Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫН КАНДАЙ РЕФОРМАЛОО ЗАРЫЛ?


2-декабрда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстан жарандарынын жалпы аскердик милдеттүүлүгү» жөнүндө мыйзам кабыл алышкан эле. Ага ылайык, аскерге барууну каалабагандар казынага 25 миң сом төлөп берип, армияда кызмат өтөөдөн бошоно алат. Мыйзамдын дагы бир жаңылыгы - аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жарым жылдан бир жылга чейин кыскарат. Мыйзамдын ушул эки өзгөчөлүгү коомчулук жана аскер адамдары тарабынан бир жактуу кабыл алынган жок.

Армияга реформанын зарылдыгы Баткен окуяларынан кийин өзгөчө дайын болуп калган. Бирок армия генерал-депутат Исмаил Исаков сунуш кылган жол менен реформаланабы же жокпу деген маселе президенттин мыйзамга кол коеруна же аны артка кайрышына жараша болот.

«25 миң сом акча төлөп, кызмат өтөөдөн бошонуунун эмне зарылчылыгы бар эле?» деген суроого кечээки аскер адамы, бүгүнкү депутат Исмаил Исаков «18 жаштан 29 жашка чейинки жаштар бир жылда эки иреттен болуп, 18 жолу аскер комиссариатына чакырылат. Бирок ошол чакырылган 10 баланын эки-үчөө гана армияга барат. Бирок аны эч ким билбейт да, акчасын чачып чуркай башташат. Эсептеп көрсөк, жол киресине, аскер комиссариатында иштегендерге берген акчаларынын суммасы биз мыйзамда сунуш кылып жаткандан 4-5 эсе аз көп кетет экен», деп жооп берди.

Исмаил Исаковдун пикиринде, азыр колунда барлардын балдары баары бир аскерден акча төлөп калып жаткан соң, эми ал акчаны аскер комиссариатында иштегендерге пара түрүндө эмес, мамлекеттин казынасына мыйзамдуу төлөп берилиши керек. «Бул акча аскерлердин квартира маселесин, алардын социалдык абалын жакшыртууга жумшалышы керек», деп эсептейт Исмаил Исаков.

Бирок мындай оптимизмди Улуттук Гвардиянын кол башчысынын биринчи орун басары, полковник Владимир Славский бөлүшө албагандыгын айтат. «Мен акча төлөп, аскерден калууну киргизүүгө каршымын, мыйзам алдында президенттин да, колхозчунун же фермердин да баласы бирдей тең болушу керек. Алардын баары армияда кызмат өтөөгө тийиш. Армия мурда Кызыл Дыйкандардын армиясы болсо, азыр ал кыргыз дыйкандарынын армиясы болуп калды. Бир да генералдын же депутаттын жана чоң чиновниктин баласы кызмат өтөгөн жок. Мен аскер комиссариатынын кызматкерлерине сөз келтиргим келбейт, бирок, бул белгилүү да. Эл оозунда элек жок эмеспи, аскер билеттери сатылып эле жатпайбы. Аны ким сатып алып жатат? Ошол эле байлардын, чоңдордун балдары сатып алып жатпайбы, карапайым каратамандар мындай акчаны кайдан алсын?», дейт полковник.

Ал эми аскерде кызмат өтөөнүн мөөнөтүн эмне себептен бир жылга кыскартууну сунуш кылып жатканын Исмаил Исаков «…менин сунушум боюнча армиянын 70 пайызы келишим менен кызмат кылгандар болушу керек. Ал эми калган 30 пайыз курамын бир жылдык гана мөөнөткө чакыруу керек. Мунун эки пайдасы бар: биринчиси, балдар аз мөөнөттүн ичинде автоматчик деген, тыловой деген оңой кызматтарга барат да, 6 айдын ичинде, бир жылдын ичинде үйрөнө турган кызматтарга барат. Бул бир жагы. Экинчиси, биздин аскерге чакыруу оборотубуз көп болот да, көп бала аскердик даярдыктан өтөт», деп түшүндүрдү.

Владимир Славский болсо Исмаил Исаковдун жанылып жатканын айтып, «бир жылга аскердик мөөнөттү кыскартуу тууралуу И. Исаковдун сунушун мен популисттик кайрылуу деп эсептейм. Себеби,И. Исаков аскерге чакырылган балдардын ата-энелеринин алдында «мына, мен бир жарым жылды бир жылга кыскартууга сунуш кылдым, бирок мына, президент каршы болуп жатат, президент жаман» деп айтканга жакшы шылтоо болот. Биз мыкты аскерди даярдоо үчүн бир жыл убакыт коротобуз да, кийинки жарым жылда гана аскер өз кайтарымын берет», деп эскертти.

Мыйзамга карата мамилесин аскердик моонотун Улуттук Гвардияда отоп жаткандардын өздөрү кандай ойдо? Мисалы, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Тельман айылынан келген, азыр Улуттук Гвардиянын байланыш ротасында аскердик милдетин өтөп жаткан Уларбек Сатиев, «менин оюмча, бул мыйзам кабыл алынса байлардын балдары армиядан биротоло эле калып калат, кембагалдардын балдары кызмат өтөгөнүн улантат. Алар атасынын акчасына көбөт, мындайды мен теңсиздик деп эсептейм. Мен мындай мыйзамга каршымын», десе, Кара-Бууралык сержант Рашид Боромбаев «откуп болгондо жалаң байлардын балдары гана армияга кызмат өтөбөй калат. Мен буга каршымын. Аскер үчүн эки же эки жарым жыл болсо жакшы болмок», деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG