Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Экономика

Кызыл Чырым азовчуларды согуш туткуну деп тааныды
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:43 0:00

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы "атайын операцияда" бийлик айткандан алда канча көп адам набыт кеткени маалым болду. Эл аралык Кызыл Чырым комитети Мариуполдогу “Азовсталдын” аймагынан чыгарылган жүздөгөн согуш туткунун каттай баштады.

Улуу Британияга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.
Улуу Британияга жөнөп жаткан кыргызстандыктар. 19-май, 2022-жыл.

Улуу Британия менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыргызстандыктардын алгачкы тобу сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөп жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жалпысынан келишим боюнча Британияга Кыргызстандан миң киши жумушка жөнөтүлөрүн билдирди. Бул программа 2024-жылга чейин деп каралган.

"Тажрыйба топтоп келип, Кыргызстанда колдоном"

Орусиядагы кризистин фонунда кыргызстандыктар үчүн Батыш мамлекеттеринен жумуш издөө актуалдуу болууда. Европаны тандаган мигранттардын арасында 10-15 жыл Орусияда иштеп келгендери да бар.

32 жаштагы Чыңгыз Курбанов Оштун Чоң-Алай районунан. Ал мектепти бүтөрү менен Орусияга эмгек миграциясына кетип, Москвада курулуш боекторун чыгарган кампада, кийин машинен тетиктерин чогулткан жайда иштеген. Акыркы жумуш ордунда 9 жыл эмгектенип, Кыргызстанга ушул жылдын 1-апрелинде кайтып келгенин айтты.

Чыңгыз Курбанов
Чыңгыз Курбанов

Орусия-Украина согушу башталганы бир топ ишканалар жабылып кетти. Менин тааныштарым ишинен ажырап, мекенге кайта баштаганын байкап жаттым. Дароо алтернативдүү жолдорду издей баштагам. Интернеттен Улуу Британиядагы айыл чарба жумуштарына чакырган жарнама мени кызыктырып калды. Европага кетишим керек экен деген ой менен мекениме кайтып келдим. Анын үстүнө Британияда туугандарым иштешет, алар айыл чарба жумуштарында жүрүп, жеп-ичкенинен сырткары айына сом менен айтканда 200 миң сомго чейин таап жатканын айтышты. Демек, бул мен үчүн жакшы айлык болорун билип, азыр кеткенге камданып турам”.

Кыргыз бийлиги мигранттар үчүн Европа жана башка өлкөлөргө эшик ачууга аракет кылууда. Ушул күндөрү Британиянын мамлекеттик программасы менен айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштарга иштөө үчүн миң кыргызстандык жөнөп жатат. Бул программадагы миң орун үчүн 7 миң кыргызстандык арыз тапшырган. 20-майда алардын биринчи тобу жөнөп жатат. 22 жаштагы Абдулла Жакып уулу биринчилерден болуп сынактан өткөндөрдөн.

Абдулла Жакып уулу
Абдулла Жакып уулу

“Негизи кесибим агроном. Бирок турмуштун айынан көп эле мен курактуу жаштардай эле Орусияга иштеп кеткенге аргасыз болгом. Биринчи жылы курулушта иштеп, кийинки жылы жеткирүү кызматында жүрдүм. Тил үйрөнүп, чет жакка кетем деген кыялым мени кое бербей койду, катардагы эле жумушчу болуп өмурүмдү өткөрүп жибергим келген жок. Жер кыдырып, эл көрүп, жакшы жашоого умтулгум келди. Ошондуктан Кыргызстанга үч ай мурда кайтып келгем. Германияга кетем деген оюм бар эле. Ошондуктан немис тилин же англис тилин окушум керек деп отуруп, жыйынтыгында англис тилин үйрөнө баштагам. Интервьюдан өткөндөн кийин кетем дедим, ата-энем жалгыз уул болгонума карабай жөнөтүп жатат. Эми барып иштеп, мага берилген жарым жылда тажрыйба топтоп келип, өз жеримде колдоном деп тилек кылып турам”.

"Негизги талап – мыйзам бузбай, туура иштөө"

​Кыргызстандыктарды Улуу Британиянын Agri-HR компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгү айыл чарба жумуштарына тартып жатат. Алар алты ай бою сезондук айыл чарба жумуштарда иштейт. Программага ылайык эмгек мигранттарынын медициналык камсыздандыруу, жатакана, тамак-ашы каралган. Орточо эсеп менен күнүнө 8 саат иштеген мигранттар айына 1000-2000 долларга чейин айлык алат.

Аталган компаниянын Кыргызстандагы филиалынын директору Айгүл Эшенкулова Англияда иштөө үчүн анкета толтургандардын саны жети миңге жеткенин билдирди.

“Соңу 3-4 күндөн бери арыздарды кабыл алууну токтоттук. Себеби миң орунга жети миң талапкер болуп кетти. Чынында жумушка муктаж, иштегенди каалагандар абдан көп экен. Биз адеп 1000 орун деп сүйлөшкөнбүз бирок бул дагы бир аз көбөйүшү мүмкүн. Азыр биздин негизги талап – барган жеринде мыйзам бузбай, туура иштеп келиши керек. Бул шарттар аткарылса, жумуш орундары дагы көбөйөт. Анын үстүнө бул программа 2024-жылга чейин деп каралган”.

Буга чейин Айгүл Эшенкулова Кыргызстандан баргандар жер-жемиш, жашылча өстүрүү тармагына иштей турганын айткан. Бул иштер жыл бою жүрө берет, анткени ачык талаада дагы, күнөсканада дагы иштешет.

Жумушка баруу ниети барлар AGRI HR компаниясынын сайтына кирип, ден соолугу, соттолбогону тууралуу маалымдамаларын, башка зарыл документтерди тиркеп, тиешелүү анкетасын толтурган. Ошондон кийин онлайн маектешүү өткөн. Үчүнчү баскычында, дальтонизм (өң-түстөрдү таануу), манжалардын иштөө мүмкүнчүлүктөрү текшерилген.

"Финляндия жана Жапония менен келишим түзөбүз"

Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков учурда Түштүк Корея, Британия, Германия өлкөлөрү менен келишимдер иштей баштаганын, Финляндия, Жапония баштаган өлкөлөр менен келишим түзүлгөнү жатканын белгиледи.

Кубандык Акматбеков
Кубандык Акматбеков

“Бардык шарттарды эске алуу менен бир катар мамлекеттерге кыргыз мигранттары үчүн жол ачууну караштырып жатабыз. Жакынкы арада эле биз Германиянын атайы программасы менен келишим түздүк. Анын негизинде квалификациясы бар 250 медицина кызматкери бул өлкөдө иштеп келет. 18 жаштан 35 жашка чейинки биздин жарандар тандоо процессинен өтөт да немис тилин үйрөнүп, узак мөөнөттөгү ишке кетет. Алгач 6 айдан 1 жылга чейин, андан кийин 3 жыл иштеп, айына 3 миң доллар алып турат. Андан сырткары Финляндия жана Жапония менен жакынкы арада келишим түзөбүз. Бирок бул өлкөлөргө баруу үчүн тил билүү кажет. Ички макулдашуулар өткөндөн кийин Германияга дагы башка эмгек мигранттарын жөнөтөбүз деп эки өлкөнүн министрликтери сүйлөшүштү. Бардык процедуралар бүткөндөн кийин жай айларында ишке орноштуруу башталат деп ойлоп жатабыз”.

24-апрелде Түштүк Кореянын Хамян шаары, Өзгөн райондук акимияты жана Эмгек, социалдык камыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору 3 тараптуу келишимге кол койду. Бул шаарда эми өзгөндүктөр 5 ай бою айыл чарба жумуштарында иштеп келе алышарын Кубандык Акматбеков кошумчалады.

“Азыркы учурда Өзгөн райондук акимияты жергиликтүү 70 тургундун документин топтолуп, Түштүк Кореянын миграция кызматы аларды карап жатат. Бул иштер бүткөндөн кийин эмгек визасын алууга биздин борбор көмөктөшүп, июль айларында алар сыртка жөнөп кетет деп турабыз”.

лдыңкы технологиялар - мигранттар үчүн чоң тажрыйба"

Бейрасмий маалыматтар боюнча Орусияда эмгек миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашат. Андан кийин эле Казакстанда 100 миңге жакын кыргызстандык иштеп жүрөт.

Кыргызстандык мигранттар үчүн экономикасы күчтүү өлкөлөргө жол ачылып жатышы жакшы тенденция дейт экономист Элдар Абакиров.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Америкада 20 миңден ашык, Туркияда 20-25 миң, Кореяда 5 миң, Италияда 3-5 миң. Кыскасы, Орусиядан башка өлкөлөрдө 200-300 миңге чейин мекендешибиз бар. Азыр Орусиядан кайтып келип жаткан кыргыздар көп. Алардын айтымында, таксиге түшкөн кардарлар азайып кеткен. Британияга, Түштүк Кореяга, Германияга, Жапонияга деп жолдор ачылып жатышы жакшы тенденция. Себеби бул өлкөлөрдүн экономикасы күчтүү, жакшы жумуш орундары бар. Эгер биздин өкмөт бир жыл жакшы иштеп, келишимдерди Европа өлкөлөрү менен көбөйтсө, Орусияда жүргөн мигранттардын үчтөн бир бөлүгүн башка өлкөлөргө адаптация кылса болот. Мигранттар да буга даяр болуп, тил үйрөнүп, бара турган өлкөлөрдүн мыйзамдары менен таанышуусу зарыл. Анан эң негизгиси бизден барган мигранттар чоң тажрыйба менен келет. Маселен, эң алдыңкы технологиялар Америка, Жапония, Европа өлкөлөрүндө. Демек, бул биздин мигранттардын да көз карашын өзгөртүп, өз өлкөсүндө көргөнүн ишке ашырууга көмөкчү болот”.

Чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча Кыргызстанда жүздөн ашык жеке агенттиктер бар. Алар аркылуу да ишке орношуп, Европа, Араб өлкөлөрүнө кеткендер арбын. Бул агенттиктердин 20дай өлкөгө кыргыз мигранттарын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү бар.

Орусия Украинага согуш акчандан бери Орусиядан кайтып келип жаткан мигранттардын саны көп болуп жатканы айтылып келет. Орусияда эмгек миграциясында жүргөндөрдүн көбү курулуш, тамак жеткирүү сыяктуу тейлөө тармактарында иштешет. Орусияда бир катар Европалык ишканалардын жабылышы менен бул өлкөдө жумуш орундары кыскарып, айлык азайып кеткен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG