Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Борбор Азия

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөнү Кыргызстанда биринчи болуп алды. Ага SinoPharm компаниясы чыгарып, Кытай өкмөтү жардам катары берген вакцина сайылды. 2021-жылдын 29-марты.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөнү Кыргызстанда биринчи болуп алды. Ага SinoPharm компаниясы чыгарып, Кытай өкмөтү жардам катары берген вакцина сайылды. 2021-жылдын 29-марты.

Бүгүн - 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөдөн Кыргызстанда биринчи болуп өттү. Ал ошондой эле басма сөз жыйынында Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанга май-июнь айларында келиши мүмкүн экенин айтты.

Кыргызстан эмдөөнү кытай вакцинасы менен баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Коранавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жоопкер болот. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү эмдөөдөн өтөөрдөн мурдагы басма сөз жыйынында билдирди.

“Бул вакцина дүйнөнүн 53 өлкөсүндө колдонулган экен. Анын таасири дене тап бир аз көтөрүлүп, адамды алсыратат экен. Вакцинаны алган адамдын саламаттыгында оорчулуктар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги жооп берет. Анын ичинде министр катары мен жооп берем”, -деди Бейшеналиев.

Ошондой эле ал азырынча Кыргызстанда коронавирустун мутанцияланган жаңы түрү каттала электигин да кошумчалады.

Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле Орусиянын «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанга май-июнь айларында келиши мүмкүн экенин айтты.

“Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда «Спутник V» вакцинасынын 500 миң дозасын алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү”, - деди министр.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаменти «Спутник V» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө каражаты катары өткөн айда каттаган.

Алгач эмдөөдөн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү өтөт.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бурул Асыкбекова 26-мартта “Азаттык” радиосуна берген маегинде вакцинадан баш тарткандар да бар экенин айткан. "Баш тартуунун себептери, ошондой эле андай дарыгерлердин саны канча экендиги эмдөөнүн жүрүшү менен белгилүү болот" деп билдирген.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-март күнү эртең менен берген маалыматына караганда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду.

Вирус 71 кишиге жукканы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1483 кишини түздү.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 88 163 адамга жетти. Акыркы суткада вирустан 53 адам айыгып чыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны – 84 653.

Стационарда дарыланууда 550 бейтап бар. Анын 23ү өтө оор, 122си оор абалда жатат.

29-мартка карата төрт медицина кызматкерине коронавирус жукту.

COVID-19: Алдыңкы сапта жүргөн аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:54 0:00

Эл курган эки миллиондук жол
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:54 0:00

Баткендиктер ашар ыкмасы менен 7 чакырым жол салышып, аз каражатка деле көп иш бүтүрсө болоорун айтып жатышат. Сүйлөбөгөн балдарга тил бүтүргөн кочкорлук Гүлнур элетте сейрек болгон сурдопедагог, логопед кызматтарын көрсөтүп келет. Белдемчини даңазалаган көлдүк уз Асел улуттук кийимдерди күнүмдүк турмушка киргизе алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG