Орусиянын Алматыдагы башкы консулу Евгений Бобровдун кызматтагы мөөнөтү аяктарына бир нече күн калганда Казакстандагы орус тилинин абалы тууралуу айткан сөздөрү казак коомчулугунун нааразылыгын жаратты. Бобров Орусиянын мамлекеттик маалымат каражатына курган маегинде “Казакстанда орус тилин колдонуу чөйрөсү тарып баратканын” айткан. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү "Бобров өлкөдөгү орус мектептери тууралуу толук статистиканы билбесе керек" деп билдирип, бул дипломат Казакстанда иштебей калганын белгиледи.
Борбор Азия
шейшемби 29 Август 2023
Украинанын чыгышындагы орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде беш жайкын тургун мерт болду. Ал эми Орусия Тула облусунда украиналык эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Кыргыз бийлигинин "Клоопту" жабуу аракетин жергиликтүү жана эл аралык уюмдар айыптап жатат. Журналисттерди коргоо комитети муну "чектен чыккан кадам" деп баалады. Садыр Жапаров каралбай калган мамлекеттик пансионаттар ижарага берилерин айтты. Ал Ысык-Көлдө мындай 15 пансионат бар экенин айтып, бирок алар кайсылар экенин атаган жок.