Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Борбор Азия

Грузияда жер көчкүдөн алты киши мерт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:45 0:00

Орусиянын Коргоо министрлиги Новороссийск портуна экипажсыз эки катер чабуул койгонун, алардын мизи кайтарылганын билдирди. "Украинская правда" басылмасы Коопсуздук кызматтарына шилтеме жасап, чабуулда порттогу "Оленегорский горняк" десанттык кемесине сокку урулганын жазды. Грузиянын тоолуу Рача аймагындагы Шови курорттук айылында жүргөн жер көчкү кеминде алты кишинин өмүрүн алды. Дагы 35 киши дайынсыз болууда. Атайын кызмат Бишкекте кармалган жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү эки айга камалганын билдирди. Алар азиат түспөлүндөгү адамдарды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап, видеолорунда фашисттик символдорду колдонгону айтылууда.

Мектеп окуучулары түркмөн улуттук кийимин кийген аялдын сүрөтүн карап жатышат. "Чыгыштын сулуулугу жана чындыгы" көргөзмөсү, Ашхабад, апрель, 2010-жыл.
Мектеп окуучулары түркмөн улуттук кийимин кийген аялдын сүрөтүн карап жатышат. "Чыгыштын сулуулугу жана чындыгы" көргөзмөсү, Ашхабад, апрель, 2010-жыл.

Түркмөнстандын аймактарында жасалма кирпик жана жасалма тырмак колдонууга кайрадан тыюу салынууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аялдарды жупуну кийинип жүрүүгө чакырууда. Эл аралык укук коргоочулар Түркмөнстандагы мындай чектөөлөрдү адам укугун одоно бузуу катары мүнөздөп келишет.

Түркмөн бийлиги кайрадан аялдардын сырт келбетине көзөмөлдү күчөттү. Мары аймагынын жергиликтүү бийликтери мамлекеттик мекеме-ишканалардын жумушчулары менен жолугушууларды өткөрүп, аларды “адептүү болууга жана жупуну кийинүүгө” чакырды.

Аткаминерлер бул эрежелерди бузган аялдар жумуштан бошотуларын эскертишүүдө.

"Аялдарга жасалма кирпик жана тырмак чаптап жүрүүгө, чачын ачык түскө боётууга, ачык жана тар көйнөк кийүүгө кайрадан тыюу салынды. Мындан тышкары, аларга жумушта зергерчилик, сөйкө, шакек тагынууга чектөө коюлган. Бул тууралуу өткөн айда башталган жолугушууларда аялдарга эскертип жатышат", - деп билдирди 1-августта "Азаттыктын" түркмөн кызматынын өлкө түштүгүндөгү кабарчысы.

Жыйындарда бийлик өкүлдөрү жасалма кирпик, жасалма тырмак тагынган аялдарды сахнага алып чыгып, ар кимдин көзүнчө жаман сөздөр менен сөгүп жатышат.

Жеңиш күнүнө карата Бекраведеги мемориалдык комплекске гүл дестелерин коюп жаткан аялдар. Архив сүрөт
Жеңиш күнүнө карата Бекраведеги мемориалдык комплекске гүл дестелерин коюп жаткан аялдар. Архив сүрөт

"Аялдар өздөрүнүн табигый сулуулугун бузуп, адеп-ахлактык жактан бузулган аялдардай болуп калышат деп айтышат. Аткаминерлер бул тыюуну эске албагандарды жумуштан кетиребиз деп ачык эле коркутууда", - деди жыйындардын бирине катышкан мектеп мугалими.

Мындай чектөөлөргө бюджеттик мекемелердин кызматкерлери абдан нааразы. Бирок жапырт жумушсуздуктун шартында иштен айдалып кетүүдөн коркуп, ачык нааразылык билдирүүдөн карманышат.

"Эмегедир мамлекеттик телеканалдардагы репортаждар үчүн алар өздөрүн жакшы караган аялдарды тандашат. Эми бизди "бузулгандар" деп жатышат. Муну кандай түшүнсө болот? Анткени адеп-ахлак кандай кийим кийгенде же тырмак, кирпикте эмес, адеп-ахлак адамдын ичинде болушу керек да”, - деди марылык медайым.

Медициналык мекемелердин биринин дарыгери белгилегендей, маданият тармагында иштеген аялдар, музыканттар, телекөрсөтүү кызматкерлери үгүт иштеринин бир бөлүгү болгондуктан, аларга мындай чектөөлөр колдонулбайт.

Түркмөнстан. Полиция аялдарды текшерип жатат. Ашхабад, 2022
Түркмөнстан. Полиция аялдарды текшерип жатат. Ашхабад, 2022

"Бийликтин колунан келген бирден-бир нерсе - билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардагы карапайым кызматкерлерди куугунтуктоо", - дейт дарыгер.

Жолугушуулардан кийин айрым мекемелерде текшерүүлөр уюштурула баштады. Бийлик өкүлдөрү талапка баш ийбегендерди түшүнүк кат жазууга мажбурлап жатышат.

Түркмөнстан. Таяк жеген аялдын видеосунан тартылган сүрөт. август, 2022
Түркмөнстан. Таяк жеген аялдын видеосунан тартылган сүрөт. август, 2022

"Бул түшүнүк каттарда мындан ары чектөөлөрдү бузбай, балдарыбызга үлгү боло турганыбызды жазуу керек", - деди мугалим.

Жогоруда айтылган жагдай боюнча “Азаттык” Мары аймагынын администрациясынан жана Аялдар биримдигинен түшүндүрмө ала алган жок.

Эске салсак, түркмөн аялдарынын сырткы келбетине карата чектөөлөр Сердар Бердымухамедов өткөн жылдын апрель айында бийликке келгенден кийин күчөй баштаган.

Расмий документтер менен бекитилбеген мындай чектөөлөргө ылайык, аялдарга жасалма кирпик тагууга, тырмактарын боёого, каш чийдирүүгө, тар кийим, кыска көйнөк жана юбка, чолок шым кийүүгө, косметика колдонууга, чачын ачык түскө боёп, татуировка жасатууга тыюу салынды. Ошондой эле косметикалык процедураларга, мисалы, ботокс, силикон, депиляция жана башкаларга чектөө коюлган. Өлкө боюнча ондогон сулуулук салондору да жабылды.

“Азаттык” жана башка эл аралык медиа каражаттары Түркмөнстандагы аялдарды басмырлоо аракеттери тууралуу көптөгөн мааалыматтарды жарыялагандан кийин өлкө бийлиги чектөөлөрдү бир аз жумшартып, айрым косметикалык кызматтарга коюлган чектөөлөрдү алып салган.

Түркмөнстандын мыйзамдары аял менен эркектин тең укуктуулугун кепилдейт. Расмий өкүлдөр аялдардын укуктарынын бузулушу жана аларды басмырлоо боюнча комментарий берүүдөн карманышат.

Былтыр түркмөн парламентинин депутаты Сердар Аразов косметикалык кызматтарга тыюу салуунун бир себеби "санитардык талаптарга негизделген" деп түшүндүргөн эле.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG