Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

ИРАК СОГУШУ ТУУРАЛУУ ЖАҢЫ СУРАМЖЫЛООЛОР


Нарын АЙЫП, Прага Иракта акыркы күндөрдө куралдуу кагылышуулар көбөйдү жана эки айдын ичинде өлкөдө жыйырмадан ашык америкалык жана британиялык аскер курман болду. Ал эми Америка Кошмо Штаттарында өткөрүлгөн акыркы сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, АКШнын Ирак саясатына болгон өлкөдөгү калктын колдоосу азаюуда.

Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британия Иракка каршы согушту өлкөдө кеңири кыруучу курал өндүрүлгөндүктөн, андан АКШга тикелей коркунуч түзүлүүдө деген себеп менен баштаган. Бириккен Улуттар Уюму жана кээ бир мамлекеттер андан күмөн санап, маселени дагы талкуулаш керек дегенде, АКШ менен Британия өздөрү сунуштаган резолюция долбоорун Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде талкуулоодон баш тартып, өз алдынча согуш баштаган жана ага АКШнын Конгресси дагы, америкалык эл да колдоо көрсөткөн.

1-июлда болсо АКШда эки башка сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланды. "USA Today" гезити, "CNN" сыналгысы жана Гэллап институту биргелешип өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, эгер апрелде америкалык элдин 73 пайызы Иракка каршы согуш туура башталган деген пикирде болсо, андайлардын саны азыр 56 пайызга чейин кыскарган. Апрелде суралгандардын 70 пайызы - Саддам Хусейн кармалат деген ойдо болсо, азыр ага 48 гана пайыз адам ишенет. Ал эми кеңири кыруучу куралдын изи Иракта табылат деп ойлогон адамдардын саны 84 пайыздан 55 пайызга чейин кыскарган.

АКШнын Мэриленд университети тарабынан өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары да америкалык эл арасындагы маанай өзгөрүп баратканын көрсөтөт. Суралгандардын 52 пайызынын ишениминде, Ирактын кеңири кыргын салуучу куралы тууралуу АКШ жетекчилиги элге убагында толук маалымат берген эмес, ал эми 10 пайыз адамдын пикиринде, жетекчилик элге ал тууралуу жөн гана калп айткан. Андан тышкары, суралгандардын 56 пайызы - Саддам Хусейндин "ал-Каида" аттуу террордук уюм менен болгон байланышы тууралуу АКШ жетекчилиги элге же калп айткан, же болбосо толук чындыкты айткан эмес деп ойлойт.

Ирак элинин арасындагы маанай дагы жакын арада америкалыктарга каршы катуу бурулушу мүмкүн. Акыркы мезгилде Иракта улам жаңы куралдуу кагылышуу боло баштады жана эки айдын ичинде өлкөдө жыйырмадан ашык коалициялык аскер каза тапты. 1-июлда Иракта дагы жаңы кагылышуулар орун алып, алты америкалык аскер жарадар болду.

АКШ жетекчилигинин айтымында, бул кагылышуулар Саддамды колдогондордун толук жок болор алдындагы акыркы аракеттери жана аларды жалпы элдин маанайы деп түшүнбөш керек. 1-июлда президент Жорж Буш андай кол салууларды Ирак элине каршы багытталган аракет деп баалады: "Ирактагы кайра курууга каршы чыккандар жөн гана коалициялык күчтөргө кол салган жок, алар Ирак элине каршы чабуул коюуда. Бирок биз Ирак элин жигердүү колдоого алабыз жана алар өздөрү каалаган келечекти курат".

Бирок Иракта жакында болгон бир окуя ойлонтпой койбойт. Дүйшөмбүгө караган түнү Фаллужа шаарындагы америкалык аскерлерге каршы бир нече чабуул жасалган жана андан кандай зыян болгону белгисиз. Бирок анын эртеси, 30-июнда, америкалык учактар шаарды бомбалагандыктан, бир топ имарат, анын ичинде бир мечит кыйрап, алты адам набыт болуп, ондон ашык киши жараат алды. "Франс пресс" агенттигинин кабарлашынча, мечиттин имамы жарадар болуп, кийин анын бир бутун кесип салууга туура келди.

Шаардын кээ бир тургундарынын пикиринде, бул окуя америкалыктарга каршы кеңири күрөштүн башталышы болуп калышы толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG