Казакстандын Чымкент шаарында 2022-жылдын январь айындагы кандуу окуяларда каза болгон жарандардын ата-энелери нааразылык билдиришүүдө. Алар шейшемби күнү жергиликтүү акимчиликтин алдына чогулуп, “Кандуу Каңтар” окуяларында митингчилерге ок чыгарган адамдарды жана ок атууга буйрук берген коопсуздук тармагындагы жетекчилерди таап берүүнү талап кылышты.
Борбор Азия
Sorry! No content for 3 Август. See content from before
шаршемби 2 Август 2023
Бишкектеги Тез жардам кызматынын дарыгерлери айлыктары азайып кеткенине нааразы. Алар жарым жылда эмгек акылары 10 миң сомго чейин кыскарып айтып жытышат. Казакстандын Борон айылын чиркей каптады. Мындан улам айылдыктар сыртка чыга албай жатышат. Кытайдын баш калаасы Бээжинде тынбай жааган нөшөр бери дегенде 11 кишинин өмүрүн алды. Синоптиктер жакынкы күндөрү Кытайда "Ханун" деп аталган жаан аралашкан катуу бороон болорун эскертүүдө.