Социалдык тармактарда Бишкекте оюн койгон Санкт-Петербургдан келген «Искушение» (кыргызча «Азгырык») театрынын айрым сценалары цензурага туш болгону талкууга түштү.
Күлсакун (башка документтерде Гүлсакун) Мергенбаев репрессияга 1938-жылы кабылган. Совет бийлигине кылган кызматынын натыйжасы атылуу менен аяктады.
Баратбай Аракеев социалдык курч окуялуу чыгармаларды көп жазат.
Кыргыз эл артисти Келдибек Ниязов куудулдук өнөрдүн ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жарым кылымга жакын угармандардын жарпын жазып келатат.
Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 29-январда 49 жашында дүйнөдөн өттү. Ал «Асаба», «Агым», «Де-Факто» гезиттеринде башкы редактор болуп эмгектенген. Адабий чөйрөдө өзгөчө стили бар акын, дүйнөлүк адабияттан бир топ чыгармаларды кыргызчалаган котормочу катары белгилүү болчу.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги экспонаттар санарипке өткөрүлүүдө. Учурда искусство ышкыбоздору музейдин Интернеттеги баракчасынан миңдеген живопись жана скульптура боюнча шедеврлерди үйдө жатып алып, онлайн режиминде көрсө болот.
Маркум президент Жон Кеннединин атуулдук тууралуу ойлонууга чакырган «Каармандык өрнөктөрү» китеби кыргызчага которулду.
Өткөн аптада дүйнөдө болуп өткөн орчундуу окуялар сүрөттөрдө.
Кыргыз өкмөтү быйыл кино тартууга 30 миллион сом бөлдү. Анын 10 миллион сомуна телесериал тартылат. Калган каражат мекенчилдик темасын чагылдырган, балдарды руханий өнүктүрүүгө жана тарбиялоого багытталган башка тасмаларга берилет.
Нуржигит Кадырбеков - адеп-ыйман маселесин эрикпей козгоп келаткан авторлордон. Анын ырлары, кара сөз чыгармалары тез-тез жарыяланып турат.
Бишкекте экстремизм көйгөйүн, зордук-зомбулуктун жыйынтыгын чагылдырган интерактивдүү тасманын бет ачары өттү. Жаңы форматта тартылган тасмада көрүүчү да каармандардын тагдырын өзгөртө алат.
Майрайым Мотушева - совет бийлиги менен жашташ тарыхый инсан, 1917-жылы төрөлгөн.
Дагы жүктөңүз