Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Экономика

БУУ: Украинада орус армиясы сексуалдык зомбулукту токтотсун
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:46 0:00

Орусиянын армиясы Украинадагы сексуалдык зордук-зомбулукту токтотушу керек. Акыйкатчыга жардам сурап кайрылгандардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарына нааразы. Базар-Коргон райондук калкты тейлөө борборуна документ бүткөрүүгө келгендер кезекке түнкү саат үчтөн баштап турат. 

Түркияда соңку 24 жылдан бери инфляция эң жогорку чекке жетти. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, май айында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 73,5% болду. Көз карандысыз изилдөө борборунун маалыматында бул сан 160% ашып кеткен.

Ушул айдын башында Bloomberg телеканалы дүйнөдө 20 өлкөнүн ичинен эң жогорку инфляция Түркияда катталганын, 73% көрсөткүч менен сап башында экенин жарыялады. Андан кийин көптөн бери экономикалык кризисте жүргөн Латын Америкадагы Аргентина (51%) турат.

Инфляцияны изилдеген көз карандысыз борбор (ENAG) өлкөдө экономикалык абал ич жылытарлык эмес экенин, Түркияда жылдык инфляция май айында 160% ашып кеткенин жарыялады. Турак жай, тамак-аш жана үй эмеректеринин баасы мурдагы айларга салыштырмалуу кескин кымбаттаган.

Муну менен катар былтыр түрк лирасынын наркы кескин түшүп кеткен. 6-июнда бир доллар 16,58 лира, евро 17,78 лира болуп калды.

Эмгек жана коомдук коопсуздук министрлиги быйыл эң аз маянанын көлөмүн 4250 лира деп бекиткен. Бааны учурдагы курс менен санаганда 257 доллар.

"Айлык аз, тамак-аш кымбат"

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү кыз-келиндер. Алардын көпчүлүгү аз айлык берилген жумушарда иштейт. Лиранын нарксызданганы азиялык мигранттарга катуу сезилип, алар тапканы эч нерсеге жетпей жатканын айтышат.

Көп жылдан бери Түркияда эмгектенип жүргөн Кундуз Мамбетова экономикалык таңкыстык оболу мигранттарга сокку болгонун айтууда.

Кундуз Мамбетова. Диаспора жыйынында. Стамбул шаары.
Кундуз Мамбетова. Диаспора жыйынында. Стамбул шаары.

"Доллардын кымбатташы бизге залакасын тийгизген жок десек жаңылышабыз. Азыр айлык акы мурдагыга караганда азайды. Түрк иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү лира менен айлык төлөйт. Аны долларга которо келгенде болбогон акча болуп калат. Жашоо кыйындап баратат. Алган айлыгыбыз электр энергиясы, газ, суу, батирге төлгөнгө деле жетпей калат. Азык-түлүктүн баары кымбаттады. Балким, айлыгы көтөрүлгөндөр иштеп жатса керек. Бирок Орусияга кетип жаткандар да бар. Эми согуштан улам ал жакка эмес, Европага кетсекпи деген мигранттар да көп. Алган маянабыз күнүмдүк жашоодон ашпай, кээде Кыргызстанга да сала албай калып жатабыз".

Стамбул шаарында сулуулук салонун иштеткен кыргызстандык Назикат Шаршенбаева учурда жергиликтүүлөргө караганда чет өлкөлүк кардарларды көбүрөөк тейлеп, кирешени көп таба баштаган.

Назикат Шаршенбаева.
Назикат Шаршенбаева.

"Учурда Стамбулдагы түрк кардарларым көп келбей калышты. Азыр дүйнөнүн төрт бурчунан келип, бул жакта той өткөргөндөр көбөйдү. Индия, Америка, Германия, Дубай, Казакстандан да келип жатышат. Мындан улам биздин сулуулук тармагында талаптар көбөйдү. Өзгөчө макияж, чачын жасаткан кардарларым көп. Мисалы, мейманканага барып кыздын чачын жана макияжын жасасам, акысы 100 доллар. Айрым коллегаларым 135 долларга да кылышат. Ал эми колуктуну боёп, чачын жасасам, баасы 250 доллардан башталат".

Анталияда батир ижарасы кымбаттады

Түркиядагы чет өлкөлүк мигранттарга юридикалык жардам көрсөткөн "Лина глобал консалтинг" фирмасынын жетекчиси Халук Атлы үй-жай менен батир баасынын кымбаттаганы мигранттарга кыйын болду дейт.

Халук Атлы.
Халук Атлы.

"Учурда үйдө иштеген мигранттар гана бир аз акча топтоп жатат. Анткени алар үйдө кары-картаңдарды же бала карап иштешет. Көп чыгым кылбайт. Бирок батирди ижарага алып жашаган мигранттардын абалы оор. Айрыкча Анталияда ижара акысы үч-төрт эсе көтөрүлүп кеткен. Орусия, Украина же Беларустан акчалуу туристтер келе баштагандан бери турак жай баасы өстү. Кыйналган мигранттар көбөйдү".

Өткөн айда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинадагы согуштан качып, түрк жергесине кирген качкындардын саны 100 миңге жеткенин айткан. Өзгөчө Анталия жана Мугла аймактарында үйдүн баасы кымбаттап, ижара акысы асман чапчыганы байкалууда.

Ушул айдын башында Түркиянын соода министри Мехмет Муш экспорт май айында өткөн жылга салыштырмалуу 15,2% өскөнүн, бул өлкөгө 19 миллиард доллар киреше алып келгенин жарыялады. Түркия өткөн айда өнөр жай товарларын эң көп Германия, АКШ жана Иракка саткан.

Лиранын арзандашынан пайда тапкандар бар

Көп жылдардан бери Стамбулда дүңүнөн соода кылган Толкун Турдугулова лиранын куну төмөндөп, жергиликтүү товарлар кымбаттаганы менен чет өлкөгө соода кирешелүү болгонун жашырбайт.

"Азыр Түркияда инфляция өсүп, түрк лирасынын куну түшкөнү мага кирешелүү болуп жатат. Анткени мен товарды лира менен сатып алып, Кыргызстанга жөнөтөм. Товар кымбаттады, бирок Кыргызстанда доллар арзандаганы бизге пайдалуу болуп жатат. Анткени ал жактан доллар келет, мен лирага которуп товар салам. Учурда акча которуу көйгөй жаратууда. Мисалы буга чейин иштеп келген "Золотая корона" системасы Украинадагы согуштан улам жакшы иштебей, акчаны Стамбулдан эки-үч саат кезекке туруп, олчойгон комиссия төлөп анан алып жатабыз. Ушул жагы гана оор болууда".

Апрель айынын соңунда президент Режеп Тайып Эрдоган "Инфляция май айынан кийин жаңы таштай турган кадамдарыбыз менен төмөндөй баштайт" деп билдирген. Анткен менен жергиликтүү серепчилер белгилегендей, дал ушул май айында болуп көрбөгөндөй кымбатчылык каптады. Экономисттер азык-түлүк баасы 10% көп өсүп, бир жылда 115% кымбаттаганын белгилешет. Бир жыл мурда бензиндин бир литри 7 лира болсо, ушул күндөрү 25 лира. Талдоочулар бир литр бензин 30 лирага жетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Быйыл 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенип жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG