Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

ИСПАНИЯ ИРАКТАН КЕТИП ЖАТАТ...


Баян Жумакадыр кызы, Прага Расмий Вашингтон испан өкмөтүнүн өлкөнүн Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндөгү чечимине иренжигенин билдирди. 19-апрелде Испаниянын жаңы oкмөт өкмөт башчысы Родригез Запатейро менен телефон аркылуу сүйлөшкөн президент Жорж Буш Испаниядан террорчулардын чырагына май тамыза турган аракеттерден сак болуусун талап кылды. Ал эми мамдепартаменттин башчысы Ричард Баучер аскерлерди чыгарып кетүү жараянын коалициялык күчтөрдүн позициясы менен шакеш келтирүүгө үндөдү.

Испан өкмөтүнүн чечимин комментарийлеп жатып, АКШнын мамдепартамертинин өкүлү Ричард Баучер расмий Мадрид Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүү жараянын коалициялык аскерлердин ыңтайын эске алуу менен уюштура турганына үмүттөнүп турганын айтты:

- Испан өкмөтүнүн мындай капыл-тапыл чечимине капа болуп турабыз.Өзүңөр билгедей, президент кечээ премьер-министр Запатейро менен сүйлөштү. Биз Испания эми өз аскерлерин чыгарып кетүү жараянын коалициялык шериктери менен координациялап, өнөктөрүнө кыйынчылык келтирбей турган жагдайда ишке ашырат деп үмүттөнөбүз, - деди Баучер.

Испан өкмөтү Ирактагы аскерлерин жакынкы 6 жуманын ичинде чыгарып кеткенге ниеттүү.

Испанияга удаа эле Ирактагы аскерлерин Гондурас да чыгарып кете турганын жарыя кылды.Өлкөнүн президенти Рикардо Мадура испан командачылыгы астындагы гондурастык 370 солдат Ирактан жакынкы арада чыгарылып кете турганын айтты.

- Мен бул жөнүндө коалициялаш өнөктөрдү жана жакшы санаалаш өлкөлөрдү кабардар кылдым, - деди Мадурас.

Иракка 500гө жакын инженердик жана медициналык аскердик кызматкерлерин киргизген Тайланд да өзү аскерлеринин өмүрүн мындан ары тобокелге салбай турганын билдирүүдө. Эгерде биздин аскерлерге кол салуу болуп, жоготуулар болсо, мен аскерлерди Иракта кармап тура албайм, - деди Тайланддын премьери Таксин Шинаватра.

Бирок АКШнын калган коалициялык өнөктөрү Италия, Польша, Украина, Болгария, Австралия, Албания жана Япония Иракта кала бере турушканын айтып жатышат.

АКШнын Ирактагы аскердик командачылыгы Нажафта турган испан аскерлеринин чыгарылып кетүүсү Иракта аскердик күчтөрдүн тартыштыгын жаратпай турганын айтып, эрдемсинүүдө. Бирок америкалык генерал Марк Киммиттин мындай билдирүүсү Ирактагы аскердик командачылыктын өткөн жумадагы бир катар кайрылууларына төп келбей турат. Өткөн жумада президент Жорж Буш Ирактагы аскердик командачылык ага өлкөгө кошумча аскер жиберүү өтүнүчү менен кайрылганын жана ал бул өтүнүчтү аткара турганын билдирген эле. Ал эми Пентагон Ирактан мекенине ушул айдын ичинде кайтып кете турган 20 миң америкалык солдаттын кызмат мөөнөтүн дагы 3-4 айга узарткан.

Ирактагы аскерлерди чыгарып кетүү чечимин 20-апрелде парламенттин кароосуна койгон премьер-министр Запатейро Ирактагы согуштун Улуттар Уюмунун макулдугусуз башталып, эл аралык мыйзамга каршы келген кадам болгондугу менен түшүндүрөт. Бирок Испаниянын солчул либерал "Эл Пайиз" гезитинин көз карашында, шии диний лидери Ал-Садрдын испан аскерлеринин тынч чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк бериле тургандыгы жөнүндөгү билдирүүсү Испанияны кыйла оңтойсуз жагдайда калтырып жатат. Ирак согушуна башынан эле каршы чыгып, эми бийликке келгенде элге берген убадасын аткарууга киришкен испан өкмөтү өзүнүн АКШдагы беделин түшүрүп алды,- деп жазат гезит.

Испаниянын чечими Еврошаркет кубануу кабыл алды.

- Испания бул чечими менен Ирак кризисин чечүү үчүн эл аралык коомчулукка кысмак көрсөтүүгө ниеттенип жатат. Эми Испаниянын позициясы биздики менен төп келишти, - деди Eврокомиссиянын төрагасы Ромоно Проди.

XS
SM
MD
LG