Акын, журналист Шайлообек Дүйшеевдин 70 жылдык торколуу тоюна арналган блог.
"Messy Moment Media" компаниясынын директору, 25 жылдан бери жаратылышка байланыштуу даректүү тасмаларды дүйнөнүн булуң-бурчунан тарткан, "Эмми" сыйлыгынын сегиз жолку жеңүүчүсү Эндрю Ткач Кыргызстанга келип, Нарындагы Борбор Азия университетинде лекция окуду.
Кыргызстанда эл аралык Эне тил майрамы белгиленип жатат. ЮНЕСКО 21-февралды Эне тил күнү катары 1999-жылы бекитип, 2000-жылдан тартып жыл сайын маданиятты жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгилеп келе жатат. Бул майрам бир топ жылдан бери Кыргызстанда да белгиленүүдө.
21 жаштагы Сезим Мейизбекова бир жыл мурун Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетин аяктаган.
18-февралда Анкарада Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркиядан жети тилде чыккан сегиз китебинин бет ачары жана 60 жаш мааракелик адабий-музыкалык кечеси өттү.
Улуу орус акыны Александр Пушкиндин «Көрүстөндөгү ой толгоо» аттуу ырын кыргыз акыны Шайлообек Дүйшеевдин котормосунда сунуш кылабыз.
Турдакун Усубалиев - чейрек кылымга жакын социалисттик Кыргызстанды башкарган партиялык жетекчи.
Орус жазуучусу жана котормочусу Анна Никольская (1889––1977) жөнүндө тарыхчынын блогу.
24 жаштагы Николай Никитин бала бакчада тарбиячы болуп иштейт. Николай Орусиянын Вологда облусунун Марфино айылындагы ишине жетүү үчүн күнүгө автобус менен узак жол жүрөт.
Чыңгыз Айтматовдун буга чейин басылып чыкпаган эки повести жарык көрдү. Китепти "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы чыгарды. Жазуучунун “Алтын жана кар” аттуу бүтпөй калган чыгармасында Экинчи Дүйнөлүк согуш жана өткөн кылымдын 90-жылдарындагы кыргыз турмушу чагылдырылган.
2019-жылы Кыргызпатент ата мекендик музыкалык чыгармаларды пайдаланганы үчүн кафе-ресторан, мейманкана сыяктуу эс алуучу жайлардан, телерадиолордон 12 миллион сом чогултту. Бул жылдагыдан көп.
Бүгүн, 13-февраль - Дооронбек Садырбаевдин туулган күнү.
Дагы жүктөңүз