Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

«АДИЛЕТ» ПАРТИЯСЫНДА АЖЫРЫМ ПАЙДА БОЛДУ


14 - декабрда «Адилет» саясий партиясынын III-курултайы өттү. Курултайдын жүрүшүндө партияны буга чейин жетектеп келген теңтөрагаларынын бири Марат Султанов күтүлбөгөн жерден кызматынан баш тартты. Бул окуя партиянын ичинде ажырымдын пайда болгонун билдирет дешет «Адилеттин» айрым мүчөлөрү.

Көз жаргандан тартып эле «Адилет» бийликтин партиясы делип келген. Бул сөз тек жеринен чыккан эмес партиянын курамын жалаң мамлекеттик бийлик органдарында иштегендер түзөт. Анын катарын арбытуу максатында бийликтин күчү менен мамлекеттик структурада иштегендерди ылгабастан туруп мүчөлүккө каттоо жүргөн.

Партиянын мындан аркы багыты жана иши да ушундай жол менен уланаарына маакул болбогондугун айткан Марат Султанов курултайдын жүрүшүндө теңтөрагалыктан да, партиянын Саясий Кеңешине кирүүдөн да баш тартты. «Партияны башка принципте түзгөнгө аракет кылдым эле да. Ошондуктан, анын уставына өзгөртүүлөрдү киргизели дедим эле. Партиянын башкаруу органдарын жөнөкөйлөтүп, баштапкы партиялык уюмдарды жандандыралы дедим эле. Бул биринчи. Экинчиден, партиянын негизги идеялогиясы социалдык-демократиялык идея болсо дедим эле. Үчүнчүдөн, курултайда Саясий Кеңештин курамын түзүүдө кичине демократиялык жолдон четтеп кеттик. Активдүү кишилердин көбү Саясий Кеңештин мүчөлүгүнө кирбей калышты. Ушул себептерден улам мен ушундай чечим кабыл алууга мажбур болдум» деди Марат Султанов.

Курултайда Марат Султановдон башка да анын орун басары болуп иштеп келген Илья Борщевский, Иманкадыр Рысалиев жана партиянын жаштар бөлүмүн башкарып келген Жамалбек Ырсалиев Саясий Кеңештин курамына кирүүдөн баш тартышты. Өзүнүн кадамын Жамалбек Ырсалиев, мисалы, «менин отставка берген себебим, бул партияны элдин баары бийликтин партиясы деп түшүнүшөт. Мүчөлөрдүн баары айдалып келгендер. Партиянын санына эмес, сапатына карап, ошону менен бирге бийликтин партиясы эмес, элдин партиясы кылуу керек эле. Анан Саясий Кеңешке жалаң бийлик өкүлдөрү кирип, буга чейин иш жасап келген жаштардан эч ким кирбей калды», деп түшүндүрдү.

Курултайда Саясий Кеңештин курамы 35 адамдан 57ге кеңейтилди. Ага киргендердин аттары аталып бүткөн соң, залда отурган делегаттардан «Саясий Кеңеш жалаң эле чоңдордон болуп калды, анын үстүнө баары шаарда турушат экен, элге, элетке жакындабайлыбы, жерге түшпөйлүбү!» деген пикирлер айтылды. Саясий Кеңештеги М. Султановдун, И. Борщевскийдин, И. Рысалиевдин бошогон орундарына сүр-нары болуп жатышып, айылдыктарды кошушту. «Адилеттин» жаңы төрагалыгына Чүй облусунун губернатору Тойчубек Касымов, теңтөрагалыгына Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жана транспорт жана байланыш министри, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев шайланышты. Өзүнүн жаңы кызматы тууралуу Тойчубек Касымов «мен үчүн бул күтүлбөгөн нерсе болуп калды. Мындан ары «Адилет» деген аттын өзүндөй адилеттик менен социалдык жактан колдоого муктаждарга көмөк көрсөтүшүбүз керек. Бизде бир чоң кемчилик кетип келиптир, жер-жерлер менен байланыш бошоңдоп кетиптир, элибиз менен партиянын ортосундагы байланыш аксап калыптыр - ушуну жолго салышыбыз керек деген ойдомун» деп келечек пландарынан бөлүшө кетти.

Теңтөрагалардын бири Кубанычбек Жумалиев партиянын идеясы күчтүү кыргыз мамлекетин куруу жана президенттин реформаларын колдоо болуп саналат дейт. «Партиянын келечеги кең. Максатыбыз негизинен элдин турмушун жакшыртып, жакырчылыктан чыгууга, президенттин реформаларын колдоп, мындан 2200 жыл мурда пайда болгон күчтүү кыргыз мамлекетин курууга көмөктөшүү болуп эсептелет», дейть ал.

Айта кетүү керек, К. Жумалиев баштаган партиянын мүчөлөрү менен М.Султановду жактагандардын ортосундагы пикир келишпестик мына ушул жерден келип чыккан. Партиянын идеясы тууралуу: «Бүгүн курултайда айтылбадыбы – партиянын идеясы Кыргыз мамлекетүүлүгүн чыңдоо деп. Бирок ошол мамлекетүүлүктү ким кандай түшүнөт – кеп ушунда. Айрымдар мамлекеттүүлүктү күчтүү администрация деп түшүнсө, мен мисалы, аны, элдин күчтүү бийлиги деп түшүнөм. Саясий Кеңештин курамына жалаң бийлик өкүлдөрү кирип алгандыктан, биз баягы эле административдик жолго түшүп алып жатабыз», деди Марат Султанов.

Султановдун курултайда жасаган күтүүсүз кадамын түшүндүүгө аракет кылган Кубанычбек Жумалиев «М. Султанов жаңы Саясий Кеңештин курамында иштебей эле койойун деди. Себеби, Марат Абдразакович партиянын атын, багытын социал-демократиялык кылалы деди эле, бирок аны Саясий Кеңеш колдогон жок. Ошондуктан өзүнүн кадамын ал туура эле негиздеди», деп билдирди.

XS
SM
MD
LG