Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунова кирил жазмасына жарыш колдонуу максатында кыргызча латын алфавитинин бир вариантын расмий кабыл алуу – күн тартибиндеги олуттуу маселе экендигин белгилеп, өзүнүн “Инарип” аттуу вариантын сунуштайт.
Эркингүл Акунова ак калпактын бир нече түрүн тигет. Анын айтымында, калпактын өзүнчө философиясы, терең мааниси бар. Андыктан сурап келген кишинин жаш курагына, дүйнө таанымына жараша иш кылат. Эркингүлдүн колунан чыккан калпактар накта кийизден жасалгандыктан, аны атайын келип алып кеткендер арбын.
СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 90 жашка чыкты. Ал Коммунисттик партиянын башкы катчысы кезинде эле ачыктык жана реформаларга багытталган айкындык жана кайра куруу саясатынын демилгечиси болгон. Горбачев өз мааракесинин алдында кайра курууну өз жашоосунун маңызы деп атады.
Караколдук жаш сүрөтчү Иса Султанбеков тамдын бооруна Кыргызстандын жаратылышын түшүрүп, портреттерди да келтире тарткан сүрөтчү. Анын эмгегин баалагандар улам күн санап көбөйүүдө.
Кыргыз адабиятынын классикалык чыгармаларына арналган түрмөктө эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин чыгармачыл жолу жана “Үмүт улагандар” аңгемеси талданат. Адабият таануучу Бекташ Шамшиевдин блогу.
“Биз жана дин” түрмөгүндө диний билим алгандардын ич ара атаандашуусу менен байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулап, анын себептерин талдаганга аракет кылабыз. Бул маселени дин таануу жаатындагы адистер Канатбек Мурзахалилов менен Азиз Ташполотов талкуулашат.
Журналист жана жазуучу Кочкор Борбугуловдун “Багбан” аңгемесинде көпчүлүк кыргыз айылдарына мүнөздүү олуттуу социалдык көйгөй козголгон. Адабиятчы Бекташ Шамшиевдин кезектеги блогу.
Кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Мукай Элебаев (1906—1944) жана анын чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу адабиятчы Бекташ Шамшиевдин блогу.
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, ондогон поэтикалык китептердин автору жана У.Шекспирдин, Ф.Шиллердин драмалык чыгармаларын которгон акын Бактыгүл Чотурова менен чыгармачылыктагы чыйыры, соңку жаңылыктары тууралуу маек.
Дагы жүктөңүз