Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Экономика

Акыркы эки айда АКШ доллары тышкы рынокто бир кыйла кубатынан тайды. Айрым эксперттердин айтымында, бакубат өлкөлөр Кошмо Штаттары менен Кытай ортосундагы соода балансын теңдөө үчүн доллар арзандай берсин деп чечишкен. Доллардын мурдакы советтик өлкөлөрдүн экономикасына тийгизчү таасири жөнүндө “Азаттыктын” кабарчысы Жулия Корвин Вашингтондогу Эл аралык экономика институтунун илимий кызматкери Андрес Осланд менен маектешкен.

“Азаттык”: - Доллардын еврого салыштырмалуу арзандашын кандай түшүндүрөсүз. Буштун администрациясы Американын соода баласындагы терс балансты дүйнөлүк акчалардын эсебинен жаап, АКШ тышкы экспортун арзантадкысы келип жаткан жокпу?

А.О.: - Бул АКШнын казынасындагы азыркы кемтикти толтуруу үчүн Финансы министринин эл аралык иштер боюнча орун басары (Клей Лоури) жарыялаган ырасмий саясат. Ага ылайык, доллар арзандай бериш керек деген макулдашуу бар деп ойлойм. Маселен, азыр АКШнын импорту ички дүң продукциянын 32 процентине, ал эми экспорту ички дүң продукциянын 25 процентине барабар. Мындай болбош керек. Анүчүн абалды же доллардын алмашуу курсун өзгөртүү абзел.

“Азаттык”: - Ак Үй администрациясы этияттык кылбай, анын кесепетинен доллар азыркыдай арзандап кетти десе болобу?

А. О.: - Баарынан мурда, бул эркин экономика. Ошондуктан, алар коомчулукка билдирүү жасоо менен чектелип, рынокко кийлигише алышпайт. Келечекте доллар дагы арзандайт деген ишеним күчтүү. Бирок, былтыр да ушундай божомол айтылып, эр нерсе болгон эмес. Анын себеби мунайдан түшкөн долларлар АКШга болжолдонгондон көп келип жатканга байланыштуу болушу ыктымал.

“Азаттык”: -Доллар кубатынан тая берсе, ал Чыгыш Европанын, айрыкча, Россия, Украина жана Белорустун экономикасына кандай таасир этет деп ойлойсуз?

А. О.: - Арзан доллар үч нерсеге түздөн-түз таасир этет. Биринчиден, товарлардын баасы доллар менен эсептелет жана келишимдер өзгөргүс баада түзүлөт. Бул – Россия, мурдакыга караганда, экспорттук товарларды аз көлөмдө алып калат дегенди билдирет.
Газды алсак, бир же андан узак жылдык келишимдерде, анын баасы доллар менен эсептелген. Андыктан, Россиянын мол кирешеси олуттуу азаят. Экинчиден, адамдар акчасын доллар менен сакташкандыктан, доллардын арзандоосунан элдин орто катмары чоң зыян тартат. Албетте, орто класс - сактаган акчасы инфляцияга катар доллардын наркы качып, күчүн жоготуп жатканына өтө кыжаалат болууда.
Үчүнчүдөн, менчик сектордо иштеген көптөгөн адамдардын маянасы доллар менен төлөнөт. Аны өзгөртүү зарыл. Болбосо, андан, өзгөчө, орто класс жабыркайт. Ошентип, доллардын арзандашынан баарынан да акчасын долларда сактагандар жана маянаны доллар менен алгандар чоң зыян тартышат.

“Азаттык”: -Доллар арзандай берсе, евронун таасири өспөйбү? Россиялыктар отун энергиясын бара-бара евро акча менен сата баштабайбы?

А. О.: -Бул өтө чоң суроо. Россиялыктар маал-маал америкалыктардын көйгөйүнө тийүү жана экспорттун көрсөткүчү алар үчүн абдан маанилүү экенин айтуу үчүн бул тууралуу кеп козгоп калышат. Себеби, алар товарларды негизинен евро мейкиндиктен импорттошот. Ошол эле мезгилде товарларды экспортко доллар менен эсептеп сатышкандыктан, анын (доллардын арзандоосунун) таасири көп деле сезилбейт.

“Азаттык”: - Доллардын арзандашы Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасир этиши мүмкүн?

А. О.: - Борбор Азия менен Европа ортосундагы соода өтө чектелүү. Доллардын арзандашы Казакстанга анча-мынча таасир кылат. Түркмөнстан да ошондой. Түркмөнстан газдын акчасына жашоодо жана газдын баасы келишимдерде доллар менен эсептелген. Андыктан, кандай болгондо да баа бир кыйла өстү.

5-июнда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2006-2007-жылга менчиктештирүү программасын кароого киришет. Программада «Учкун», Айдаркен сымап комбинаты сыяктуу ири ишканаларды менчиктештирүү каралган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турдумамбетовдун билдирүүсүнө караганда, Камбарата 1, Камбарата 2 ГЭСтерин «Токтогул каскадындагы ГЭСтер тууралуу» мыйзамдын тизмегинен чыгаруу жана аларды менчиктештирүүгө жол ачуу, электр бөлүштүргүч компанияларды концессияга берүү маселеси да өзүнчө мыйзам катары парламент кароосуна жиберилген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG