Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

Экономика

"Күндөн энергия алуу ГЭСтеги сууну үнөмдөйт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:51 0:00

Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу башталды. “Бишкек-солар” компаниясы бул үчүн 300 млн. доллар керектеп, ага Британия, Кытай жана Казакстандан инвесторлор менен өнөктөштөрдү тарткан.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз коомчулугу өлкөнүн тышкы карызы көбөйүп баратканын талкуулап жатат. Талдоочулар кыргыз бийлиги акыркы 1,5 жылда 1 млрд. доллардан ашуун карыз алганын эсептеп чыккан. Президент Садыр Жапаров журналисттерге курган маегинде тышкы карыз 84 млн. долларга гана өскөнүн билдирди. Финансы министрлиги 2021-жылдын башынан бери кол коюлган каржылык келишимдердин жалпы суммасын 758 млн. доллардан ашык деп жарыялады.

Саясий талдоочу Айданбек Акматов 2020-жылдын октябрынан бери Кыргызстандын тышкы карызына 1 миллиард доллардан ашуун сумма кошулганын жарыялаган. Талдоочу бул мезгилде кимден канча сумма алынганын эсептеп чыккан. Анын эсеби боюнча Кыргызстандын бийлиги 2020-жылдын октябрынан бери Дүйнөлүк банктан 300 миллиондон ашуун, Эл аралык валюта фондунан 210 млн., Азия өнүгүү банкынан 200 млн., Евразия банкынан 160 млн., Кытайдан 154 млн. доллар карыз алууну макулдашкан. Мындан тышкары, Орусия менен Европа Биримдиги да 10 жана 19,4 млн. долларлык жардам берген.

Акматов кыргыз өкмөтүнүн бюджеттин көлөмүн өз эсебибизден өстүрүп жатабыз дегени курулай ооз көптүрүү деп эсептейт.

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

"Мен жалпысынан мамлекетке келип жаткан финансылык жардамдарды айткам. Өкмөт "биз бюджетти 300-400 млрд. сомго чыгардык" деп мактанган. Бул көтөрүүлөрдүн көпчүлүгү эл аралык финансылык уюмдардын жардамдарын, гранттарды кошуп алып эле чындыкка коошпогон маалыматтарды айтканын тактоо үчүн айтылган. Алардын ичинде сырттан алынган карыздар, гранттар дагы бар. Ошого өкмөт аябай чычалап, бир гана тышкы карыз деген сөзгө басым жасап жатат. Тышкы карызга кайсы учурда келишимге кол коюлуп, кайсы учурда түшө баштаганын эсептей баштасак, анда андан да көбөйүп кетиши мүмкүн. Өзүңөр билесиңер, Кытайдан келип жаткан түндүк-түштүк альтернативдик жолун куруу үчүн 1 млрд. 800 млн. доллар карызыбыз бар. Анын баары келип бүткөн эмес, жолдун курулушун улантуу үчүн азыр дагы келип жатат. Аларды дагы кошчу болсок, бул сумма андан бетер көбөйүп кетет".

Акматов президент менен өкмөт башчы баш болгон бийлик 2021-жылы бюджетти ашыгы менен аткарып, жылды профицит менен аяктап жатканын жар салып жүргөндө мындай көлөмдөгү карызды алууга кандай зарылдыктар болгонуна кызыккан.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде тышкы карыз 2021-жылдын башынан бери 84,4 млн. долларга өскөнүн билдирди.

Ал эми Каржы министрлигинин маалыматында, иш жүзүндө 2021-жылдын башынан 2022-жылдын 28-февралына чейин тышкы донорлордон 335 млн. доллар каражат алынган. Анын ичинен 201 млн. доллары насыялык карыз. Бул насыялар түзүмү боюнча мындай көрүнөт:

Булак: КР Финансы министрлигинин расмий сайты
Булак: КР Финансы министрлигинин расмий сайты

Ошол эле маалда, тышкы донорлордон алынган карыздардын 117,13 млн. доллары төлөнүп, жалпы карыздын суммасын азайткан:

Булак: КР Финансы министрлигинин расмий сайты
Булак: КР Финансы министрлигинин расмий сайты

Жаңы алынган карыздар менен төлөнгөндөрүн эсептей келгенде, өлкөнүн тышкы карызы 2021-жылдын башынан 2022-жылдын февралынын аягына чейин 84,38 млн. АКШ долларына өскөн.

Бул сумма үстөгү менен алынган насыялык карыздардын көлөмү. 2021-жылы ар кайсы донорлордон бюджетти колдоого алынган 134 млн. доллар гранттык жардамдар бул суммага кошулбайт.

Каржы министрлиги акыркы 2021-жылдын башынан 2022-жылдын апрель айынын аягына чейин Кыргызстан эл аралык финансылык уюмдар менен 758,3 млн. долларлык келишимге кол койгонун билдирди.

Министрликтин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Акжоловдун билдиришинче бул келишимдер учурда кыргыз парламентинен ратификациядан өтүп жатат.

Нурбек Акжолов, Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы
Нурбек Акжолов, Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы

"2021-жылдын башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин инвестициялык жана бюджеттик жардам алкагында 758,3 млн. АКШ долларына кол койдук. Анын ичинен 291,5 млн. АКШ доллары – гранттык жардам, 466,8 млн. АКШ доллары – насыя. Бул акча каражаты республикабызга толук кандуу түшө элек. 758,3 млн. доллардын ичинен болжол менен 400 млн. доллары ратификация процедурасынан өтүп жатат".

Акжолов учурда иштетилип жаткан насыялардын көпчүлүгү мурдагы бийликтердин учурунда макулдашылган каражат экенин айтууда.

Макулдашылган насыя каражаттардын көп бөлүгү жол, транспорт, айыл чарба инфратүзүмдөрүн жакшыртууга, коронавирус илдети жана жаратылыш кырсыктары менен күрөшүүгө багытталган.

Маселен, 2021-жылы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 1% үстөгү менен 160 млн. доллар насыя алуу келишимине кол коюлуп, учурда ратификациядан өтүп жатат. Фонд Кыргызстанга фискалдык, транспорттук жана энергетикалык тармактарды реформалоо боюнча шарттарды койгон. Коюлган шарттар аткарылса, 2022-жылы 80 млн. доллары келип, калган жарымы 2023-жылы берилет.

Муну менен катар, тышкы донорлордон бюджетти колдоого да каражат алууга келишимдер түзүлүп келет. Алсак, 2021-жылы Орусия Федерациясынан 31,5 млн. доллар бюджеттик жардам катары алынган. Азия өнүгүү банкы менен 190 млн. долларлык келишимдер түзүлүп, анын ичинен бюджетти колдоо үчүн 80 млн. доллар келип түшкөн. Дүйнөлүк банк менен апрель айында Вашингтондо макулдашылган 150 млн. доллар каражаттын 50% насыя, калганы грант болуп эсептелет. Нурбек Акжолов Азия өнүгүү банкы менен макулдашылган каражаттын түзүмүн мындайча түшүндүрөт.

“Былтыр Азия өнүгүү банкы менен электробустарды алып келүү боюнча 50 млн. долларга кол койдук. Эмдөө боюнча 25 млн. долларга кол коюлган. Бюджеттик жардам үчүн 80 млн. долларга кол койгонбуз. Мындан тышкары, жер көчкү кесепеттерине каршы туруу үчүн 35 млн. долларга кол койгонбуз. Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы менен 2021-жылы 190 млн. долларлык келишимге кол коюлган. Анын ичинен бюджетти колдоого берилген 80 млн. доллар 2021-жылдын декабрь айында келип түшкөн. Азия өнүгүү банкы дагы, Дүйнөлүк банк дагы каражаттын 50% насыя, 50% грант түрүндө берет".

Эл аралык валюта фонду 2020-жылы пандемиялык кырдаалда өнүгүп келаткан өлкөлөргө резерв катары каражаттарды бөлгөн.

Каржы министрлиги билдиргендей, 240 млн. долларды (170,2 млн. SDR) түзгөн бул насыя 2021-жылы Улуттук банктагы эсебине келип түшкөн. Бул каражат али колдонула элек.

"Бул 2021-жылы август айында Эл аралык валюта фондунун директорлор кеңешинде чечилген. Пандемия учурунда өнүгүп бараткан көп мамлекеттер кыйын кырдаалда отурат. Ошол себептен Эл аралык валюта фонду резерв катары акча каражатын бөлүп берген. Бул акча каражатын 2021-жылдын март жана май айларында эки транш кылып алганбыз. Ал резерв каражат азыр Улуттук банкта жатат. Биз бул акчаны эч кандай колдонгон жокпуз. 170 миллион SDR деп коёт, бул 240 млн. долларды түзүп калат", - дейт Нурбек Акжолов.

2021-жылы Кытай менен 154 млн. доллар техникалык жардам берүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Каржы министрлиги Кытайдын бул гранттык каражаты бюджеттен тыш, түз эле тиешелүү министрликтерге түшүп, Бишкек-Ош шаарларындагы жолдорду реконструкциялоого жана Чу дарыясынын ирригациялык системасын оңдоого жумшаларын белгилейт.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстанда тышкы донорлордон алынган карыздарды сарптоодогу ачык-айкындыктын жоктугу, ал каражаттардын натыйжалуу иштетилишине кепилдик бербейт деп эсептейт.

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

"Биздин бюджетке канчалык каражат чогулбасын, ал баары бир жетпейт. Анткени, бүгүнкү күндө мамлекетибиздин чыгашалары аябай көп, көп каражат талап кылынат. Бирок, натыйжалуулук маселеси турат. Мисалы, саламаттык сактоо тармагына, билим берүү тармагына айлык акыны көбөйтүү боюнча чыгашаларды көбөйттүк деп жатабыз. Баары бир алардын натыйжалуулук маселеси тура берет. Ал көбөйгөн менен мамлекеттеги ачык-айкындуулуктун, көзөмөлдүн жана натыйжалуулуктун жоктугу ал акчалардын туура сарпталышына кепилдик бербейт. Мурдагы бийликтердин тушунда деле ушундай болгон. Көбөйтөбүз деген менен, анын натыйжалуулугу болгон эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, биз сырттан карыз албай туруп жашай албайбыз. Албетте, бардык эле бийлик айтат, биз көбүрөөк акча чогулттук деп. Чындыгында көбүрөөк акча чогулат. Бирок, алардын натыйжалуулугу келип маселе жаралып калат. Ошондуктан, биз айла жок карыз, насыя же грант алышка мажбур болобуз. Ошонун арты менен гана биз экономикалык кыйынчылыктан, бюджеттин тартыштыгын жаба алабыз».

Бюджет жетиштүү, бирок карыз да керек

Президент Садыр Жапаров январь айында Кыргызстан 2021-жылдын бюджетин 30 млрд. сомго ашыра аткарганын жарыялаган. Өлкө башчынын маалыматына ылайык, өткөн жылы бириктирилген бюджет 281,3 млрд сом деп бекитилип, тартыштык 8,5 млрд сомго болжолдонгон. Жыл аягында бириктирилген бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311 млрд. сомду түзгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев 2022-жылдын 10-февралында Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышып жатып Кыргызстан 2021-жылы тыштан карыз албаганын билдирген. Ал, ошондой эле, өлкө 30 жылдык тарыхында биринчи жолу өз каражатына аскердик техникаларды сатып алганын белгилеген.

Экономист Элдар Абакиров бюджеттин профицит менен аткарылып жатканын жарыялап, ошол эле маалда карыз алуу логикага сыйбай турганын айтты.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

"Албетте, бул логика жагынан туура келбейт. Эгерде бюджет профицит менен аткарылып атса, карыз алып эмне кереги бар? Анын үстүнө биз карызды доллар менен алып жатабыз. Он жылда доллардын куну 47 сомдон 85 сомго чыгып, эки эсе түштү. Биз үчүн сом менен киреше таап, карызды доллар менен жапкан эки эсе оор болуп калды. Негизи, колдон келсе карыз албаганга аракет кылыш керек. Такыр эле кыйналып баратканда же өзүн-өзү актай турган долбоорлорго карыз алса туура болот".

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2022-жылдын 28-февралына карай 5 млрд. 119,15 млн. долларды түзгөн. Анын ичинен ички карыз 817,31 млн. доллар болсо, тышкы карыз 4 млрд. 301,84 млн. долларга жеткен. Муну менен тышкы карыз өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнө карата 53,70% түзүп калган. Тышкы карыздын 1 млрд. 813,74 млн. доллары же 42,2% Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан алынган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG