Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алды.
"Балдардын психологиясына терс таасирин тийгизет"
Маданият министрлиги Тик Токто мониторинг жүргүзүп, анда балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы аныкталганын билдирди.
Министрликтин өкүлү Бектур Ибрагимов бир нече уюм Тик Токко тыюу салуу боюнча аларга кайрылуу жолдогонун айтты:
"Санарип министрлиги операторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Операторлор аркылуу Кыргызстанда чектөө киргизилет. Тик Ток платформасында балдардын аң-сезимине, өспүрүмдөрдүн өнүгүүсүнө зыян келүүчү материалдар чыгып жатат, "чара көргүлө" деген кайрылуулар түшкөн. Министрлик анализ кылып, жыйынтыгында чечим кабыл алды", - деди Ибрагимов.
Маданият министрлиги учурда бул социалдык тармакты өлкө аймагында бөгөттөөнүн техникалык жол-жобосун карап жатат.
Тиктокерлердин реакциясы
Бул социалдык тармакты өлкө аймагында чектөө жөнүндө кабардан кийин тиктокер, блогерлер өз баракчаларында пикирин билдирүүдө.
Тик Токто ар кандай юмор, социалдык видеолорду тарткан Акылбек Өмүрбеков министрликтин чечимин кескин чара катары сындады.
"Тик Токту жабууга каршымын. Министрлик жаштарга терс таасирин тийгизип жатат дептир. Жаштарга жакшы таасир бере турган иш-чараларыңарды байкаган жокмун. Блогерлерди чогултуп, бул айда кыргыздын улуттук кийимин кийип, видео тарткыла, ким көп көрүүчү топтосо, белек бар десеңер болмок. Ошол эле 20 млн катталуучусу бар Аргенди Кыргызстандын кооз жерлерине барып, өлкөгө турист чакыр деген жоксуңар. Тик Токту жакшы багытка дагы колдонсо болот", - деди Өмүрбеков.
Тик Ток - Кыргызстанда дагы кеңири колдонулган социалдык тармактардын бири. Анда билим берүү, маданият, спорт, бизнес сыяктуу бардык тармакка тиешелүү контент же жөн эле көңүл ачуучу видеолорду дагы көрсөңүз болот.
Сөз эркиндигине таасири
Социалдык тармактар аркылуу бизнесин жарнамалап, жаштар арасындагы таанымал болгон ишкер Сыныш Кекеев Тик Токто бардык тармактарга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
"Тик Ток катылып жаткан таланттарды алып чыгып, Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө таанытып жатат. Чоң бизнести алдыга жылдырууга жардам берүүдө. Эркин платформа катары элдин маселесин, мамлекеттеги көйгөйлөрдү алып чыгууда. Төрт келесоо үчүн эркин платформаны жапкан болбойт. Бүгүн Тик Токту, эртең Инстаграмды, анан YouTube платформасын жабат. Ошентип "зомби жащик" телеканалдарды гана көрүп, чындык ошол турбайбы деп калабыз. Моралдык сызыктан чыккандарды мыйзам менен эле жазалап койсо болот", - деди Кекеев.
Журналист Семетей Аманбеков бул социалдык тармактын жабылышына байланыштуу Фейсбукта пикир жазып, соңку учурда Тик Токто бийликтин саясатын сындаган контенттер көбөйгөнүнө көңүл бурду.
Тик Токко нааразылар дагы бар
Буга чейин айрым кыргызстандык Тик Ток колдонуучулардын түз эфирге чыгып, сөгүнгөн, чечинип бийлеген видеолору тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Алардын арасында ар кандай берене менен камакка алынгандары дагы болгон.
Бул окуялардан кийин Улуттук телеканалда Тик Токту жабуу тууралуу сурамжылоого негизделген бир катар репортаждар көрсөтүлгөн.
Президент Садыр Жапаров балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого багытталган мыйзамга 14-августта кол койгон. Анда жашы жете элек балдардын өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон берүүлөрдү, маалыматтарды чектөө, таратууну тыюу талаптары жазылган. Балдарга зыян делген маалыматтардын тизмеси берилген.
Өлкөдө Тик Токко нааразы болгондор дагы бар. Алар улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтышат.
Саясатка айланган кытайлык тиркеме
Кытайлык Тик Ток платформасы кыска убакыт ичинде кеңири жайылып, ал тургай эл аралык чырга да себеп болгон.
2020-жылы АКШнын коопсуздук кызматы Кытай бул тиркемени америкалык жарандардын жеке маалыматтарын топтош үчүн пайдаланат деп кооптогон. Кытай бул кадамды кысым катары сыпаттаганы бар.
Учурда Кыргызстанда Тик Токко чектөө салынышы боюнча Бишкектеги Кытай элчилиги үн ката элек.
Ушул жылдын май айында АКШнын Монтана штатында Тик Токту колдонууга тыюу салынган.
Батышта бул тиркемеге ээлик кылган ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын кытай бийлигине өткөрүп берип, жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деген чочулоо бар.
Европа Биримдигинин бардык институттарында Франция, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Бельгия, Данияда, андан тышкары Британия, АКШ жана Тайванда Тик Токту кызматтык чөнтөк телефондорго же башка жабдыктарга орнотууга тыюу салынган.
АКШда андан тышкары айрым коллеж, университеттерде да Ток Токту пайдалануу мүмкүн эмес.
Ал эми Индия бул тиркемени өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузган платформалардын “кара тизмесине” киргизген.
Быйыл мартта Кошмо Штаттарда платформага тыюу салуу демилгесине каршы акциялар болгон. Катышуучулар сөз эркиндигине көлөкө түшөрүн айтышкан.