Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:39

Экономика

Sorry! No content for 19 Июнь. See content from before

ишемби 18 Июнь 2022

Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян, Санкт-Петербург, 17-июнь 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян, Санкт-Петербург, 17-июнь 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумда өлкөсү жалгыз калбай турганын билдирди. Анын жанында отурган казак президенти Касым-Жомарт Токаев расмий Нур-Султан Украина чыгышындагы Орусия колдогон жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын ачык айтты.

Батыш "бойкоттогон" форум

Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форум Украинадагы уруш уланып, Орусия Батыштын "мурда болуп көрбөгөн" санкцияларынан аман калуунун айласын издеп жаткан учурда өттү.

17-июнда форумдун алкагындагы пленардык жыйынга катышкан президент Владимир Путин бир сааттан ашуун сүйлөп, Батыштын Орусияга каршы "санкциялык блицкриги" ишке ашпаганын, орус экономикасы турукташып баратканын айтты.

Ал орус күчтөрүнүн Украинага кол салганын Донбасстагы "өз элин" коргоо аракети катары мүнөздөп, санкциялардан тескерисинче АКШ менен Европа чоң зыян тартып жатканын кошумчалады.

Батыш өлкөлөрү жана расмий Киев Орусия империалдык дымагын ишке ашыруу үчүн Украинага каршы агрессияга барганын билдирип келет.

24-февралдан бери АКШ, Британия, Евробиримдик, Жапония сыяктуу бир топ өнүккөн өлкөлөр Орусияга ири экономикалык жана каржылык санкцияларды салган.

Эл аралык валюта фонду сыяктуу дүйнөлүк уюмдар быйыл санкциялардан улам Орусиянын экономикасы 10-15 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн экенин, санкциялардын таасири жылдын экинчи жарымында сезилерин эскерткен.

Украинада башталган согуш жана санкциялар дүйнөдөгү бир топ мамлекеттерди Орусиядан обочо турууга түрткөнү менен Путин Москва жалгыз эмес экенине ишендирүүгө аракет кылды.

"Батыштагы "досторубуз" канчалык кыялданса да Орусия эч качан өзүн-өзү изоляцияда кармоонун жана автократиянын жолуна түшпөйт. Ал гана эмес биз кызыкдар тараптар менен, иштешкиси келгендер менен кызматташтыкты кеңейтип жатабыз жана кеңейте беребиз. Андайлар көп, бирок аларды санабай эле коеюн. Алар Жер шарындагы адамдардын көбү. Азыр ал өлкөлөрдүн баарын атабай эле коеюн. Баары билишет", - деди Путин.

Бирок кезинде Орусиянын "Давосу" аталган Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга дүйнө лидерлери мурдагыдан аз катышканы Путиндин сөздөрүнө карама-каршы келип турду.

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел 2013-жылы Путин менен чогуу Петербург форумуна катышкан.
Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркел 2013-жылы Путин менен чогуу Петербург форумуна катышкан.

Кезинде бул форумга Ангела Мергел, Кристин Лагард, Антониу Гутерриш сыяктуу эл аралык таасирдүү лидерлер, саясатчылар жана ири компаниялардын жетекчилери катышканы белгилүү. АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык өкүлдөр бул форумга барбай турганын буга чейин эле айткан.

Бул ирет 15-июндан 18-июнга чейин созулган экономикалык иш-чара Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү, Украинанын чыгышындагы эл аралык коомчулук тааныбаган жикчилдердин лидерлери жана социалдык медианын блогерлери катышканы менен дүйнөлүк медианын көңүлүн бурду.

"Путин бир гана жакшы жаңылык айтты окшойт. Бул - эч кандай жаңылыктын жок экендиги. Ал айлантып-тегеретип сүйлөп, өзүн "эң агрессивдүү адам эмесмин" деп көрсөтүү аракетин улантты. Ал кайсы жаңылыкты айтмак эле? "Бизде экономикалык керемет болот, "Талибандан" жана "ДНРден" келген өнөктөштөр бизге экономикалык кызыктуу долбоорлорду сунуштайт, алар менен түзүлгөн кылымда бир болуучу келишимдер орусиялыктардын жашоо деңгээлин көтөрөт" деп айтмак беле? Албетте, жок", - деп билдирди орусиялык саясат таануучу Олег Степанов.

Крымдын аннексиясынан кийин Батыш өлкөлөрүнүн көбү бойкоттогон форумдун негизги жыйынына орус президенти Владимир Путинден башка казак президенти Касым-Жомарт Токаев гана катышты. Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси видео кайрылуу жолдошту.

Токаевдин Симонянга жообу

Токаев Орусия үстөмдүк Евразиялык экономикалык биримдиктин таасирин күчөтүү тууралуу сөз кылганы менен Казакстан үчүн Кытай менен кызматташтык, Бээжиндин "Бир алкак - бир жолу" да маанилүү экенин билдирди. Ал чөлкөмдөгү кырдаалды эске алганда "контр санкциялардан" майнап чыкпай турганын, андан көрө активдүү жана ийкемдүү соода жүргүзүү зарылдыгын, Казакстан "буфердик" рынок болуп бере аларын айтты.

Кантсе да көпчүлүктүн көңүлү Токаевдин трибунага чыкканда окуп берген бул билдирүүсүнө эмес, анын пленардык жыйынды алып барган RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньяндын “Орусиянын Украинадагы атайын операциясы тууралуу оюңуз кандай?" деген тариздеги суроосуна берген жообуна бурулду.

Январь айындагы Казакстандагы кандуу окуяларда Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам суроого аргасыз болгон казак президенти Токаев Путиндин көзүнчө расмий Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айтты.

“Азыркы эл аралык укук Бириккен Улуттар Уюмунун уставына негизделет. Бирок анда камтылган эки принцип бири-бирине карама-каршы келген учурлар катталып калат. Бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгү жана улуттардын өзүн-өзү аныктоо укугу. БУУну негиздөөчүлөр кезинде муну эске албай калган өндөнөт, балким, ал экөө бири-бири менен компромисс табышы керек деп киргизишкен сыяктуу. Мына ошондуктан бизде түрдүүчө түшүнүктөр, ар кандай чечмелөөлөр пайда болот. Бирок эгер улуттардын баары өзүн-өзү аныктоо укугун толук пайдаланса, анда дүйнөдө азыркы 193 мамлекет эмес, 500-600 мамлекет пайда болуп калмак. Албетте, бул башаламандык жаратат. Ушундай эле себеп менен биз Тайванды, Косовону, Түштүк Осетияны, Абхазияны тааныбай келебиз. Луганск менен Донецкидеги, биздин көз карашыбыздан алганда “квазимамлекеттерге” да ушундай эле принцип менен карайбыз”, - деди Касым-Жомарт Токаев.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирген болчу.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Санкт-Петербург, 17-июнь 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Санкт-Петербург, 17-июнь 2022-жыл.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага кол салганын ачык айыптаган эмес, колдогон да эмес. Расмий Нур-Султан бир эле учурда Орусия менен мурдагы мамилесин улантууга аракет жасап, ошол эле учурда Киевге гуманитардык жардам жөнөткөнү, Украинаны колдогон акцияларга уруксат бергени маалым. Токаев украин президент Владимир Зеленскийге телефон чалган Борбор Азиянын алгачкы лидери болгон. Буга чейин казак бийлигинин расмий өкүлү да Нур-Султан Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын Брюсселде билдирген. Талдоочулар Казакстан мындай жолдор менен Батыштын туунду санкцияларын алдын алууну көздөп жатканын айтышкан.

Петербург форумундагы пленардык жыйынды алып барган Маргарита Симоняндын күйөөсү, орусиялык теле алып баруучу Тигран Кеосаян Казакстандын 9-майда Жеңиш парадын өткөрбөө чечимин сынга алганы казак коомчулугунда катуу талкуу жараткан. Коесаян Казакстанда "украин сценарийи" кайталанышы мүмкүн деп эскерткен. Андан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кеосаянды "кара тизмеге" киргизүү жараяны башталганын жарыялаган болчу.

Казакстандын саясат таануучу Досым Сатпаев Фейсбуктагы постунда бул окуяга токтолуп, эми президент Токаевдин Донбасстагы жикчил түзүмдөр тууралуу сөздөрүнөн кийин Орусиянын пропагандалык платформаларынан Казакстанга каршы маалыматтык чабуул башталышы мүмкүндүгүн эскертти.

“Күйөөсү Казакстанды жана казактарды мазактаган Симонянды эки президенттин билдирүүлөрүнүн модератору катары койгондун өзү эле форумдун уюштуруучулары тарабынан ачык чагым. Казакстан Орусия тараптан келген гибриддик согуштун үчүнчү, маалыматтык фазасына кирди. Биринчи фазасы Украинага колдоо көрсөткөн казакстандык жарандык активисттерге каршы чабуулга байланыштуу болчу. Экинчиси - Казакстанда украин сценарийи болот деп жарыялоо аракети эле. Казак бийлиги жана анын өкүлдөрү өлкөнү “өз” жана “өзгө” деп бөлүүнү токтотушу керек”, - деди Сатпаев.

Акылбек Жапаровдун чакырыгы

Украинада согуш башталгандан бери Орусияга салынган санкциялардын таасири бул өлкөгө көп жагынан көз каранды Кыргызстан сыяктуу чөлкөмдөгү мамлекеттерге дароо сезилгени белгилүү.

Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында өткөн "Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты" панелдик сессиясына катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку геосаясий кырдаалда Кыргызстан кандай абалда турганын төмөнкү сөздөр менен туюндурду.

"Эгер глобалдык экономикага коркунуч жараткан тенденциялар жана тренддер пайда болуп жатса, анда улуттук экономикалар, өзгөчө кубаттуу цивилизациялык плиталардын ортосунда кысылып калгандар жана дүйнөдөгү эмгекти бөлүштүрүү рыногунда өзүнүн татыктуу ордун таба элек тараптар тууралуу эмне дей алабыз. Андай өлкөлөр үчүн дүйнөлүк гиганттардын карама-каршылыгында тебелендиде калуу коркунучу жаралууда. Бул багытта Кыргызстанды дүйнөлүк геосаясаттын түйүндөрү таңууланган классикалык, башкалардан бөлөкчө кесилиш деп атасак болот. Биз энергия булактарына байланыштуу бир тарапка, инвестиция жагынан экинчисине, инструменталдык жактан үчүнчү тарапка көз карандыбыз. Бул айтылгандарга төртүнчү тараптын идеологиялык кубаттуу басымын кошуп кое бергиле. Анан силер биз алек болууга туура келип жаткан маселелердин топтомун көрө аласыздар. Бала кезден берки "оңго бурулсаң, атың өлөт, солго бурулсаң өзүң өлөсүң, түз бассаң өзүңөн да, атыңан да айрыласың" деген орус жомогун эстешибиз керек болуп турат. Мындай шартта дүйнөлүк шахмат айдыңындагы алдыңкы оюнчулар учурда кайсы бир саясий маселелерде толеранттуулугун жана нейтралдуулугун сактоого аракет кылып жаткан өлкөлөргө дагы сабырдуураак мамиле кылса дейм. Жалпысынан экономикада биздин союздун айланасында түзүлгөн терс кесепеттердин баарын бир үй-бүлө катары жөнгө салууну каалайт элек", - деди Жапаров.

Форумда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия экономикалык биримдигин "биздин үй-бүлөбүз" деп атады. Бирок уюмдун алкагында соода алаканы аксаткан тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз өкмөтү Орусиянын Украинадагы согушуна нейтралдуу позицияны карманарын билдирип келет. Бирок жазында Бишкекте Орусияны колдоп акцияга чыккандар менен Украинага тилектештик билдирген активисттерге бирдей мамиле жасалбаганын айткандар болгон.

Буга чейин Бишкектеги орус элчилигинин алдында нааразылыкка чыккан бир нече укук коргоочу кармалып, аларга айып пул салынган. Кийин айыпка жыккан сот чечими жокко чыгарылган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги эки фракция Мамлекеттик ипотекалык компаниядан турак жай үчүн насыя алуунун шарттарын талкуулады. Бул компания иштей баштаган 2016-жылдан бери алты миңден ашык киши үйлүү болду. Расмий эсепте Кыргызстанда 200 миңдей адам турак жайга муктаж. Мындай жүрүш менен маселе качан чечилери белгисиз.

Ал эми мамлекеттен ипотекага батир алууну каалагандар бир жагынан документ топтоо татаал экенин, экинчи жагынан айлыктын көзүн карап иштегендердин акчасы жетпей жатканын айтышат.

Ипотека алуунун түйшүгү

Ош шаарынын тургуну Элзара Карагулова жолдошу экөө тең мектепте мугалим болуп иштейт. Айлыктан айлыкка жашаган педагогдордун үй-бүлөсүнүн 2020-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алуу аракетинен жыйынтык чыга элек. Алар биринчи “Арзан турак жай 2015-2020” программасына чуркап ал ишке ашпай калган. Эми “Менин үйүм 2021-2026” долбооруна арыз берип анын жыйынтыгын күтүп жатышат. Мугалим мамлекеттен ипотекага батир алуунун толгон-токой түйшүгү тууралуу айтып берди.

“Жакшы түшүнө албай Мамлекеттик ипотекалык компанияга чалсак, эч ким жооп берген жок. Анан барып 29-мартта гана катталдык. Бирок тизмеден карап, өзүбүздү таппай атабыз. Документ тапшыруу аябай татаал. Документтерди бир айда чогултуп өткөрүп жетишип калышың керек. Бир күн өтүп кетсе да кайра кагаз топтоого туура келет. Жашы өтүп калгандарга андан да кыйын экен. Ипотекалык компанияга ай сайын каражат төккөнгө акчабыз жетчүдөй болуп турат. Бирок баштапкы төлөмгө каражат жок. Мисалы, биз айлык алып аны бир күн ичинде коротобуз да 25-26 күн башка кирешебиз жок. Ошондуктан каражат топтой албайсың”.

Элзара Карагулованын үй-бүлөсүнө окшоп ушул тапта Кыргызстанда миңдеген адам ипотекага үй алуу үчүн аракет кылууда. Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы 17-июндагы жыйынында ушул маселени талкуулады.

Канат Иманов жетектеген “Кыргызстандагы насыя алуучулар” коомдук бирикмеси мамлекеттен ипотекага насыя ала албай жүргөн ондогон адамдын башын бириктирет. Алар кредит алуунун шарттарын жеңилдетип, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуну талап кылып келет.

Канат Иманов.
Канат Иманов.

“Мисалы, бир эле мектепте иштеген эки мугалим Мамлекеттик ипотекалык компанияга бир убакта документ тапшырса бирөөнүкү өтөт, экинчисиники калып калат. Ортого тааныш-билиш салгандардын документи каралат да, таанышы жоктордуку каралбай калууда. Банктан, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан тааныш тапкандар ошентип бат эле үйлүү болушат. Калгандарын “тигил документти алып кел, муну алып кел, мынча балаң бар, кирешең жетпейт” деп убара кылат экен. Анан насыя 4% менен берилет деген менен аны 25 жыл төлөй келгенде 1 млн. сомдун үстүнө 1 млн. сом кошулат”.

Алты миңден ашык киши үйлүү болду

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнованын маалыматына ылайык, “Менин үйүм 2021-2026” программасы боюнча 39 миңден ашык киши компаниянын порталында каттоодо турат. Анын ичинен 12 миңден көбүнүн документи талапка жооп берип жактырылды. 3770 адам банктарга кезекте, 540 киши насыя алуу алдында турат.

Аида Төлөгөнова.
Аида Төлөгөнова.

“Финансы министрлиги быйыл 1 млрд. 800 млн. сом бөлүп берди. Ошонун эсебинен 640 адамга 1 млрд. 594 млн. сом насыя берилди. Финансы министрлиги жыл аягына чейин дагы 3 млрд. 200 млн. сом берет. Министрлик ай сайын 300 млн. сомдон кем эмес акча бөлүп жатат”, - деди Аида Төлөгөнова.

Мамлекеттик ипотекалык компания иштей баштаган 2016-жылдан бери 6795 киши үйлүү болду. Бул үчүн 9 млрд. 700 млн. сом коротулду. Мамлекеттен ипотекага батир алууну каалагандардын көбү Бишкек менен Ош шаарында.

Өкмөт “Менин үйүм 2021-2026” программасы менен беш жыл ичинде 15 миң үй-бүлөнү турак жайлуу кылууну максат кылып жатат. Ушул тапта 967 кожолук батир алды жана бул 6% гана түзөт.0

Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобу да 17-июнда ипотека маселесин талкуулады. Жыйында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев насыя үчүн бюджеттин эле көзүн карабай башка да каржы булактары табыларын билдирди.

“Алдын ала эсеп боюнча 1 млрд. сомго жакын баалуу кагаздарды чыгарабыз. Ошондо дагы 124 млн. сом кошулат. Турак жайга инвестиция салган эл аралык компаниялар менен да сүйлөшүп, 8,4 млрд. сом алып келүү аракетин көрүп жатабыз. Беш жылдын ичинде жалпы каражатты 30 млрд. сомго чейин жеткирүү планын койдук”.

“Турак жай көйгөйү жакын арада чечилбейт”

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 2021-жылдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 200 миң адам турак жайга муктаж. Бийлик 2026-жылга чейин 60 миң кишини үйлүү кылууну көздөп турат.

Турак жай маселеси боюнча иш алып барган экономист Кубан Чороев өлкөдө үйсүз адамдар расмий эсептен алда канча көп экенин, ипотекалык насыя боюнча бийликтин азыркы саясаты менен маселени чечүү жылдап создугуп кетерин айтууда.

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

“Мамлекеттин да, банктардын да ресурсу турак жайы жок адамдардын көйгөйүн чечүүгө жетпейт. Алардын чама-чаркы болгону 1-2% гана көйгөйүн чече алат. Кыргызстанда азыр элдин эң орчундуу социалдык маселеси - бул турак жай. Бул эми жылдан-жылга дагы да курчуй берет. Дүйнөлүк тажрыйбада бул көйгөйдү чечүүнүн эки жолу колдонулат. Биринчиси - банктар аркылуу ипотекага насыя берүү. Бул Кыргызстанда өзүн азырынча актабайт. Анткени бизде мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Экинчиси - турак жай кооперативдери. Мамлекет ушуну колго алыш керек эле. Тилекке каршы, бизде бул жол туура эмес нук менен кетип баратат”.

Мамлекеттик ипотекалык компания 21-февралдан тартып “Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасы менен банктар аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жанданткан.

Мамлекеттик мекемелерде иштегендер ала турган батирдин суммасынын 10%, бюджеттик эмес мекемеде иштегендер 20% төлөшү керек. Насыя 25 жылга чейин берилет.

Жарандар ипотекалык насыя алуу үчүн алгач онлайн арыз жазып, аны Мамлекеттик ипотекалык компаниянын адистери жактырышы керек. Акча РСК, “Айыл банк” жана “Бакай банк” аркылуу берилет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG