Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:07

Борбор Азия

Sorry! No content for 24 Август. See content from before

шаршемби 23 Август 2023

Гавайидеги өрттөн кийин миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:20 0:00

Бишкек Казакстандын аткаминерлери менен суу маселесин талкуулаганын, алар тараптан доомат жоктугун маалымдады. Бирок кыргыз-казак чек арасында кезек дагы узарды. Эксперттер Киев контрчабуулдун тактикасын өзгөртпөсө, жылыш болбойт деп эскертти. Орусия Москвада дрондор атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Орусияда рейд учурунда кармалган мигранттар. Архивдик сүрөт.
Орусияда рейд учурунда кармалган мигранттар. Архивдик сүрөт.

Орусияда мигранттарга каршы рейддер күчөп, полиция аларды кармап кетип жаткан видеолор социалдык тармактарда тарады. Орусиядан байланышка чыккан мигранттар текшерүү катуу болуп жатканын, камалгандар, депортация болгондор көбөйгөнүн "Азаттыкка" айтып беришти.

Максат бир күн мурда полиция кармап кеткен досунун дайынын таппай жатат. Досу 22-августта кармалгандан кийин телефон чалып, полициянын бөлүмүндө экенин, бирок кайсы дарекке алып барышканын дагы билбей турганын айткан. Ошол эле күнү анын кош бойлуу аялы кармалып, койо берилген экен.

"Мурдагы күнү досумдун аялын кош бойлуу экенине карабай кармап кетиптир. Ал беш миң рубль айып төлөп чыгып келген. Кечээ болсо досумдун өзүн метродон чыгып келатканда кармаптыр. Документин деле сурабай колун кайрып алып кетиптир. Документи бүт туура эле болчу. Каттоосун дагы өзү барып жасатып келген. Бир жылдык болсо дагы мейли, документи үч айлык эле болчу. Азыр эми дайыны жок болуп жатат. Чалып ала албай жатабыз. Канча акча керек болсо ошончо чогултуп беребиз, айтып кой дегенбиз. Кадимкидей койду салгандай эле бүктөп салып кетишти. Анчалыкка барбаш керек го. Өзү ашпозчу болуп иштечү. Депортация кылса дагы жакшы, армияга алып кетпейби деп сарсанаа болуп отурабыз".

Максат досун полиция кармап жаткан видеону жөнөттү. Анда 3-4 полиция алгач документин көрсөтүп, кийин колун кайрып алып кеткенин көрүүгө болот. Маектешибиздин айтымында, учурда рейдге байланыштуу мигранттардын көбү метродо жүрбөй калышты.

"Бардыгы эле жашынып, метро менен көп жүрбөй жатышат. Такси, автобус менен каттап жатышат. Алар деле билип калды окшойт, автобустарды токтотуп текшерип жатат. Сентябрдан тартып мындан дагы катуу текшерүү болот деп жатышат. Кыйналып жатканыбызды бийликтегилерге жеткирип койсоңуздар. Өткөндө дагы базарда иштеген таанышым кармалды. Аны ошол жерден депортация кылабыз дегенинен 200 миң сом чогултуп алып чыктык. Анын чыкканына 3-4 эле күн болду", - деп кайрылды Москвада иштеген кыргызстандык жигит.

"Азаттык" байланышкан экинчи мигрант, Жалал-Абад облусунун тургуну Мурат үч күн мурда кармалып, 23-августта чыккан. Эми ал 10 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек. Анын айтымында, кармалгандар арасында аялдар дагы көп.

"Таза документ болсо деле ага карабай кармап жатат. 2015-2016-жылдары келип, билбестен бир нерсе кылып айып пул жазылып калгандарды дагы текшерип түз эле Сахарового жөнөтүп жатат. Москвадагы кыргыз диаспоралардан жардам сурасак, "биз эч нерсе кыла албайбыз, жардам бере албайбыз" деп коюшту. Соттоп, айып салып, депортация кылышты. Эми мен 10 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетишим керек. Жерге эле гезит төшөп жаттык. Биз го эптеп чыдап жаттык, кыз-келиндерге кыйын эле болду".

Депортация болгондор көбөйдү

Милиция бөлүмүндөгү мигранттар. Орусиядагы мигрант жөнөткөн сүрөт.
Милиция бөлүмүндөгү мигранттар. Орусиядагы мигрант жөнөткөн сүрөт.

Москвада мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн юрист Гулиза Акматсияева соңку мезгилде аларга кайрылган мигранттардын саны көбөйгөнүн ырастады.

"Акыркы күндөрү өзгөчө депортация боюнча мигранттар көп кайрылып жатат. Документтери, расмий эмгек келишими болгонуна карабай чет элдиктерди убактылуу кармоо жайларына алып барып жатышат. Көптөгөн жарандарга өз ыктыярыңар менен чыгып кеткиле деген токтомдор берилип жатат. Ушул багытта кайрылуулар аябай көбөйдү".

Ал ортодо "Азаттыкка" Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы борборунун кызматкери Эрнист Садыков кайрылгандарга жардам берилип жатканын гана айтты.

"Кайрылуулар болуп жатат. Жардам берип жатабыз. Жерине чыгып келип жатабыз".

Орусиянын бардык аймактарында июндун соңунда “Нелегал-2023” рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.

Бул текшерүүлөрдүн аягы ошол убактан бери эле тыйылган жок дейт Орусияда эмгектенген мигранттар.

Айрым талдоочулар рейддердин башкы максаттарынын бири - мигранттарды депортация менен коркутуп, Украинадагы согушка тартуу болушу мүмкүн дейт. Өткөн аптада Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Санкт-Петербург шаарынын түштүгүндө эки күндүк рейд маалында полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган жүздөй чет өлкөлүктү аныктаганын жазган. Шаардык милиция башкармалыгынын маалыматына караганда, алардын баары райондук аскер комиссариатына жеткирилген.

ТАСС маалымат агенттигинин жазганына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында 400дөй чет элдик жаран аныкталды. Алардын 55и Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашуун. Алардын тең жарымына жакыны орус жарандыгын алган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG