Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

ГРЕЦИЯ ЕВРОПА БИРИМДИГИНДЕГИ ТӨРАГАЛЫГЫНДА ЭМНЕГЕ АРТЫКЧЫЛЫК БЕРЕТ?


Улан Алымкул уулу, Прага Жаңы жылдан тарта Европа Биримдигинде Греция төрагалык кыла баштады. Өткөн аптада грек өкмөтү менен Еврокомиссиянын Афинада болгон биргелешкен жыйыны Грециянын алты айга созулуучу төрагалыгынын учурунда кайсы иштерге артыкчылык берилээрин аныктады. Греция Европа Биримдигинде төрагалык кылган жарым жыл ичинде, Ирак маселеси көңүл борборунда болушу мүмкүн.

Өткөн аптада Афинада болгон жыйындан кийин айтылгандай, Европа Биримдиги үчүн өз ара шайкеш келген тышкы жана коргонуу саясатын жүргүзүү -Греция уюмда төрагалык кылган учурда кармана турган негизги приоритеттердин бири. Адегенде эле бул багыттагы иштин жүрүшү Ирак маселесинде сыналышы мүмкүн. Грециянын премьер-министри Костас Симитис ырастагандай, ал азыркы учурда Ирак боюнча окшош турумду камсыз кылыш үчүн Европа Биримдигинин калган өкмөттөрү менен иштешүүдө.

"Мен Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон өлкөлөрдүн премьер-министрлери менен байланыштамын , грек өкмөтү жана тышкы иштер министри Европа Биримдигинин калган мүчөлөрү менен байланышта. Биз азыр аны талкуулап жатабыз жана максатыбыз - окшош турумга жетүү. Биз проблемага байланыштуу баардык фактыларды билбегендиктен, мындай окшош турумга качан жетээрибизди жана эмне болоорун азырынча айтуу эртелик кылат", - деди Афинада болгон басма сөз жыйынында грек премьер- министри Костас Симитис.

Баяндамачылардын пикиринде, Европа Биримдиги Ирак боюнча окшош турумга жетээр-жетпеси январь айынын соңунда эле билиниши мүмкүн. Анда БУУнун курал –жарак инспекторлору Коопсуздук Кеңешине 27-январда бере турган отчетту талкуулоо үчүн уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулат.

Эгер тараптар мунасага жетишсе, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Британия менен Францияга жана ротацияланган мүчөлөрү Германия менен Испанияга, Улуттар Уюмунда Европа Биримдигинин кызыкчылыгын чогуу коргоого мүмкүндүк түзүлөт.

Бирок, баштапкы белгилерге караганда, пикир келишпестик уланчудай. Февраль айында БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Германия төрагалык кылат. БУУдагы немец элчиси өткөн аптада билдиргендей, Иракка каршы согуш үчүн Коопсуздук Кеңешинин экинчи резолюциясын кабыл алуунун кажети жок. Ал эми Европа Биримдигинин Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болгон өлкөсү – Франция - көптөн бери ушул экинчи резолюциянын зарылдыгын коргоп келүүдө.

Айтор, БУУдагы талкуулар кандай жыйынтык берген күндө да Еврокомиссиянын төрагасы Романо Проди өткөн аптада, Афинадагы басма сөз жыйынында уюмдун Иракка каршы согуш чыга турган учурда колдонулуучу планы бар экенин ачыктап, "бизде күтүүсүз жагдай түзүлгөн учурда согуштун гуманитардык кесепеттерин жеңилдетүүгө багытталган пландар бар",- деп билдирди.

Греция Европа Биримдигинде төрага болуп турган учурда, Ирактан башка да көңүл бура турган маселелер жок эмес. Албетте, алардын башкысы – уюмдун кеңейүү жараяны. Декабрда Копенгагенде болгон саммитте белгиленгендей, Европа Биримдигине чакырык алган он өлкө 16-апрелде, Афинада уюмга кирүүнү караган келишимге кол коюшу күтүлөт. Уюмдун кеңейиши ушуну менен эле токтоп калбасы түшүнүктүү. Греция өзү төрага болуп турган учурда талапкерлердин катарына Балкан өлкөлөрүн тартууга дилгир экенин билдирүүдө. Буга байланыштуу Еврокомиссиянын башчысы Романо Проди, алар мындай демилгени кубаттаарына токтолуп, "биз ачык айтышыбыз абзел. Европа Биримдигинин эшиги ачык жана акыр аягында Балкан Европага таандык. Албан иштерди аркалоо зарыл, бирок жыйынтыгында Балкандагы өлкөлөрдүн баары уюмдун мүчөсү боло алат",- деди.

Проди белгилегендей, Балкан өлкөлөрүнүн баары Европа Биримдигине бир учурда кире албайт. Бул жараян талапкерлердин жеке даярдыгына жараша ишке ашырылмакчы. Алгачкылардын болуп, Балкан чөлкөмүнөн Хорватия жакынкы айларда талапкерлик статус алышы мүмкүн. Мындан тышкары, Греция Европа Биримдигинде төрагалык кылган учурда стагнацияда турган экономиканы чыңдоо, мыйзамсыз иммигранттарга каршы күрөшүү маселелерине да көңүл бурулаары талашсыз.

XS
SM
MD
LG