Бишкектин Ынтымак конушунда көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Буга жергиликтүү тургундар нааразы. Жашоочулар жерде жарака барын, эки кабаттан өйдө үйлөрдү курууга мурда уруксат берилбегенин айтууда. Мындан тышкары мурда эле баш ооруга айланган суу, жарык, канализация, таштанды маселеси курчуйт деп кооптонушат. Бишкек шаарынын курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы борбор калаа боюнча көп кабаттуу 37 үй мыйзамсыз курулуп жатканын айтууда.
Экономика
шейшемби 31 Май 2022
Акын Мирлан Алтымыш уулу 200 түтүн эл жашаган Токмок шаарынын четиндеги дачада айыл башчы болуп иштейт. Бул жерде жашоочулардын социалдык көйгөйлөрү көп. Ал жакында АКШдагы мигранттардан колдоосу менен дачадагы күйүп кеткен суу насосун алмаштырып, 20 күндөй таза суусуз калган элдин алкышын алды.