 500 миңдей качкын өттү.
Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө партиянын жетекчиси жана анын кармалган адамдары тындым кылынган генерал Абдухалим Назарзоданы колдогон деп айыпталган.
Соңку маалыматтарга караганда, жыл башынан бери Евробиримдиктин чек арасынан өткөн качкындардын саны 500 миңден ашты. Алар негизинен Сирия, Ооганстан, Ирак жана башка согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөн келгендер. Кризистен улам качкындарды өз өлкөсүнөн Европага мыйзамсыз жеткирүү бизнеси да күч алды.
Кыргызстанда жылына онкологиялык дартка чалдыккан 200гө жакын бала ооруканага түшөт. Алардын элүүгө чукулу илдеттин акыркы стадиясында, башкача айтканда, оор абалда экени аныкталат.
11-сентябрда кино тармагындагы эң абройлуу сынактардын катарына кирген Венеция эл аралык кинофестивалында кыргызстандык режиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” аттуу тасмасы көрсөтүлдү.
Белгилүү адвокат, Голливуддун атактуу актеру Жорж Клунинин жубайы Амал Клуни Мальдива Республикасынын мурдагы президентин сотто жактамай болду. Тайванда маркумду акыркы сапарга шаан-шөкөт менен музыканын коштоосунда узатуу салтка айланууда.
Түркиядагы Бодрум шаарындагы деңиз жээгине сүрүлгөн үч жашар Айлан, анын беш жашар агасы Галиб жана энеси Рехабдын сөөгү Кобани шаарында жерге берилди.
Германия менен Батыш Европанын башка өлкөлөрүнөн баш калка алууну көздөгөн жүздөгөн мигранттар Будапешттин эл аралык темир жол бекетинин алдында нааразылык акциясында турганына экинчи күнгө аяк басты.
Баку соту шейшембиде “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен кызматташып келген азербайжандык журналист Хадижа Исмаилованы жети жарым жылга эркинен ажыратты.
Бакудагы бүгүнкү сот жараянында журналист Хадижа Исмаиловага соңку сөз берилди. Бирок прокурордун талабы менен анын сөзүн судья орто жолдон токтотту.
Ак-Суу районундагы асыранды балдар үйүнүн беш бүтүрүүчүсү Казан федералдык университетине өтүп, кубанып турган чактары.
“Тажикстандык көчө шыпырган сулуу” деген аталышта дүйнөлүк маалымат желесине тараган 19 жаштагы Мунира Мирзоеванын сүрөтү кызуу талкуу жаратууда.
Ирандын борбору Тегеранда мындан төрт жыл мурда жабылган Британиянын элчилиги жекшембиден тарта кайрадан иштей баштады.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, ушул тапта чет жактагы миллионго чукул кыргыз жарандарынын 16 миңге жакыны гана биометрикалык маалыматын тапшырды.
Жаңы окуу жылы жакындаганы хижаб маселеси кайрадан талаш жаратууда. Мектептерде мамлекеттин укук тартибин сактоо жана диний ишеним эркиндиги ортосундагы тең салмактуулукту кантип сактоо керек?
Кыргызстандык дарыгер, 35 жаштагы Улук Сатымбаев Сомалинин баш калаасы Могадишо шаарында уролог-врач болуп эмгектенет.
Атактуу орус ырчысы, бард Владимир Высоцкийдин 1979-жылы Лос-Анжелесте жаздырган ырлары табылды. Калифорниялык музыкант Майкл Миш бир кезде анын үй студиясында жазылган Высоцкийдин “Бейиш алмалары” аттуу чыгармасынын элге чыга элек вариантын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна алып келди.
Исламабад 31-июлга белгиленген Кабул менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы кийинкиге калганын билдирди.
Дагы жүктөңүз