Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:19

Экономика

Украина: "Азовдун" жоокери Эрдогандан жардам сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:54 0:00

“Азовсталь” заводунун жер төлөсүндө баш калкалаган адамдар жана аскерлер эл аралык коомчулуктан жардам сурап жатат. Чек арада үч кыргызстандык Өзбекстандын чек арачыларынын огунан набыт болду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз милициясы кымбатчылык тууралуу такталбаган маалыматтарды таратууга каршы түшүндүрүү иштери башталганын билдирди. Мунун алдында ички иштер министри Улан Ниязбеков азык-түлүк баасынын көтөрүлгөнү жөнүндө жалган маалымат тараткандарга чара көрүлөрүн эскерткен жана бул билдирүү коомчулукта талаш-талкуу жаратты.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров жарандарды кымбатчылыкка байланыштуу чыгымдарды азайтууга, кымбат буюм-тайым сатып албай турууга чакырган.

Улан Ниязбеков баанын көтөрүлгөнү тууралуу жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилигин карап, чара көрүүгө байланыштуу өткөн апта аягында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) коллегиясында атайын тапшырмаларды берген.

Мекеменин басма сөз кызматы "министр тамак-аш, азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү каражаттардын кымбатташы жөнүндө жалган маалымат таркатып, өз кызыкчылыгы үчүн иштеген жарандарды аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартууну, ушуну өзгөчө көзөмөлгө алууну баса белгиледи" деген мазмундагы маалымат тараткан.

Министр мындан улам аймактардагы милиция башчыларына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо бааны негизсиз көтөргөндөргө, кырдаалдан пайдаланып пайда табууну көздөгөндөргө жана аткезчилик менен алектенгендерге чара көрүү, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликти азайтуу чаралары тууралуу жарлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө керектигине токтолгон.

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаевдин пикиринде, мындай тапшырмалардын берилиши орундуу.

"Президенттин жарлыктарын, Жогорку Кеңештин мыйзамдарын бизден башка, милициядан башка эч ким элге жеткире албайт. Ошондуктан министр ушундай тапшырма берсе керек деп ойлойм. Күч органдарынын арасында биздин кызматкерлердин саны көп, алар эл арасында жүрөт. Ушундай тапшырмалардын берилгени бир четинен туура. Бизден башка муну ким айтат? Элдин, коомдун коопсуздугун сактоо милдети милицияга жүктөлгөн. Жагдайды кээ бир жарандар, күчтөр пайдаланып кетпесин деп, алдын ала эскерткиле деп тапшырма берди деп ойлойм".

ИИМдин басма сөз кызматы ушул тушта түшүндүрүү иштери башталганын кабарлады, эгер жалган маалыматка байланыштуу фактылар катталса, аны тараткандардын жоопкерчилиги карала турганын белгиледи. Азырынча министрдин тапшырмасы кантип аткарылып жатканы тууралуу маалымат бере элек.

Деген менен жарандык активист Адил Турдукулов милиция башчысынын соңку тапшырмаларын кызматтык укугунан аша чабуу катары сыпаттады.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Баанын көтөрүлүшү жана бул жагдай тууралуу талкуулар милицияга тиешелүү маселе эмес. Экинчиден, бул бийликтин экономикалык каатчылыкка анча даяр эмес экенин көрсөтүп тургандай сезилет. Керек болсо дүрбөлөңгө түшүп жаткандай деп да түшүнсөк болот. Анткени баа кыска мөөнөттө эле кескин көтөрүлүп кетти. Ага бийликтин экономикалык чаралары жетиштүү эместей туюлат. Алар административдик басым кылып жатканын көрүп жатабыз. Негизинен мындан эч кандай жыйынтык чыкпайт".

Кыргызстанда айрыкча соңку бир жылда азык-түлүктүн, буюм-тайымдардын баасы кымбаттады. Украинада согуштун айынан өлкө экономикасы дагы төмөндөп, баалар асмандайт деген божомолдор бар.

Өткөн айда Дүйнөлүк банк инфляция 18% жетиши ыктымал экенин билдирген. Сырттан акча которуунун кыскарышы, азык-түлүктүн кымбатташы, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнүн азайышы жакырчылыкты ого бетер оорлотот деген божомолун жарыялаган.

Экономист Эркин Абдразаков мындай шартта милициянын аракеттери коомдогу нааразылыкты күчөтүп жибериши мүмкүн экенине токтолду.

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

"Экономикалык каатчылык, баанын көтөрүлүшү айдан ачык эле көрүнүп турбайбы. Бул дүйнөлүк деңгээлде болуп жаткан нерсе да. Анан калса Кыргызстан бардык нерсе менен өзүн толук камсыз кыла албайт. Элге эң керектүү товарлардын баарынын кымбаттап кеткени айдан ачык болбодубу. Аны баары эле талкуулап жатат да. Алар "мамлекет күнөөлүү, аны жок кылыш" деп чакырык деле жасаган жок да. Мамлекеттик органдар канткенде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабыз деген маселелерди туура түшүндүрүп берүү ордуна "эл эч нерсе айтпасын деп тыйганы" өтө одоно көрүнүш. Эгер туура эмес кадамдар болсо, бул маселе саясий жагына ооп кетиши мүмкүн. Нааразылыктын эсебинен мамлекетте төңкөрүштөр болгону, бир топ жетекчилердин кызматтан кеткени учурлары болбоду беле".

Мурдагы бийликтин тушунда, айрыкча коронавирус пандемиясы маалында милиция бийликти сындаган жарандарга кылмыш ишин козгоп, социалдык тармактардагы баракчаларында кечирим сураткан учурлар катталган жана бул сын-дооматка кабылган.

ИИМ анда да бул аракеттерди жалган, бурмаланган маалымат таратууга каршы аракет катары түшүндүргөн.

Өткөн айдын башында Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, чыгымдарды азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырган. Анда ушул тушта экономикалык абал оор экенин, бардык жерде баа көтөрүлүп, кымбатчылык болуп жатканын айткан. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

"Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдырып, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам", - деген Жапаров.

Андан бир ай мурун айрыкча өлүм болгон үйдө мал союлушуна, ысырапкорчулукка тыюу салган жарлык чыгарган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG