Бишкекте Элмира Ногойбаеванын «Эсимде: өткөн тарыхты эстеп» долбоорунун алкагында жарык көргөн «Чиеш тагдырлар» китебинин бет ачары өттү. Бул китепте совет мезгилинде Кыргызстанда жашап, ар кандай жүйөлөр менен саясий куугунтукка кабылган адамдардын жеке тарых-таржымалы баяндалган.
1939-жылы Кызыл армиянын Финляндияга басып киргендиги СССРдеги тарых китептеринде бурмаланып келген. Тарыхчынын блогу.
Бишкекте дүлөй жана дудук балдар окуган жатак мектептин окуучулары "Чоң курсак" деп аталган спектаклди даярдап жатышат. Алар аны видеого тартып, таратып, дудук балдарга коомчулуктун көңүлүн бургусу келет. "Азаттык" актёрлорду жана уюштуруучуларды кепке тартты.
Этно музыкага кайрадан жан киргизген, дүйнөгө аты кеткен «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры 20 жылдык чыгармачылык кечесин өткөрдү.
Мусабай Токтосунов аздек өмүрүн билим берүү, журналистика, көркөм чыгармачылыкка арнаган белгилүү калемгер болгон.
Гүлсүнай Маамова көркөм чыгармачылык менен журналистиканы эриш-аркак ала жүргөн талант эле.
Бишкекте Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун он бешинчи курултайы өттү. Жыйында кыргыз поэзиясынын, прозасынын, драматургиясынын, адабий сынынын абалы талкууланды.
«Азаттыктын» «Тасма» түрмөгүнүн алкагында Эрнист Нурматов чет элдик «Ирланддык», «Бир жолу... Голивудда» жана атамекендик «Шериктер» («Напарниктер») фильмдери тууралуу баяндайт.
«Азаттыктын» белгилүү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы ыйгарылды. Күбөлүгү жана төш белгиси 12-декабрда Бишкектеги Улуттук опера жана балет театрында Уланбектин жакындарына тапшырылды.
Кыргызстанда 12-декабрь жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына Адабият күнү катары белгиленип келет.
«Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыкты. Китепти Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев жазып, сүрөтүн Замир Илипов тарткан. Чыгарманын бет ачарын «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду уюштурду.
Дагы жүктөңүз