Украина бийлиги Батыштагы өнөктөштөрү бере турган F-16 согуштук учактары менен Орусияны жеңип чыгарына ишендирүүдө. Дания менен Нидерланд өкмөтү Киевге 60 учак жеткирүүнү убада кылды. Орусия Украинанын аймактарына кайрадан ракетадан сокку урду. Украина Запорожьеде илгерилеп баратканын жарыялады.
Борбор Азия
шейшемби 22 Август 2023
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" бекетинде үч күндөн бери кезекте турган автоунаалар 500дөн ашты. Дания менен Нидерланд Украинага F-16 үлгүсүндөгү 60 согуштук учак жеткирүүнү убада кылды. Соцтармактарда бийликти сындап жүргөн акын жана комузчу Бектемир Төлөн уулу милицияга сурак берди.